Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет102/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   99   100   101   102   103   104   105   106   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

 
Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор:
1. 
Адам болмушунун маңызы эмнеде? 
2. 
Адам жашоосу, өлүмү, өлбөстүк маселесин талдагыла 
3. 
Зомбулук жана эркиндик. Адам эркиндиги жана жоопкерчилиги деген 
эмне? 
4. 
Мораль, адилеттүүлүк жана укуктун карым-катнашы кандай? 
 
Тема боюнча окуп-үйрөнүүчү адабияттардын тизмеси: 
 
1. 
Алексеев П.В., Панин А.В. Философия: Учебник.- М.: Проспект, 
2020. – 592 с. 
2. 
Боженов А.Э. Основы философии. Учебное пособие. – М.: Аспект 
Пресс, 2019. – 608 с. 
3. 
Демина Л.А., Малюкова О.В., Бучило Н.Ф. Философия: Учебник. - 
М.: Проспект, 2020. – 360 с.
4. 
Канке В.А. Философия. Курс для бакалавров: Учебник. - М.: Логос, 
2005. 
5. 
Спиркин А.Г. Философия. Учебник. – 2-е изд. – М.: Гардарики, 2006. – 
736 с. 
 


129 
Тема19. Баалуулуктар жөнүндөгү философиялык окуу 
 
1. Аксиология философиялык окуу катары 
2. Нравалык баалуулуктар. Ар түрдүү маданиятта калыптанган адам 
жөнүндөгү көз караштар 
Баалуулуктар жөнүндөгү окуу аксиология деп аталат. Аксиология - 
кыргызча түшүндүрмөсү кененирээк айтканда – бул кымбаттуулук, баалуулук, 
көөнөрбөс, өлбөс-өчпөс, кылымдар карыткан табияттан, адамдардын колунан 
жаралган, адамдардын өз ара мамилесинен пайда болгон баалуу, ажайып ачык 
турган, адамдардын турмушунун негизинде келип чыккан реалдуу айкындык. 
Аксиология – бул философия илиминин кымбат, баалуу дегенди философиялык 
жактан түшүндүрүү, анын пайда болушунун, коомдогу ээлеген ордун 
үйрөтүүчү окуу. Кымбат, баалуу түшүнүгү тарыхтын, илимдин өнүгүшүндө көп 
жолу адамдардын, коомдун, мамлекеттин, ааламдын, буюмдардын накта 
негизин, адамдардын колунан жаралган материалдык жана руханий 
чыгармачылыктын маңызын баалай билүүдө келип чыккан.
Бул түшүнүккө тарыхый көз чаптырсак, ал байыркы доордо эле пайда 
болгон (ал Сократтын заманына таандык), ар кандай түшүнүктөрдө камтылган. 
Кымбат баалуу деген – бул адамдардын ишмердигинин кызматындагы абал, 
баалуулукка болгон мамиле. Баалуулуктун деңгээлин адамдын коомдук 
турмуштагы чөйрөгө болгон мамилеси аркылуу ченөөгө болот. Табияттын 
кубулуштары, табигый нерселер адамдын чыгармачылык эмгеги чегерилгенде 
гана ал кымбат – баалуулук касиетке ээ болуп, анын сапаттарын камтый алат. 
Баалуулук – бул коомдук касиет жана анын ажырагыс бөлүгү, ал адамдан 
ажырабайт. Кымбат баалуу болуш бул адамдын нравалык, коомдук-саясий, 
ишмердүүлүк сапаттары аркылуу мааниге ээ болот. Баалуулук – ишмердик 
аркылуу аныкталат. Баалуулук ар түрдүү болушу мүмкүн, айтсак: оң же 
тескери, объективдүү жана субъективдүү, материалдык жана руханий, жалпы 
адамзаттык жана жеке, этикалык жана эстетикалык. Баалуулук баа берүү 
аркылуу аныкталынат, ал эми баалоо адамдын ишмердүүлүгүнүн бөлүнгүс 
касиети. Баалоо – бул табияттын жана коомдун, дүйнөнүн баалуулугун сезе 
билүүнүн куралы, баалоодо коомдук жана жекече баалуулуктун биримдиги 
ачылып көрсөтүлөт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   99   100   101   102   103   104   105   106   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет