Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Орто кылымдагы араб-ислам философиясы



Pdf көрінісі
бет33/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

 
Орто кылымдагы араб-ислам философиясы 
Араб-ислам философиясынын калыптанышынын булагы болуп «Калам» 
(Куранды талдоо) эсептелет. Каламдын жактоочулары мутакалимдер деп 
аталган. Мутакалимдердин бир бөлүгү диний окууларды эркин талдашкан, 
мындай ортодокстарды мутазилиттер (традициялуу ишенимден бөлүнгөндөр) 
деп аташкан. Мутазилиттер Кудай атрибуттарынын көптүгүн четке кагышкан, 
Кудай абсолюттук биримдик деп айтышат. Мутазилиттер боюнча кудайдын 
«телосу жок, руху, формасы, тыгыздыгы, каны, субстанциясы же 
акциденциясы» жок. Ал бөлүнгүс, орду жана убактысы менен аныкталбайт. Ал 
бардык жерде бар, боло берет. Башка нерселерге салыштырмалуу алгачкы 
болуп эсептелет. Ал бирден бир түбөлүктүү болмуш. Мутазилиттерге Аль-
Ашари (873-935-жж) каршы чыккан. Анын улантуучулары жана өзү 
(Ашариттер) ортодоксалдуу ишенимди кайра кайтарып алуу жана бекемдөөгө 
умтулушкан. Мутазилиттерге каршы туруп, алар Аллах дүйнөнү эле жараткан, 
анын бардык кубулуштарына өз таасирин тийгизет. Ошондуктан кубулуштар 
кудайдын эркине негизделет, анын эркине адам жашоосу да көз каранды. 
Көптөгөн күрөштөн кийин ашариттер исламдагы үстөмдүк кылуучу концепция 
болуп калган. Ушул эле тарыхый мезгилде араб дүйнөсүндө мистик-суфиттер 
кыймылы жаралат. Алар аскетизмди жакташкан. Теология менен катар 
арабдык-аристотелдик философия өнүккөн. Ал логика, табигый илимдер, 
математика, медицинага кызыккан. Араб философиясынын өкүлдөрү болуп 
чыгышта Аль-Кинди, Аль-Фараби, Ибн-Сина, Батышта – Ибн-Баджа, Ибн 
Туфайль, Ибн Рушд эсептелет. 
Аль Кинди – чыгыш аристотелизминин алгачкы өкүлү. 200 гө жакын 
эмгектин автору. Ал Античтик философияны чыгышка тарата баштаган жана 
философиялык чыгармаларды араб тилине которгон. Аль-Кинди метафизика
логика, математика, астрономия, медицина, метеорология ж.б. кызыккан.


39 
Экинчи дагы бир ойчул Аль-Фараби (870-950-жж) чыгыш элдеринде 
Аристотелден кийинки «Экинчи окутуучу» деген ат менен белгилүү. Философ 
870-жылы Сырдарыянын Фараб деген районунда төрөлгөн. Ал жер азыркы 
Казакстандагы Түштүк-Казакстан областынын Шаульдер районуна таандык. 
Абу-Наср Аль Фараби оокаттуу түрк уруусунан чыккан, анткени, анын толук 
атын айтканда «тархан» деген сөздөн белгилүү: Абу-Наср Мухаммед Ибн-
Мухаммед, Ибн-Тархан, Ибн-Узлаг, Аль-Фараби ат-Турки. Аль Фараби 
жашаган жер тарыхчылар тарабынан өзгөчө жер экендиги белгиленген. 
Маданий жана тарыхый жактан ал Орто Азиядагы отурукташып дыйканчылык 
менен алектенген уруулар. Борбордук Казакстандын көчмөн уруулары менен 
чектеш болгон. Анда ар түрдүү деңгээлдеги маданияты жана салты бар, ар 
кандай 
диндик 
ишенимдерди 
тутушкан 
(шаманизм, 
зороастризм, 
несторианство, манихейство, буддизм) уруулар жана элдер жашаган. 
Аль Фараби дүйнөнүн философиялык концепциясын түзүп ошол 
учурдагы традиция боюнча метафизика деп атаган. «Илимдердин 
классификациясы» деген эмгегинде ойчул метафизика маанилүү орунда дейт. 
Ал тил илими, логика, математика, физика илимдеринин катарында турган, б.а. 
ал башка бардык теориялык илимдердин синтези болуп саналган. 
Метафизиканы 3 бөлүккө бөлгөн. Биринчиси жашап, бар болуп турган 
предметтер жана буюмдар. Экинчиси теориялык жеке илимдердин 
далидөөлөрүнүн негизин үйрөтөт. Үчүнчү бөлүм болсо жашап турган 
материалдык эмес, телого ээ болбогон предметтерди изилдейт. Аль Фарабинин 
онтологиялык окуусу боюнча субстанция – бул болмуш жөнүндөгү окуунун 
чечүүчү категорясы. Субстанция форма менен материянын биримдиги. Форма – 
буюмдардын маңызы жана келбет түзүлүшү, алар түздөн түз берилет. Материя 
– сакталып турган субстрат, кыймыл, өзгөрүү жүрүүчү фон. 
Аль Фарабинин тааным теориясында материалисттик жана идеалисттик 
тенденциялар ачык байкалат: биринчиден адам - дүйнөнү таанууга алып 
келүүчү чыгармачыл башатты алып жүрүүчү; экинчи жагынан таанымдын 
негизги, аяккы пункту – бардык нерселердин алгачкы себепчисинде. Таанып 
билүүдө туюп сезүү негизги ролду ойнойт, анткени ал дүйнөнү таануунун 
бирден бир учуру абстракция же түшүнүктөрдү алууга алып келет. Аль Фараби 
таанып билүү процессин «Бакытка жетүү жөнүндө» деген трактатында ачык 
көрсөтөт. Анда башка эмгектериндегидей эле билим алуу бакытка жетүү деп 
түшүндүрүлөт. Ал эми бакытка жетүү, бактылуу болуу – бул адам жашоосунун 
максаты, ал адам тарабынан курчап турган дүйнөнү жана этикалык нормаларды 
таануу аркылуу ишке ашат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет