Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет38/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Петрарка (1304-13374) болгон. Ал байыркы маданиятты пропагандалап, эски 
кол жазма менен эстелик маданиятын чогултуп, изилдеген. Петрарканын 
чыгармалары үчүн индивидуализм, жаратылышка суктануу, сүйүнүү даңктоо 
мүнөздүү. Бул көрүнүштөр анын сүйгөнү Лаурага арналган ырларында өзгөчө 
ачык чагылдырылган. Петрарка теология, кудайды таанып билүү – адамдын 
иши эмес жеп эсептейт. Ал адамга пайдасыз схоластикалык окумуштуулукту 
«диалектиктердин бекер айтылган сөзү» катары кабыл албайт. Диалектикада, 
схоластикалык окумуштуулукта алектенбей адамдын маселелерине кайрылуу 
керектигин айткан. Биз кимбиз, каяктанбыз жана кайда барабыз. Петрарка 
биринчи планга моралдык философияны койгон. Анын көз караштары 
официалдуу философиянын салттарынан жарылууну, ажыроону түшүндүргөн. 
Петрарка сөздүн маанилүүлүгүн жана жакшы жагын айткан. «Сөз аркылуу 
адамдын жүзү сулуу болот». Петраркада XIV кылымдын экинчи жарымынан 
тартып латын жана грек маданиятына көбүрөөк көңүл бөлүүгө жана байыркы 
маданият аракеттеринин үлүгүсү катары кабыл алуу тенденциясы түзүлгөн. 
Гуманизмдин түзүлүшүнө Джованни Боккаччо (1313-1575-жж.) чоң 
таасир тийгизген. «Декамерон» деген чыгармасында ал дворяндыкка сөз 
тийгизип, республиканы жактаган, көптү билген аң сезимди жана сөздүн жайын 
табуучулукту, жаңы типтеги шаар 


44 
тургунунун ашып-ташкан энергиясын жана активдүү жашоосун даңктаган. 
Боккаччо сатылган, жалган, бузулган рухчулукту айрыкча монархтарды 
шылдыңдаган.
Гуманисттердин катарына Петрарка менен Боккаччонын жолдошу 
Флоренциянын канцлери Калюччо Салютати (1331-1406-жж.) кирген. 
Салютати активдүү жашоонун артыкчылыгы байкоонун алдындалыгын 
далилдейт. «Ишенбе, о Пилигрим, чогулган адамдардан качуу менен аларды 
түртүүгө, изоляцияда болуу менен алыстап кетүүгө сен ушулар менен 
касиеттүүлүккө жол табасың. Тескерисинче мен бай болуу үчүн, сен байкоодо 
болосуң. Өзүңдүн ырахатыңды ойлоо, а мен тескерисинче дайыма кыймылда 
болом, «бийик максатка багытталган, менин аракеттерим өзүмө жана үй 
бүлөмө, эң маанилүүсү менин досторума жана мекениме пайдалуу болсун үчүн, 
ошондо гана ал адамдын коомуна мисал катары кызмат кылышы мүмкүн». Бул 
анын гуманистик көз карашынын негизин түзөт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет