Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет36/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   32   33   34   35   36   37   38   39   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

 
Кайталоо үчүн суроолор 
1. Орто кылымдардагы философиянын өзгөчөлүгү эмнеде? 
2. Батыш Европадагы алгачкы схоластиканын пайда болушу эмне менен 
байланыштуу? 
3. Схоластика менен мистиканын күрөшү жөнүндө эмне билесиң? 
4. Номинализм менен реализмдин ортосундагы күрөш эмне жөнүндө болгон? 
5. Ф.Аквинскийдин философиясынын маңызы эмнеде? 
6. Эмне себептен Ф.Аквинский схоластиканын систематизатору деп аталат? 
7. Орто кылымдардагы араб-ислам философиясынын өзгөчөлүгү эмнеде? 
8. «Чыгыш Ренессансы» деген эмне? 
9. Чыгыш Перипатетикасы менен Аристотелдин окуусунун байланышы барбы? 
10. Аль Фарабинин илим классификациясына анализ жаса. 
11. Аверроизм дегенди кантип түшүнөсүң? 
 
Сунуш кылынган адабияттардын тизмеси 
1. Ильин В.В. История илософии. СПб: Питер, 2003. – 732 с. 
3. История философии в кратком изложении. – М.: Мысль, 1994. – 590 с. 
4. Касымжанов А.Х., Мажиденова Д. Очарование знания. – Ф.: Кыргызстан, 
1990. – 154 с. 
5. Общественно-философская мысль народов Средней Азии. – Б.: Илим, 1991. – 
282 с. 
6. Сагадеев А.В. Ибн-Рушд (Аверроэс). – М.: Мысль, 1973. 
7. Сагадеев А.В. Ибн-Сина (Авиценна). – М.: Мысль, 1980. 
8. Токоева Г.С. Философия тарыхы. Окуу куралы. –Б., 2009. – 324 б 
Тема 4. Кайра жаралуу доорунун философиясы 
1. Кайра 
жаралуу 
доорундагы 
философиянын 
негизги 
белгилери. 
Антропоцентризм жана гуманизм.
2. Кайра жаралуу доорундагы Натурфилософия
3. Кайра жаралуу доорундагы пантеисттик көз караштын өзгөчөлүктөрү. 
Кайра жаралуу доорундагы социалдык-саясий философия 


42 
Кайра жаралуу доору – капиталисттик мамилелердин пайда болушу
улуттук мамлекеттердин жана абсолюттук монархиянын түзүлүшү, терең 
социалдык келишпестиктердин: Германиядагы дыйкандардын көтөрүлүшүнүн, 
Франциядагы 
диний 
көтөрүлүштүн, 
Нидерландыдагы 
буржуазиялык 
төнкөрүштүн түзүлүү убагы. Бул доор коомдун жана маданияттын бардык 
тармагында маанилүү жетишкендиктер менен мүнөздөлөт. Бул убактагы 
италиялык шаар-республикалардын турмушу эң активдүүлүгү менен 
айырмаланган Европанын башка өлкөлөрүнө мүнөздүү болгон феодалдык-
айылдык турмуштун атмосферасы айырмаланган. Бул шаарларда соода менен 
банк иштери өнүгүп өнөр жай мануфактуралары пайда болгон. Кайра жаралуу 
маданияты табият таануу, улуу географиялык ачылыштар менен тыгыз 
байланышкан. 
Кайра жаралуу доорунун философиясын ачык көрүнгөн антропоцентризм 
айырмалап турган. Эгерде адам Орто кылымда өзүнчө каралбастан өзүнүн 
кудайга болгон мамилесинин айланасында каралса, Кайра жаралуу дооруна жер 
жүзүндөгү образда, башкача айтканда, адамды таануу мүнөздүү. Формалдуу 
түрдө бул доордун ойчулдары дүйнөнүн борборуна Кудайды коюшкан, бирок 
айрыкча адамга көңүл бөлүшкөн. Адам саясатта, искусстводо, техникада ж.б. 
жекече чыгармачыл ишкер катары каралган. Феодалдык аскетизмге, чиркөөнүн 
кадыр-баркына, аркы дүйнөгө ишенүүгө ак сөөктөрдүн кызыкчылыктары менен 
жер жүзүндөгү активдүү жашоо карама-каршы коюлган.
Кайра Жаралуу дооору философиясын изилдөөчүлөр негизинен эки 
мезгилге бөлүшөт: 1. Античтик доордогу философиянын жаңы доордун 
талабына ылайыктанышы жана калыбына келтириши – XV кылым (Гуманизм 
мезгили). 2. Өзгөчө өзүнө таандык болгон философиянын калыптанышы – 
Натурфилософия – XVI кылым.
Кайра Жаралуу доору философиясында өзгөчө орун гуманизмге таандык. 
Гумандуулук концепциясынын мазмунуна кайрыла турган болсок, кайра 
жаралуу доорунда акыл эмгегинин мааниси өсүп, эркин кесиптердин түрү 
көбөйдү, ак сөөктүк интеллигенция пайда болду. Гуманисттер эреже катары 
профессионал философтордон болбостон, алар жаңы социалдык чөйрөнүн 
өкүлдөрү – саясий ишмерлер, дипломаттар, филологдор, акындар болушту. 
Гуманисттер байыркы авторлордун чыгармаларын жаңыдан которуп, жоголуп 
кетүүдөн сактап калышты. Айрыкча Лукрецийдин «Нерселердин жаратылышы 
жөнүндө», Диоген Лаэртскийдин «Философтордун жашоону сүрөттөөсү» аттуу 
поэмалары табылып, которулган. Гуманизм мезгилиндеги белгилүү инсан 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   32   33   34   35   36   37   38   39   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет