Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет35/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Ибн Рушд (1126-1198-жж.) араб философиясын жыйынтыктап
схоластикага күчтүү таасирин тийгизген ойчул. Европада ал Аверроэс деген ат 
менен 
белгилүү 
болгон. 
«Төгүндөөнү 
төгүндөө» 
(«Опровержение 
опровержение») деген чыгармасында Аль Газалиге каршы чыгып мындай дейт: 
«Бул ой жүгүртүүнүнүн максаты – диний көз караш менен кароо». Мында дин 
философияга тыюу салбастан, тескерисинче аны менен алектенүүгө чакырат. 
Ибн Рушд боюнча дин – чындык, далилдөөгө (философияга) таянган 
изилдөө дин бекемдеген каршылыкка алып келбейт. Бирок диндин кандайдыр 
бир ойлому далилдөөчү билимге (философия) каршы турса, анда «ыйык» 
тексти анализдөөнүн аллегориялык зарылдыгы келип чыгат. Натыйжада, Ибн 
Рушд философиянын теологияга көз каранды эместиги жөнүндөгү жыйынтыкка 
келет; философия гана чындыкка жетет. Чындык бирөө гана, ал акыл-эстүү. 
Ошол эле учурда Ибн Рушд диндин өзүнө каршы болгон. Ал кудайга ишенүү 
нравалуулуктун негизинде жатат, элдер диний көз карашта кала бериши керек, 
элге философиянын кереги жок. Философ өзүнүн көз карашын өзүндө гана 
кармашы зарыл. Практикалык проблемаларда, мораль жана укук жаатында 
философ динге тутунуп аракеттениши керек. 
Онтологиялык окуусунда Ибн Рушд маңыз жана жашоону айырмалайт; 
маңыз жашоону улайт. Жеке субстанцияда маңыз жана жашоо бири-бирин 
улайт, жеке субстанцияда маңыз жана жашоо биримдикте болот. Дүйнө 
жаратылганбы же ал түбөлүктүүлүкпү, материя жаратылганбы же жаратылган 


41 
эмеспи? деген суроодо ал экинчи көз карашта болгон. Анын оюу боюнча асман, 
жер «жок нерседен келип чыккан эмес, ал аны улаган кандайдыр бир 
болмуштан келип чыккан». Ибн Рушд боюнча материя – обьективдүү түбөлүк 
башбашат, форма түзүлбөйт, ал жаратылбаган материяга таандык; материяга 
форма сырттан келет. Ал Аристотелдик жан жөнүндөгү идеяны өнүктүрөт. 
Ошондой эле жеке өлбөстүктү тааныбайт. Жеке жан тело менен тыгыз 
байланышкан; бир гана акыл түбөлүктүү. Ибн Рушд боюнча жалпы себептик 
байланыш, дүйнөдөгү гармония – адам акылы тарабынан дүйнөнү таанып 
билүүнүн обьективдүү булагы. Тааным процесси – туюмдар аркылуу берилген 
жана акыл менен таанылган жогорулоо болуп саналат. Илимий тааным гана 
максатка жеткирет. Мында туруктуу, чарчабаган акыл эмгеги талап кылынат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет