Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет34/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Ибн Сина (980-1037-жж). Европада аны Авиценна деп айтышкан. Борбор 
Азия жана Иранда жашаган чыгыш-араб маданиятынын көрүнүктүү өкүлү. Ал 
врач, ар түрдүү башкаруучулардын тушунда вазир болуп эмгектенген. Ага 
400дөн ашык чыгарманы таандык кылышат. «Канон врачебной науки» негизги 
эмгеги. Анын беш китебинде медициналык билимдер жана өзүнүн 
тажрыйбасынын жыйындысы жалпыланып, системага салынган. Бул эмгеги 
араб дүйнөсүндөгү жана ага чейинки Европада медицина боюнча методикалык 


40 
көрсөтмө болуп калган. Ибн Синанын негизги философиялык эмгеги – «Книга 
исцеления» («Шыпаа китеби») 18 томдон туруп «Логика», «Риторика», 
«Поэтика», «Физика», «Метафизиканы» камтыган. Чыгармада акыл билими 
менен практиканын ортосундагы байланышты түзүүгө аракет кылган. Бул 
позициясы анын илимдерди классификациясынан көрүнөт. Ибн Сина 
илимдердин баарын экиге бөлөт: теориялык жана практикалык. Теориялык 
илимдер адам ишмердигине көз каранды болбогондорду изилдейт, практикалык 
илимдер ишмердиктин өзүн изилдейт. Теориялык илимдердин максаты 
чындыкка жетүү, ал эми экинчиси жыргалчылыкка жетүүгө умтулат. Логика 
бул классификацияга кирбейт, ал «инструменталдык» илим катары бардык 
башка илимдерден кабар берет. Теориялык билимдерге физика, математика
метафизика кирет. Бул илимдердин ичинде алгачкы (таза) жана экинчилик 
(колдонмо) илимдер бар. «Таза» физика – материя, форма, кыймыл, 
минералдар, жаныбарлар, өсүмдүктөр, жаныбар жана адамдардын жаны 
жөнүндөгү маселелерди камтыйт. Прикладдык физикага медицина, астрология, 
физиогномика, түш жору, талисман жөнүндөгү илим, сыйкырчылык жөнүндөгү 
окуу, ошондой эле алхимия да кирет. «Таза» математика – арифметика, 
геометрия, астрономия жана музыка теориясын камтыйт. Ибн Сина боюнча 
акыл жаны өлбөс, түбөлүктүү. Акыл – субстанция, ал өз болмушунда телого көз 
каранды эмес. Тело өлгөндөн кийин жан өз алдынча жашайт. Жандын башкага 
өтүшү жөнүндөгү идеяга Ибн Сина каршы болгон. Адам жанында теориялык 
жана практикалык акыл бар. Теориялык акыл билимди, практикалык акыл 
нравалык принциптерди иштеп чыгат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет