58
1. XVII кылымдагы философиянын өзгөчөлүгү эмнеде?
2. Ф.Бэкон философиясына индукция эмнени билдирет?.
3. Ф.Бэкондун «идолдору» деген эмне?
4. Р.Декарттын рационалисттик методологиясынын маңызы эмнеде?
5. Р.Декарттын философиясы кандай түрлөргө бөлүнөт?
6. Р.Декарттын адамдагы эки субстанциясы деген эмне?.
7. Т.Гоббстун социалдык саясий концепциясын анализде.
8. Дж.Локктун окуусундагы «биринчи» жана «экинчи» идеялар.
9. Б.Спинозанын рационализмин аныкта.
10. Б.Спинозанын модустары, субстанциясы.
11. Лейбництин монадологиясы.
12. Д.Юмдун этикасы жана эстетикасы.
13. Вольтердин тарых философиясынын маңызы эмнеде?
14. Жан-Жак Руссонун табигый тарбиялоо концепциясын анализде.
15. Гольбахтын онтологиясы жана гносеологиясын анализде.
Сунуш кылынган адабияттардын тизмеси
1. Антология мысли. Немецкая классическая философия. в 2 –х томах. М.,
2000. –Т. 1-2.
2. Введение в философию: Учебник для вузов. В 2-х частях. / Под ред.
Фролова. – Ч. 1-2. – М.:
Политиздат, 1989.
3 Кузнецов В.Н. Франсуа Мари Вольтер. – М.: Мысль, 1978.
4. Кузнецов В.Н. Французский материализм XVIII века. – М.: Мысль, 1981.
5. Лейбниц Г.В. Сочинения: В 4 т. – М.: Мысль, 1982-1989.
6. Локк Д. Сочинения: В 3 т. – М.: Мысль, 1985-1988.
7. Токоева Г.С. Философия тарыхы. Окуу куралы. –Б., 2009. – 324 б.
Тема 6. Немецтик классикалык философия
1.
И.Кант
тарабынан
илимий
билимдин
жалпылыгынын
жана
зарылдыгынын негизделиши
2.
И.Канттын окуусундагы мейкиндик жана убакыт “Өзүнчө болгон
дүйнө” («Вещь в себе»).
3.
И.Фихтенин субъективдүү идеализми. «Мен» ишмердүүлүгү
бардык
нерсенин башаты катары
4.
В.Шеллингдин Натурфилософиясы.
5.
Гегелдин диалектикалык методу. Гегелдин системасы.
6.
Фейербахтын антропологиялык материализми
XVIII кылымдын экинчи жарымы XIX
кылымдын башында Германия
өзүнүн өнүгүүсүндө Англия жана Франциядан артта калган. Немец
буржуазиясы көптөгөн себептерге байланыштуу алсыз болгон жана феодализм
менен ачык күрөшүүнү ойлогон эмес. Ал эл массасынын активдүүлүгүнөн
корккон. Бирок буржуазия феодалдык мамилелерден кутулууну ойлогон.
Буржуазиянын
мындай
эки
жактуулугу
немец
философиясында
чагылдырылган, андан консервативдүү жана прогресивдүү жактарды көрөбүз.
59
Бул мезгилдеги Германиядагы философия
көп жагынан XVIII кылымдагы
француз философиясына окшошуп кетет. Анын негизи болуп абсолюттук
бийликти, сословиялык артыкчылыктарды сындоо жана коомдогу мүчөлөрдүн
граждандык укуктарын негиздөө эсептелет.
Немецтик классикалык философиянын негиздөөчүсү болуп
Иммануил
Кант (1724-1804-жж) эсептелет. Анын
философиялык көз карашы эки
мезгилден турат: - «Сынга чейинки» («докритический») 1770-жылга чейин
жана «сынчыл» («критический»). И.Канттын «Сынчыл»
мезгилиндеги негизги
философиялык чыгармалары болуп: «Таза акыл-эсти сындоо» («Критика
чистого разума»), «Практикалык акыл-эсти сындоо» («Критика практического
разума»), «Ой жүгүртүүнүн жөндөмдүүлүгүн сындоо» («Критика
способности
суждения»). И.Канттын оюу боюнча таанып билүү «өзүнчө нерселердин»
(«вещи в себе») биздин сырткы сезүү органдарыбызга тийгизген таасиринен
жана аны кабыл алуубуздан башталат. Бул көз карашында И.Кант материалист.
Бирок таанып билүүнүн түрлөрү жана анын чеги жөнүдөгү пикири боюнча ал
идеалист жана агностик.
Башкача айтканда, И.Кант биздин түшүнүгүбүздө,
элесибизге бизден көз карандысыз, бизден сырткары
жаткан кандайдыр бир
нерселер – «өзүнчө нерселер» дал келет дегени анын материалисттик
позициясы. Ал эми И.Кант – ошол «өзүнчө нерселер» («вещи в себе») тигил
жактык (потустороний), аны таанып билүүгө болбойт дегени – идеалисттик көз
караш. Ошондуктан, И.Кант философия илиминин тарыхый өнүгүшүндө
«агностиктик» окуунун өкүлү жана трансценденталдык идеализмди негиздеген
философ катары белгилүү болуп калган.
Достарыңызбен бөлісу: