Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет51/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   47   48   49   50   51   52   53   54   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Француз агартуучулугу. Франциядагы революциянын болор алдында 
Агартуучулук калыптанат. Ал феодализмге каршы багытталган коомдук-саясий 
агым. Анын өкүлдөрү коомдогу үстөмдүк кылып турган кемчиликтерди жок 
кылууга, анын нравасын, саясатын, турмуш-тиричилигин өзгөртүүгө жана 
жакшылык, адилеттүүлүк, илимий билимдерди жайылтууга аракет жасашкан. 
Агартуучулук алгач Францияда пайда болот жана ал Англияда, Германияда, 
Россияда, 
Польшада, 
Америкада 
жайылат. 
Агартуу 
кыймылынын 
баштоочулары болуп Пьер Бейл жана Жан Мелье эсептелет. П.Бейл (1647-1706-
жж.) динге ишенүүдө чыдамкайлыкты талап кылат. Табигый акылдын жардамы 
менен жаратылыш инстинктери жана адам эркинин аракет закондору адамды 
чыныгы моралга алып келет, ал диндик көз караштарга көз каранды эмес. 
Атеист адам нравалык касиеттерге ээ. Атеистердин коому, – П.Бейлдин оюу 
боюнча, – өздөрүнүн граждандык жана моралдык милдеттерин так аткарат. 
П.Бейл ишеним менен акылды каршы коөт. Акылдын көз карашы менен 
айтканда рухий кутулуу жөнүндөгү догмат сынга туруштук бере албайт. Ал 
жандын өлбөстүгү жана эрктин эркиндиги жөнүндөгү окууга скептикалык көз 
караш менен караган. Ошондой эле ал субстанция, кыймыл жөнүндөгү 
философиялык окууларга да скептиктик көз карашта караган.
Ал эми Жан Милье (1664-1729-жж.) өзүнөн кийин «Менин осуятым» 
деген эмгегин калтырып кетет. Анда христиандык окуну сынга алат да, андагы 
көп сандаган келишпес пикирлерди, карама каршылыктарды белгилеп 
көрсөтөт. Анын сырынын ири предмети болуп кудай жөнүндөгү окуу жана 
дүйнөнүн кудай тарабынан жаратылгандыгы эсептелет. Ал кудай болмушун 
четке кагат. Ж.Мелье Б.Бейл сыяктуу акыл менен ишенимди каршы коюп, 
динди четке каккан да атеистик жана материалистик дүйнөтаанымды чыныгы 
тааным деп эсептеген. Ал эми адам тарыхы азап-тозоктун тарыхы деп 
кабылданат. Ж.Милье идеалдуу коомдук түзүлүштүн картинасын сүрөттөп 
көрсөтөт. Адамдар жаратылышы боюнча баары тең, теңчилик коом – адептүү 
коом. Француз Агартуучулугу XVIII-кылымдын экинчи чейрегинде 
калыптанган. Ал алдынкы көз караштагы табият таануучуларды, 
философторду, искусство кызматкерлерин, юристерди жана башкаларды 
өзүнчө бириктирген. 
Француз агартуучулугунун көрүнүктүү өкүлдөрү болуп Вольтер жана 
Монтескье эсептелет. Франсуа-Мари Аруэ-Вольтердин (1694-1778-жж.) 
философиялык көз караштары (1716-жылдан баштап өзүн Вольтер деп атаган) 
Дж.Локктун таасири астында калыптанган. Ал тубаса идеялар, тубаса 
принциптер жок деген жана Локктун гносеологиялык концепциясын жактаган. 
«Күмөнсүз, чындыгында биздин алгачкы идеябыз – туюмдар. Акырындык 
менен биз идея алабыз, алар биздин органдарыбызды дүүлүктүрөт; эс тутум 
кабылдоону кармайт. Андан кийин аларды жалпы идеялар аркылуу 
бөлүштүрөбүз. Мындай 


56 
табигый жөндөмдүүлүктөн адамдын кеңири түрдөгү таанымы келип чыгат», – 
дейт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   47   48   49   50   51   52   53   54   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет