54
Англис буржуазиялык революциясынан кийин Англияда материализмден
баш тартуу жана идеализмге багыт алуу ачык көрүнөт.
XVIII кылымдагы
материализмге жана атеизмге каршы чыккан ойчулдардын бири Джордж
Беркли болгон.
Джордж Беркли (1685-1753-жж.) Ж.Берклинин философиясынын
негизинде – «биз жалаң гана өзүбүздүн сезүүбүздү билебиз» деген идея турат.
Материалдык нерселерди жана ошол нерселер чагылдырган сезимдин
ортосунда
айырма жок деп карап, материалдык нерселер өзүнчө, адамдын
сезимине байланышсыз болбойт деп караган. Ж.Берклинин субъективдик–
идеалистик философиясынын борбору болуп – ар кандай нерсенин бар болушу
– бул «субъекттин аны кабыл алып чагылдыруусу» болот деген тезис жатат.
Ж.Берклинин идеясы боюнча окумуштуунун негизги максаты – бул
«бардык нерселерди бир гана материалдык себептер аркылуу түшүндүрүүгө
аракет кылбастан, жараткандын тилин түшүнүп үйрөнүүдө». Ж.Беркли өмүр
бою материализмге жана атеизмге каршы күрөшкөн субъективдүү
идеалист
философ, ал субъективдүү идеализмдин негиз салуучуларынын бири, мына
ушундай ой жүгүртүүсү аркылуу философия илиминде өз изин калтырган.
Дэвид Юм (1711-1776-жж.) Дж.Берклинин философиясына таянып
субъективдүү идеализмди агностицизм духунда өнүктүрөт. Д.Юмдун
философиясындагы негизги ой – факт туюмдар жана эмоционалдык кыйноолор
аркылуу берилет. Адамдар өздөрүнүн тубаса
инстинктинин негизинде
туюмдарга ишенет, буюмдардын жашап тургандыгына ишенет. Бирок,
Д.Юмдун оюу боюнча инстинктивдүү ишенимди рационалдуу негиздөөгө
болбойт. Д.Юм материя түшүнүгүн сындоодо Беркли менен макул болот. Ал
мындай дейт: «Материянын жашап турганын же жашабаганын далилдөө
мүмкүн эмес». Мындан суроо келип чыгат:
Материалдык субстанция
жөнүндөгү биздин элестөөлөрүбүз кайдан келип чыгат? Бул биздин
кабылдоолорубуздун себеби жөнүндөгү маселе менен байланышкан. Мисалы,
лампа жөнүндө кыялдануу пайда болот, натыйжада «лампа»
деп аталган
материалдык объект аныкталат. Д.Юм мындай дейт: «Сезимдик кабылдоо
дүйнөсүнөн сырткары буюм дүйнөсү, материалдык субстанция жашайт.
Субстанция идеясы дегенде акылга эч кандай туюмдар же сезимдер келбейт, ал
ар түрдүү жана өзгөрүлбөс сапаттын кошулуш чекити катары кыялдануу болуп
эсептелет».
Д.Юм биринчи кезекте динди сындайт. Ал диндин келип чыгышы
жөнүндөгү маселени коет. Адамда толук бакытка жетүү каалоосу бар. Адамда
бул
ишке ашпаганда, анда канаттандырылбаган керектөөлөр келип чыгат, ал
иллюзияларга, фантазияларга кайрылат. «Бакытка жана бактысыздыкка алып
келүүчү себептер өтө эле ачык
эмес белгиде жана өтө туруксуз, өзүнүн жеке
тагдыры жөнүндө камкордук көрүү бизди аракеттенүүгө, себептер жөнүндөгү
идеяларга алып келет.
Д.Юмдун бир нече чыгармалары этика жана эстетикага арналган. Өзүнүн
этикасында нравалык нормалар жана иш аракеттер ой жүгүртүүгө гана эмес,
интуиция жана сезимге таянат деген ойду айтат. «Моралдын эрежелери биздин
55
акылдын жыйынтыгы эмес, биздин аракеттерибиздин
баалуулугу акыл менен
макулдукта турбайт». Д.Юмдун чыгармаларында төмөнкү үч мотив үндөшөт:
гедонистик, утилитаристик, альтруистик.
Достарыңызбен бөлісу: