Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет58/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   54   55   56   57   58   59   60   61   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Фейербах, Людвиг Андреас (1804-1872-жж.) 1828-жылы 13-декабрда 
Берлин университетин бүткөндөн кийин Эрланген университетинде 
Фейербахтын «Бирдиктүү жана чексиз акыл жөнүндө» деп аталган 
диссертациясынын ачык түрдө коргоосу болот. Диссертациясын ийгиликтүү 
коргогондон кийин жыйырма бештеги жаш философиянын доктору «Гегелдин 
философиясы» курсун Эрланген университетинде окутуу укугуна ээ болот. 
1829-1832-жылдар аралыгында Людвиг логика, метафизика жана жаңы 
философиянын тарыхы боюнча лекция окуган. Окутуучу болуп иштей 
баштагандан бир жыл өткөндөн кийин 1830-жылы Нюрнбергде биринчи
алгачкы эмгеги жашыруун түрдө басмадан чыгат. Бул эмгек тез эле 
конфискация болуп, жашыруун жагы ачылып, анын автору Людвиг 
университеттен куулуп, окутуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылат.
Окутуучулук мүмкүнчүлүктөн айрылгандан кийин Фейербах жаңы 
философиянын тарыхын окуй баштайт. Натыйжада 1833-жылы «Жаңы 
философиянын тарыхы» деген эмгегинин биринчи, 1837-1838-жылдары экинчи, 
үчүнчү томдору жарыкка чыгат. Фейербахтын оюу боюнча философия 
сезимдик белгилерден башталат жана ал табигый илимдер менен байланышта 
болуш керек. Философия динди алмаштырат, ал адамдарга бакытка жетүүдө 
өзүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүгө түрткү берет. Философия 
антропология б.а. адам жөнүндөгү окуу болуш керек. Жаңы философия, 
Фейербахтын түшүнүгүндө, адамды да, жаратылышты да философиянын 
бирден бир предмети катары карайт. Фейербах идеализмди жана динди 
сындоочулардан болгон. Ал жаратылыштын стихиялуу күчтөрүнүн алдындагы 
коркунучтан жана адамдардын жер бетиндеги кыйынчылыктарынан, жапа 
чегүүлөрүнөн дин пайда болот дейт. Диндин маңызы – адам жүрөгү, ал таза 
жана муздак ой жүгүртүүдөн айырмаланат, ал ишенүүгө жана сүйүүгө аракет 
жасайт. Адамдын кудайга ишенгенинин себеби, анда фантазия менен сезим 
гана болбостон бактылуу болууга аракет да бар. Адам өзгөчө ырахатка ээ 
жандыкка ишенет, анткени анда жыргалчылык жөнүндө түшүнүк бар, ал өзү 
калыптанган адам болууну каалайт: ал өлбөс жандыкка ишенет, анткени ал 
өлүүнү каалайт. 


63 
Фейербахтын бул ойлорунда дин антропологиялык жол менен 
түшүндүрүлөт. Фейербах үчүн кудайдын образы – бул адамдын маңызын 
алыстатуу. Кудай адамдан алыстатылат. Ага өз алдынча жашоону таандык 
кылат жана бардык нерселердин баш башталмасы деп түшүндүрүлөт. Бул 
алыстатуу концепциясы Фейербахтын динди сындоого болгон негизги окуусу 
болуп эсептелет. Фейербах жашап турган дин тарабынан алынып келинген 
реакциячыл мүнөз менен зыяндуулукту белгилейт, ал адамдын жакшы 
турмушка болгон аракетин кесип салат да чыдамкай, ишенимдүү болууга 
мажбурлайт. Фейербах мындай жыйынтыкка келет: чыныгы дин – бул кудайы 
жок дин. Диндик сезим – адамдын индивидуалдуу психологиясына таандык, 
аны жеңүүгө болот. 
Фейербах үчүн жаратылыш – эң жогорку реалдуулук, ал эми адам – 
жаратылыштын эң жогорку продуктысы. Адам менен, адам аркылуу гана 
жаратылыш өзүн туюмдайт, сезет. Жаратылыштан жогору турган жана төмөн 
турган эч нерсе жок, жаратылыш түбөлүк болгон сыяктуу эле чексиз, 
мейкиндик жана убакыт ар кандай болмуш менен маңыздын, ар кандай ой 
жүгүртүү менен ишмердиктин, ар кандай гүлдөп өсүш менен ийгиликтин 
негизги шарттары. Чындыгында эле сырткары турган эч нерсе жок, жаратылыш 
кубулуштары эки жактуу жашоого ээ эмес. Фейербах мындай дейт: 
«Жаратылышта башталыш да, аякташ да жок, баары өз ара аракетте жашайт, 
баары салыштырмалуу, баары бир эле убакта аракет жана себеп абалында, анда 
баары ар жактуу жана өз ара жооп кайтаруу абалында турат». 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   54   55   56   57   58   59   60   61   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет