Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Гегель, Георг Вильгельм Фридрих (1770-1831-жж.)



Pdf көрінісі
бет57/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   53   54   55   56   57   58   59   60   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Гегель, Георг Вильгельм Фридрих (1770-1831-жж.). Г.Гегель көз 
карашы боюнча объективдүү идеалисттик көз караштын негизинде тарыхта 
биринчи болуп философиялык ой жүгүртүүнүн диалектикасын системалуу 
түрдө иштеп чыккан. Гегелдин философиясынын прогрессивдүү жагы – анын 
диалектиканы иштеп чыккандыгы жана консервативдүү жагы – бүтүндөй 
философиялык системасы. 
Гегель бардык табияттын жана коомдун кубулуштарынын негизинде 
кандайдыр бир чексиз, б.а. руханий башталыш жатат деп эсептеген. Бул 
руханий башталышты ар түрдүү терминдер менен атаган: «Дүйнөлүк жан», 
«Чексиз ой пикир». Муну «руханий башталыш» ааламдын, коомдун пайда 
болушуна чейин болот деп аныктаган. Бул башталыш мүнөзү боюнча өтө 
активдүү жана ишмердүү, болгондо да ишмердүүлүгү ой жүгүртүүнүн, ой-
пикирдин чегинде, ичинде болот, тагыраак айтканда өзүн өзү таанып билет. Бул 
«Чексиз идея» (абсолютная идея) бир калыпта турбай, ар дайым өсүп өнүп 
турат, кыймылда болот. «Чексиз идея» өзүнүн өсүп өнүгүүсүндө үч тепкичти 
(этапты) басып өтөт: 1) ой-пикир өзүнүн ичинде бышып, өсүп-өнүгөт, ошол 
жерде өз мазмунун өзүнүн кучагында ачып, логикалык түшүнүктөр бири 
бирине системалык түрдө байланышат жана өтүшөт; 2) ой жүгүртүү «башкача 
болгон» түрдө өсүп-өнүгөт, б.а. табият түрүндө – табияттын философиясы, 
табият өсүп өнүкпөйт, болгону гана анын руханий негизин түзгөн логикалык 
түшүнүктөрдүн өзүнчө өсүп өнүгүшүнүн сырткы көрүнүшү катары кызмат 
кылат; 3) ой-жүгүртүүнүн ой-пикирдин ичинде жана тарыхый өсүп өнүгүүсү 
(руханий дүйнө) – руханий дүйнөнүн философиясы. Ушул деңгээлде «Чексиз 
идея» адамдын ар түрдүү аң сезими жана ишмердүүлүгү түрүндө кайра өзүнө 
кайрылып келет жана өз мазмунуна жетет. 
Гегелдин пикири боюнча, «Чексиз идея» ушундай жол менен өзүнчө өсүп 
өнүгүү процессин жана өзүн өзү таанып билүүсүн аяктайт. Гегелдин 
философиясы өтө татаал, түшүнүшкө кыйын. Анын философиялык оюн 
жөнөкөйлөтүп айтсак: бардык реалдуу жашап жаткан табияттын, коомдун 
негизинде «руханий дүйнө», «чексиз идея», «дүйнөлүк аң сезим» жатат. Табият, 
коом өзүнчө өсүп-өнүгө албайт, тескерисинче «чексиз идея», «дүйнөлүк аң 
сезим», өсүп өнүгүп турат, табият, коомдук өсүп өнүгүүсү «чексиз идеянын», 
«Дүйнөлүк аң сезимдин» бир калыпта турбай өсүп өнүгүүсүн чагылдырып 
турат. Гегелдин оюу боюнча «Чексиз идея», «дүйнөлүк акыл эс» эч кимге, эч 
нерседен көз каранды эмес, бул идея объективдүү түрдө болот да табияттын, 
коомдун өсүп өнүгүшүн аныктап турат. Ушуга байланыштуу Гегель 
объективдүү идеалисттердин көрүнүктүү өкүлү болуп саналат. Бул Гегелдин 
философиясынын системасы.
Ошол эле мезгилде, Гегель диалектикалык көз карашта болгон, 
диалектиканы ар тараптан иштеп чыккан. Анын диалектикалык көз карашы – 
ошол «чексиз идеяны», «дүйнөлүк аң сезимди», «руханий дүйнөнү» тынбай, ар 


62 
дайым кыймылда, ар тараптан өсүп өнүгүп турат, ошого байланыштуу табият 
жана коом өсүп өнүгүп турат – деген ой жүгүртүү. Ушул себептен, дүйнөлүк 
философия илимине кошкон салымы – Гегелдин диалектикалык методду иштеп 
чыкканы. Гегель философиянын үч мыйзамын иштеп чыккан. Айтсак: «Сандык 
өзгөрүүлөрдүн сапатка өтүү мыйзамы», «Биримдик жана карама каршылыктын 
ортосундагы өз ара күрөш». Болгондо да бул мыйзам ар кандай өсүп өнүгүүнүн 
булагы катары каралышында. Үчүнчүсү – «Танууну тануу мыйзамы». Гегель 
мындан башка философиялык түшүнүктөрдү иштеп чыккан: алсак, карама 
каршылык, сырткы түзүлүш менен ички маңыздын өз ара байланышы, ички 
маңызы менен сырткы көрүнүшү ж.б.у.с. Гегелдин философиясында анын 
философиялык системасы (бардыгын «Абсолюттук идея» аныктайт) менен 
илимде кошкон салымы өтө чоң жана ойчулдардын арасында татыктуу, 
көрүнүктүү орунда ээлейт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   53   54   55   56   57   58   59   60   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет