Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет59/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   55   56   57   58   59   60   61   62   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

 
Кайталоо үчүн суроолор 
1. И.Канттын трансценденталдуу идеализминин маңызы эмнеде? 
2. Фихтенин философиясынын маңызы эмнеде? 
3. Шеллингдин натурфилософиясы жана трасценденталдуу философиясынын 
маңызы кайсы 
4. Гегелдин философиялык окуусунун өзөгүн түшүндүр. 
5. Фейербахтын антропологиялык материализминин маңызы эмнеде? 
6. Канттын категориялык императив жөнүндөгү окуусу эмнени билдирет? 
7.Шеллингдин философиясындагы обьективдүүлүк жана субьективдүүлүк. 
8. Гегелдин окуусундагы абсолюттук идеянын маңызы. 
9. Фейербахтын антропологиялык материализми. 
 
Сунуш кылынган адабияттардын тизмеси 
1. Гулыга А.В. Немецкая классическая философия. –М.: Мысль, 1986. 
2. История диалектики. Немецкая классическая философия. – М.: Мысль, 
1978. 
3. История философии в кратком изложении. – М.: Мысль, 1994. – 590 с. 
4. Кант И. Критика способности суждения. – Спб., 1995. 
5. Философия. Уч пособие. Под ред. В.И.Лавриненко. - М., 1996.
6. Кант И. Метафизика нравов / Антология мысли. Немецкая классическая 
философия. – Т. 1. –М.: Фолио, 2000. – 784 с. 


64 
7. 
Кант И. Критика чистого разума. / Пер И.О.Лосского – М.: Наука, 
1999. - 655 с.
8. 
Токоева Г.С. Философия тарыхы. Окуу куралы. –Б., 2009. – 324 б 
Тема 7. Кыргызстанда философиянын илим катары калыптанышы жана 
өнүгүшү 
 
1. Кыргыздардын дүйнөтаанымындагы социалдык-философиялык ойлордун 
элементтери (миф, исламга чейинки диний ишенимдер).
2. Орто кылымдардагы социалдык-философиялык ойлор. 
3. Легендарлуу ойчулдардын дүйнөкарашы 
4. XIX жана XX-кылымдын башындагы социалдык-философиялык ойлор. 
5. Совет доорундагы философиялык ойлордун өнүгүүсү 
Кыргыз эли эң байыркы элдердин бири катары 2200 жылдан мурда эле 
таанылып, өзгөчө өзүнө тиешелүү болгон материалдык, рухий маданиятты 
жараткан. «Кыргыз» деген этноним б.з.ч. 201-жылы эле кытай летопистеринен 
кездешет. Байыркы жана орто кылымдардагы социалдык-философиялык 
ойлорун талдоодон баштайлы. 
Байыркы кыргыздырдын дүйнөтаанымы социалдык-экономикалык 
турмуш шартына ылайык калыптанган көчмөн жашоо образы үстөмдүк кылып, 
чарбасынын негизин малчылык түзгөн. Мына ушундай чарбачылык 
жүргүзүүнүн шартында кыргыз элинин дүйнө таанымы калыптанган. Анын 
калыптануусунун негизги булагы болуп мифология эсептелет. Байыркы 
убуктан бери кыргыздар жашоо тиричилигинде курчап турган обьективдүү 
реалдуулукту кабылдап, кубулуш, буюм, нерселердеги байланыштарды 
чагылдырышкан. Ушундай шартта миф пайда болгон. Миф дүйнөнү туюп 
сезүүнүн өзгөчө түрү, жаратылыш кубулуштары, коомдук турмуш жөнүндөгү 
өзгөчө, образдуу-сезимдик түрдө, синкреттикалык элестетүү болуп саналган. 
Ошондой эле миф коомдук аң сезимдин алгачкы формасы да болуп эсептелет. 
Мифологиялык аң сезим дүйнөнү түшүнүүнүн, аңдап билүүнүн натыйжасы 
жана дүйнөнү өздөштүрүүнүн, таануунун жолу, ыкмалары. Дүйнөнүн биринчи 
жолу бүтүндөй картинасын берген аң сезимдин көрүнүшү. Бул көз караш 
адамдын өзүн өзү аңдап билүүсүн, дүйнөдөгү ордун аныктоого мүмкүндүк 
берген. Бирок мифологияда адамдын өзүнө карата болгон көз карашын, анын 
дүйнөдөн алган орду жөнүндөгү ой жүгүртүүлөрүн ачык түшүнүү 
кыйынчылыкты туудурат. Ага карабастан мифология – байыркы кыргыздардын 
дүйнө түшүнүшүнүн, аны таанып билүүсүнүн жыйындысы деп айтууга болот. 
Мифологиялык дүйнөтаанымда космологиялык көз караштар кездешет. 
Аалам анын түзүлүшү, адам жашоосу жөнүндө ой жүгүртүүлөр бар. Бул көз 
караш боюнча адегенде «көк асман», «кара жер», адам пайда болон. Ал эми 
андан кийинки космологиялык мифтерде аалам түзүлүшү үч сферадан турары 
жөнүндөгү ойлорду айтышкан. Жогорку катмар болуп асман эсептелген
ортоңку катмарга жерди киргизишкен, ал эми төмөнкү катмарга жер алдындагы 


65 
катмар кирерин божомолдошкон. Негизинен байыркы кыргыздардын дүйнө 
кабылдоосуна асманга, жерге, сууга, отко ж.б. сыйынуу сакталып кала берген. 
Кыргыз элинин космогониялык мифтеринде жөнөкөй-реалисттик дүйнө 
кабылдоо чагылдырылат. «Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу», «Ак Сары ат, көк 
Сары ат» деген мифтеринде жети каракчы Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулууну 
уурдап кеткендиги жөнүндө айтылат. Бул үчүн кыздын энеси жети каракчыны 
дайыма түнкүсүн аңдып артынан жүрөт, ал асмандын түндүк жагында. Андан 
ары жети каракчы эки атты Жетигенди аңдышат. Анын жибинин учунда Кут 
Жылдыз турат. Каракчылар аттарды уурдоого аракет кылышат бирок алардын 
тилеги эч качан ишке ашпайт, анткени ар дайым таң атып кетет. Бул дайыма 
түбөлүк кайталанат. Ушуга байланыштуу мындай жыйынтык чыгарууга болот: 
байыркы кыргыздар өздөрүнүн көз караштарында убакыт менен мейкиндиктин 
чексиздиги айтылат. Күн, жыл, ай, жылдыздар жана адам бүтүндүктүн бөлүгү 
катары каралат жана алар өз ара байланышта жана көз карандылыкта 
кабылданат. 
Байыркы кыргыздардын дүйнө таанымы диндин алгачкы формалары 
аркылуу да ачык көрүнүп, мифологиялык жана иллюзордук чагылтуу кездешет. 
Исламга чейинки диний ишенимдер ар түрдүү болгон. Кыргыздар шаманизимге 
ишенип, жаратылыш күчтөрүнө жана өлгөндөрдүн арбагына сыйынышкан. 
Тиги же бул жаныбарды ыйык туткан тотемизм да үстөмдүк кылган. 
Кыргыздардагы кеңири таралган тотем бөрү, бугу болгон. Бөрүнү ыйык тутуу 
көркөм образдуу формада «Манас» эпосунан көрүнөт. Эпосто Манас 
тотемистик белги менен «көк жал» деп айтылат. Мындан сырткары асманга – 
Теңирге сыйынышкан. Теңир жогорку күч, кудай катары кабылданган. 
Жашоодогу кыйынчылык, оор турмуш, кайгы-муң, ийгиликтер, жетишкендик, 
бакыт Теңирге байланыштуу болгон. Кыргыздар Теңирдин колдоосун 
тилешкен, теңир жалгасын деп алкашкан. Теңир – бул көк асман. Ал 
универсалдуу түшүнүк, бардык нерсенин себепкери. Теистик субстанция 
катары Кудайды түшүндүргөн, ал алгачкы башсебепчи, башкы булак, 
жакшылык менен жамандыктын булагы. Кыргыздар Умай-энени ыйык 
тутушкан. Байыркы кыргыздардын көз карашында жашоонун башаты, үй-бүлө, 
балдардын коргоочусу катары Умай-эне кабылданган. Ал жакшылыктын 
башаты жана кут-берекенин алып жүрүүчүсү. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   55   56   57   58   59   60   61   62   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет