Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет55/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   51   52   53   54   55   56   57   58   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Иоганн Готлиб Фихте (1762-1814-жж.) 28 жашында И.Канттын 
эмгектери менен таанышат. Анын анонимдүү түрдөгү «Ар кандай ачылышты 
сындоо тажрыйбасы» чыгармасын И.Канттын эмгеги катары кабыл алышкан. 
1794-1799-жылдары Фихте Йен университетинде профессор болуп эмгектенген, 
атеизмди жайылткандыгы үчүн андан куугунтукталган. 1800-жылдан баштап 
Берлин университетинде иштей баштаган, 1810-жылы биринчи шайлоо жолу 
менен болгон ректор болуп эсептелет. Фихте өзүнүн философиялык окуусун 
«илим жөнүндөгү окуу» («Илим окуусу») деп атаган.
Эң биринчи абал – «Мен-бармын». Фихтенин оюу боюнча баарынан 
мурда биринчи абалды табыш керек, андан бардык башка нерселер чындык 
экенин алат. Мындай алгачкы абал болуп «Мен бармын» эсептелет. «Мен» 
адамдагы өздүктү билдирет, ал башталыш. «Мен» өзүнө өзү окшош экенин 
билдирет: Мен = Мен. Ошондуктан илим жөнүндөгү окуунун абсолюттук 
негизги абалы бул формула менен берилет: «Мен өздүк жеке алгачкы 
болмушту аныктайт». «Мен мен эмести аныктайт». Ар кандай ишмердүүлүк 
анын алып жүрүүчүсүн гана эмес, предметти, анын каршысын аныктайт. Мен 
биринчи аныкталат, ушул Менге гана багыталат. Мендин экинчи аракети (Өзүн 
өзү аңдап билгенден кийин) – өзүнө каршы турганды коюу. Мындан илим 
жөнүндөгү окуунун экинчи формуласы келип чыгат: «Мен – Мен-эмести 
аныктайт». Мен-эмес Менсиз жашабайт. Субьект бар жерде обьект бар. Обьект 
– бул аң сезимдин өзүнө каршы коюлушу жана өзүн айырмалайт. «Мен өзүн 


60 
жана өзүнүн каршысын аныктайт». Бул илим жөнүндөгү окуунун кийинки 
кезектеги кадамы. Мында биринчи жана экинчи формуласы синтездешет. 
Бирок бул абал карама каршылыктуу. Карама каршылык өз ара аныкталуу 
категориясында чечилет. Өз ара аныкталуу деген бул – Мен Мен-эмести 
аныктайт жана Мен-эмес Менди аныктайт. Анткени, ал ишмер, практикалык 
мүнөздө. Ошол эле учурда Мен Мен-эмес аркылуу аныкталат, Мен-эмес – 
элестетүүчү же теориялык дегендик. Ошондуктан илим жөнүндөгү окуу эки 
аспектиден көрүнөт – практикалык жана теориялык. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   51   52   53   54   55   56   57   58   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет