Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет66/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   62   63   64   65   66   67   68   69   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Барпы Алыкулов (1884-1949-жж.) турмуштун оорчулугун социалдык 
теңсиздикти жаштайынан көрөт. Турмуштук байкоолору, реалдуу чындык анын 
дүйнө кабылдоосуна чоң таасир тийгизген. Барпы он үч жашка чыкканда ошол 
учурдагы социалдык тартиптерге карата нааразычылык билдире баштайт. 
Ичкен тамагы «жүгөрүдөн атала», жаткан жери «саманкана» экендигин, кара 
кетмен колунан түшпөй жүргөнүн, кийген кийими жеңи жок чапан, бутунда 
чокой экенин ырында айтат. Алгачкы чыгармаларынан болгон «Барпы жана 
Назар» деген чыгармасында байдын ач көздүгүн, суктугун көргөзөт. Мындан 
Барпынын дүйнө таанымы эмоционалдык-поэтикалык сезимдерге таандык 
экендиги көрүнөт. 
Ал Октябрдын жеңишин даңазалаган адамдардын катарында болгон, 
жаңы тартипти, совет бийлигинин жүргүзгөн саясатын чыгармачылыгында 
кеңири чагылдырууга аракет жасаган. Өзү Кыргызстандын Түштүгүндө Совет 
бийлигин орнотуу ишине катышып, «Кошчу» союзунда иштеген, социалдык 
кайра түзүүлөрдүн чыныгы куруучусу болгон. XX кылымдын 30-жылдары 
коомдогу социалдык, саясий, маданий өзгөрүүлөрдүн таасири менен Барпынын 
дүйнө карашы да өнүгүп өсөт. Ушул учурда анын көзү көрбөй калат, бирок 
талантынан ажыраган жок. Анын чыгармачылыгынын негизги тематикасы 
болуп социалисттик чындык, экономикалык жана социалдык шарттар, адам 
анын эмгеги эсептелген. Ал эми 40-жылдары, айрыкча согуш жылдарында, 
акындын дүйнө таанымында социалдык оптимизмди көрө алабыз. Бир катар 
чыгармаларында адам жашоосунун баалуулугун даңазалап, аны барктай 
билүүгө чакырат. 
Согуш жылдарында Барпы Алыкулов патриоттук маанайдагы 
чыгармаларды жаратат. Анын ырлары адамдарга шык берип, жеңишке үндөп 
турган. Көзүнүн көрбөй калганына карабастан согушка жөнөп жаткан 
жоокерлерди узатып, вокзалга келип ыры менен жеңишке 
үндөгөн. «Кас душманды кармашта, жеңип алса баатырдык, борошолоп ок 
жааса, тосо билген баатырдык» - деп патриоттуулукка, эрдикке чакырат. Ал 
өзүнүн согуш майданына барып, душман бетме-бет келе албаганын түшүнүп, 
ыры менен жеңишке жетишүүгө жардам берет. Анын жилософиялык маанидеги 
ырлары дүйнө, адам жана анын ишмердиги тууралуу болуп, терең маңыздуу 
ойлорду берет. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   62   63   64   65   66   67   68   69   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет