120
2020. – 592 с..
2.
Боженов А.Э. Основы философии. Учебное пособие. – М.: Аспект
Пресс, 2019. – 608 с.
3.
Демина Л.А., Малюкова О.В., Бучило Н.Ф. Философия: Учебник. -
М.: Проспект, 2020. – 360 с.
4.
Канке В.А. Философия. Курс для бакалавров: Учебник. - М.: Логос,
2005.
5.
Спиркин А.Г. Философия. Учебник. – 2-е изд. – М.: Гардарики, 2006. –
736 с.
Тема 17. Коом система катарында. Жарандык коом жана анын тутуму
1.
Коом өзүнөн өзү өнүгүп туруучу система катары. Материалдык
өндүрүш жана өндүрүш жолу түшүнүктөрү
2.
Жарандык коом жана анын түзүмү
3.
Социалдык байланыштар системасындагы адам. Адам жана
тарыхый процесс. Инсан жана масса, эркиндик жана зарылдык
4.
Коомдук өнүгүүнүн формациялык
жана цивилизациялык
концепциясы
Коом – бири бири менен активдүү карым катнашта болгон адамдардын
биргелешкен жашоосу. Алар өздөрүнүн турмуштук зарыл керектөөлөрүн
канаттандыруу үчүн бири бири менен байланышка барат. Коом – кең мааниде –
жаратылыштан айырмаланган материалдык дүйнөнүн бир бөлүгү, адамдардын
өз ара байланышы жана мамилесин бирге караган адамдардын тарыхый жактан
өнүккөн турмуш тиричилигинин формасы. Коом тарыхый жактан калыптанган
социалдык уюшулуш же индивиддердин структурасы, жыйындысы, социалдык
группалар, эмгек коллективдери ага кирген мүчөлөрдүн жашоосун камсыз
кылуу үчүн зарылдык катары калыптанат. Ошондой эле билимдерди, салт-
санааны, маданиятты, чарбалык түзүлүштү сактоо, өнүктүрүү жана өткөрүп
берүү үчүн материалдык, экономикалык байлыктарды өндүрүү жана турмуштук
керектөөлөрдү канаттандыруу үчүн зарыл болуп эсептелет.
Коом – өзүнөн өзү өнүгүүчү, өзүн өзү башкаруучу бирдиктүү система,
анда өз ара тыгыз байланышкан
социалдык топтордун, таптардын, социалдык
группалардын, үй бүлөнүн, индивиддин экономикалык, маданий, илимий,
ишмердүүлүгү ишке ашат.
Коомдо мамлекеттин, анын органдарынын, коомдук институттарынын,
уюмдардын, социалдык кыймылдардын ишмердиги ачык көрүнөт. Коом өзүнүн
жашоосу жана өнүгүүсүнүн жолу менен башка
бардык реалдуу системадан
айырмаланат. Адамдар ортосундагы мамилелер туруктуу мүнөзгө ээ болуп
коомдук мамилелердин жыйындысын түзөт. Коомдук мамилелер – адамдардын
биргелешкен практикалык жана рухий ишмердиги процессинде жөнгө
салынуучу мамилелери. Ал материалдык жана идеологиялык болуп бөлүнөт.
Материалдык байлыктары өндүрүү адам коомунун жашоосунун жана
өнүгүүсүнүн негизин түзөт. Ошондуктан коомдук мамилелердин ичинен
121
негизги болуп экономикалык, өндүрүштүк эсептелет. Өндүрүштүк мамилелер
бардык башка – саясий, укуктук, нравалык, диндик ж.б. коомдук мамилелердин
мүнөзүн аныктайт.
Адамдардын ишмердүүлүгү жана алардын коомдук мамилелери коомдук
болмуш деп аталат. Коомдук болмуш –
бул коомдун турмушунун
экономикалык материалдык жагы, б.а. баарынан мурда материалдык
байлыктар, б.а. материалдык байлыктарды өндүрүү жана аны менен
байланышкан коомдук мамилелер. Коомдук болмуш бул объективдүү коомдук
чындык, социалдык материя.
Базис жана надстройка – бул бүтүндөй бир коомдун өз ара ажырагыс
жана тыгыз бир бири менен байланышта болгон эки жагын көрсөтүп туруучу
философиялык түшүнүктөр. Базис жана надстройка коомдун экономикалык
жана ой пикир (идеясы) мамилелеринин байланышын ачык дааны көрсөтөт.
«Базис» деген түшүнүк коомдун өндүрүштүк мамилелеринин, анын
экономикалык түзүлүшүн, негизин көрсөтүп турат, ал эми «надстройка» деген
коомдо экономика менен катар эле коомдук ой пикир (идеялар), уюмдар жана
уюмдук мамилелердин бар экендигин көрсөтөт. Надстройкага,
идеяларга, ой
пикирлерге саясий, укуктук, моралдык, көркөмдүк, философиялык-диндик көз
караштар кирет. Бул идеялар коомдук аң сезимдин түрлөрү деп аталат. Алар
коомдо үстөмдүк кылган экономикалык мамилелерди, коомдун экономикалык
түзүлүшүн экономикалык негизин чагылдырат. Надстройкага идеологиялык
мамилелер да кирет. Идеялар, уюмдар жана мекемелер надстройка делип
аталышынын себеби, анткени булар өзүнүн ички мазмуну боюнча коомдук-
экономикалык түзүлүшүнүн негизин чагылдырат жана пайда болот. Базис
надстройкага
салыштырганда биринчи, негизи жана анын ички мазмунун
аныктоочу.
Материалдык өндүрүшсүз коом жашабайт, ошондуктан ар кандай коом
аны өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Мында адамдардын жашоо деңгээлин
жогорулатуу, социалдык жана руханий сфераларын өнүктүрүү маселеси
чечилет. Материалдык байлыктарды өндүрүү жолунун эки жагы бар: өндүргүч
күчтөр жана өндүрүштүк мамилелер. Өндүргүч күчтөр – биринчи кезекте
билимге, ык-машыгууларга ээ болгон адамдар жана эмгек предметтерин, сырье,
материалдар,
курал-жарактар, курулуш, транспортту өзүнө камтыган өндүрүш
каражаттары. Ал эми өндүрүштүк мамилелер – бул өндүрүш процессинде
адамдар ортосунда пайда болгон мамилелердин жыйындысы; баарынан мурда
өндүрүш каражаттарына болгон менчик мамилелси дегендик. Өндүрүштүк
мамилелер – эмгектин бөлүнүшүнүн натыйжасында адамдар ортосундагы
ишмердикти алмашуудагы мамилелер. Мисалы, дыйкан же фермер өзүнүн
эмгегин коомго же башка адамдарга сунуштайт, ошол учурда ал башка
адамдардын кызматынан пайдаланат; натыйжада ал
башка кесиптеги
адамдардын эмгегин пайдаланат жана ишмердикти алмашат. Тагыраак
айтканда өндүрүштүк мамилелер – бул материалдык байлыктарды өндүрүү,
бөлүштурүү, алмашуу жана керектөө процессинде түзүлгөн адамдар
ортосундагы мамилелер.