Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет10/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Сөздүк: 
парз- милдет 
нукура- чыныгы 
чордону- башталышы 


29 
(Ч.Айтматов). 
1-көнүгүү. Сүйлөмдөрдү сөз айкаштарына ажыратып жазгыла.
Мен туулган жерим менен абдан сыймыктанам. 
1........ 2........ 3........ 
Биздин Шекер- эң чоң айыл. 
1........ 2........ 3........ 
2-көнүгүү. Сөз айкаштарын тапкыла. 
Туулган жерим, жашайм, Шекер айылы, жакшылык- жамандык, эр жеткен 
жигиттер, заман өзгөрүлдү, келечек көрсөтөр, Мекен, сөз, борбор. 
3-көнүгүү. Таблицага мисалдарды жазгыла. Ким туура жана көп табат? 
Сөз 
Сөз айкашы 
Сүйлөм 
айыл 
айылдан башталат 
Ааламга жол айылдан 
башталат. 
4- көнүгүү. Кашаанын ичиндеги сөзгө мүчөлөрдү улап, сөз айкаштарын 
түзгүлө. Аларды көчүрүп жазгыла. 
(айыл . . . ) баруу, (ата- баба . . . ) жери, (булак . . . ) чордону, (мен . . . ) 
Мекеним, (балдар . . . ) үйрөтүү. 
5- көнүгүү. Төмөнкү сөз айкаштарын катыштырып, сүйлөмдөрдү түзгүлө. 
Менин айылым, айылга барам, туулуп- өскөн жер, атамдын туугандары. 
6- көнүгүү. Сөз айкаштарын окуп чыккыла. Мүчөлөрдүн жардамы менен 
түзүлгөн сөз айкаштарын өзүнчө, мүчөлөрсүз байланышкан сөз айкаштарын 
өзүнчө көчүрүп жазгыла. 
Туулган жер, шаардык балдар, Мекендин борбору, келин алуу, кыз берүү, 
жамандык- жакшылыкта катташуу. 
Сөз айкашы негизги жана багыныңкы сөздөн турат. Мисалы: ыйык Мекен, 
туулган жердин топурагы, айылга баруу деген сөз айкаштарындагы негизги 
сөздөр- Мекен, топурагы, баруу, ал эми багыныңкы сөздөр- ыйык, туулган 
жердин, айылга. 
7- көнүгүү. Сөз айкаштарынын тутумундагы негизги сөздүн алдын сызып 
жазгыла. 
кооз жер, көпкөк асман, айылдын эли, Мекени менен сыймыктануу, 
ата- бабанын Мекени, өлкөнүн борбору. 
8- көнүгүү. Төмөнкү сөз айкаштары кайсы сөз түркүмдөрүнөн түзүлгөндүгүн 
айтып бергиле, 1-3-сөз айкаштары менен сүйлөмдөрдү түзүп, дептериңерге 
жазгыла. 
Шекер айылы, айылга каттоо, салкын аба, Мекенин сагынуу. 


30 
9-көнүгүү. Өз айылыңар жөнүндө аңгеме жазып, андан 5 сөз айкашын бөлүп 
көрсөткүлө. 
текстти окутуу, түшүнүгүн айттыруу, өз айылы (шаары) жөнүндө, аңгеменин 
автору жөнүндө аңгемелешүү; 
Сөздүк менен иштөө: парз, нукура, чордону деген сөздөрдүн 
чечмеленишин дептерлерине көчүрүп жаздыруу. Алар менен сүйлөмдөрдү 
түздүрүү. 
Жекече иштөө: сүйлөмдөрдү сөз айкаштарына ажыратуу, сөз 
айкаштарын табуу тапшырмаларын өз алдынча иштешет. 
Топто иштөө: таблицаны мисалдар менен толтуруу, сөз айкаштарын 
катыштырып, сүйлөмдөрдү түзүү тапшырмаларын топто иштешет, 
презентациялашат. 
Жыйынтыктоо: Бүгүнкү сабакты сөз айкашы, анын тутумундагы 
негизги жана багыныңкы сөздөрдү үйрөнгөндүктөрүн, Ч.Айтматовдун 
«Айылым» тексти менен таанышып, анын негизинде көнүгүүлөрдү 
иштегендиктерин мугалимдин жардамы менен айтышат. 
Үй тапшырмасы: өз айылы жөнүндө аңгеме жазып, андан 5 сөз 
айкашын бөлүп көрсөтүү тапшырмасы берилет.
Окуучулардын билимин баалоо: окуучулардын билими сабактын 
көрсөткүчтөрүнүн негизинде бааланат. 
Сабактын жүрүшүндө мугалим окуучунун алдына окуу маселесин коѐ 
алды жана ал маселени окуучулардын өз алдынча аткаруусуна, көнүгүү, 
машыгуу иштерин аткаруусуна жетише алды. 
Жогоруда айтылган окуучунун алдына окуу маселесин коѐ билүү жана 
окуучулардын коюлган маселени өз алдынча аткаруусуна жетишүү, б.а. 
окуучунун өз алдынча изденүү, талдоо, жыйынтык чыгаруу жөндөмдүүлүгүн 
калыптандыруу үчүн сабактагы окуу кызматташтыгы чоң роль ойнойт. (34, 
21- б.) 
Л.С.Выготскийдин айтуусу боюнча окуу кызматташтыгы мугалим менен 
окуучулардын жана окуучулар менен окуучулардын ортосунда болушу 
мүмкүн. Биринчи кезекте мектепте окуучуга ырааттуу түрдө илимий билим 
алуу сунуш кылынат. Бул үчүн окуучу өз кезегинде мугалим менен 
кызматташ 
болуусу 
керек. 
Сабакта 
мугалим 
менен 


31 
окуучулардынортосундагы кызматташтык эмоционалдуу, предметтик- 
иштиктүү, оюн формасында болот. 
Окуучу мугалим менен кайсы учурда кызматташат? 
1) жаңы маалымат алууда ага белгисиз маселелер болгондо
2) алдыга коюлган маселени чечүүдө өз билимин жетишсиз деп
эсептегенде. 
Окуучу менен мугалимдин ортосундагы окуу кызматташтыгы- бул 
баланын окууга болгон жеке жөндөмдүүлүгүнүн ишке ашышы. Ал эми 
окуу кызматташтыгы жана окууга болгон жөндөмдүүлүк- бир эле 
түшүнүктүн башы менен аягы. Окууга жөндөмдүү окуучу билим алуунун 
бардык булактарына кайрылат: китептерге, интернет булактарына, музей 
материалдарына, массалык маалымат каражаттарына, энциклопедияларга, 
же бардыгын билген билимдүү адамга. Ал эми башталгыч класстын 
окуучусу үчүн андай адам- өзүнүн мугалими. Ошондуктан бала 
билбегендерин билип алуу максаттарында мугалим менен кызматташат. 
Бул кызматташтык кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда 
лингвистикалык маалыматтарды алуу учурунда төмөнкүдөй маселелерди 
өз ичине камтыйт. 
1. Сабакта мугалим менен окуучунун кызматташуусу: эмоционалдуу, 
иштиктүү, оюн формасыда болушу мүмкүн. Ал ошол учурдагы кырдаалга 
жараша болот. 
2. Тилдик маалыматтарды кабыл алуу учурунда окуучу аны өз алдынча 
анализдеп, изилдөөгө жөндөмдүү болуусу керек. Ал ошол маалыматты 
тандап, үйрөнүп жатып, белгисиз нерсени сурап билүү үчүн мугалимге 
кайрылат жана аны менен окуу кызматташтыгы түзүлөт. Окуу 
кызматташтыгын түзүүдө коюлуучу тапшырмалар төмөнкүдөй түрдө болушу 
мүмкүн: 
- берилген тапшырманы аткарууда окуучу мугалим тарабынан 
берилген даяр нерсени туурабай, өзүнүн ой жүгүртүүсүнө сын көз 
караш менен кароого жетишүүсү; 


32 
- өз билгичтигинин чегин билүүгө үйрөтүүчү тапшырмаларды берүү; 
- мугалимден зарыл болгон маалыматты сурап билүү; 
- жөндөмдүүлүгүн калыптандыруучу тапшырмалардын болушу. 
Биринчи, окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүн калыптандырып, ага 
сын көз караш менен кароого жөндөмдүүлүктү пайда кылуучу тапшырмалар 
мугалим тарабынан мындайча берилет: 
Окуучуларды жаңылдыруучу тапшырмалар. Мисалы, мугалим суроо 
берет да, класс менен бирдикте тапшырманы аткарып жатып, туура эмес 
жоопту сунуш кылат, же туура эмес жооп берген окуучунун жообуна 
кошулат: Китептин деген зат атоочтун кайсы жөндөмөдө тургандыгын 
аныктагыла,- дейт мугалим, андан кийин жообун алдыңардагы карточкаларга 
жазып, мага көрсөткүлө. Элжардын жообу- илик жөндөмөсү, Элмираныкы 
да. А менин жообум чыгыш жөндөмөсү. Ким мени менен макул? Бир нече 
кол көтөрүлөт. Ошол эле учурда класстагы калган окуучулар каршылыгын 
көрсөтүп, күбүр- шыбыр пайда болот. Мугалим туура жооп берген 
окуучулардын жоопту дамилдешин талап кылат да, ар дайым өз көз карашын 
башканыкы менен салыштырып, ойлонуп туруп жыйынтык чыгарууга 
үндөйт. Ошондой эле берилген тапшырманын предметтик жагына эмес, 
окуучулардын туура, же туура эмес иш- аракеттерине негизги көңүл бурулат. 
-Китеп- зат атооч, жекелик санда, энчилүү ат, атооч жөндөмөсүндө 
турат. Балдар, мен китепке туура мүнөздөмө бердимби? Окуучулар китеп 
энчилүү ат эмес экенин, энчилүү ат бир гана затка энчиленип берилерин, 
эгерде ал “Ак кеме” болсо, анда энчилүү ат болорун айтышат. 
Мындай тапшырмаларды аткарууда окуучулар өз көз карашынын 
тууралыгын далилдөөгө көндүм алышат. 
2. Окуучунун өзүнүн билиминин, мүмкүнчүлүгүнүн чегин так билүүгө 
үйрөтүүчү тапшырмалар: 
1)Ысыката, Алатоо, Алаарча деген сөздөр доскага жазылат. Бул сөздөр 
туура жазылдыбы? Эгер туура эмес болсо, тууралап жазгыла. Окуучулар 
сөздөрдү тууралап жазышат. Эмне үчүн мындай жазылышы керек? Анткени 


33 
энчилүү жер- суу аттары татаал сөз болсо, ар бир компоненти баш тамга 
менен, өз алдынча, араларына дефис белгиси коюлуп жазылат. 
2) Амина 1- класста окуйт. Ал мындай деп жазды: Биздин үйдө көп көп 
китеп бар. Биз алардан кызыктуу кызыктуу жомокторду окуйбуз. Амина 
туура жаздыбы? Ал кайсы эрежени билбейт экен? 
Көп-көп, кызыктуу- кызыктуу деп жазылат. Ал кош сөздөрдүн 
ортосунадефис коюлуп жазылат деген эрежени билбейт экен. 
Мындай тапшырмалар грамматикалык материалдарды үйрөнүүдөгү 
тигил, же бул эрежени окуучулар тарабынан туура пайдалануусуна жана ал 
аркылуу өз билиминин, мүмкүнчүлүгүнүн чегин сезе билип, керек болгон 
учурда мугалим менен кызматташуусуна алып келет. 
3. Мугалимден керектүү, зарыл болгон маалыматты сурап билүү 
жөндөмдүүлүгүн калыптандыруучу тапшырмалар. 
1. Мындай тапшырмаларды аткарууда мугалим окуучуларды суроо берүү 
көңдүмүнө үйрөтөт. Салттуу суроо- жооп иш- аракетиндеги мугалим менен 
окуучунун орду алмашат. Бул жерде окуучу суроо берип, мугалим жооп 
берет, тагыраак айтканда берилүүчү тапшырма ошондой мүнөздө түзүлүшү 
керек. Же окуучулар бири- бирине суроо беришет. 
Мисалы, “Алтын күз” текстине карата: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет