Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Диссертациянын жыйынтыктарынын толук жарыяланышы



Pdf көрінісі
бет6/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

 
Диссертациянын жыйынтыктарынын толук жарыяланышы: 
Диссертациялык иштин негизги идеялары 3 окуу китеби, 4 
методикалык колдонмо, 3 типтүү программа, 1 монография, 4 окуу куралы
30 илимий макалада чагылдырылган. Ошондой эле изденүүчүнүн 40 жылдык 
илимий-педагогикалык тажрыйбасы жалпылаштырылган. 
 
Киришүүдө изилдөөнүн актуалдуулугу, максаты жана милдеттери, 
илимий жаңылыгы, практикалык баалуулугу, коргоого коюлуучу негизги 
жоболору, изденүүчүнүн жекече салымы, изилдөөнүн натыйжаларынын 
эксперименттен өткөрүлгөндүгү тууралуу маалыматтар орун алды. 
Биринчи главада башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке 
байланыштуу окутуунун педагогикалык-психологиялык, лингвистикалык 
негиздери, кыргыз тилинин теориялык жана аны эне тили катары окутуу 
маселелери, текстти эне тилинде өстүрүүнүн негизги каражаты катары кароо 
маселелери, башталгыч класстарда окутуп-тарбиялоонун маани-маңызы 
иликтенди. 
Экинчи главада башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун 
абалы, эне тилин текстке байланыштуу окутуунун дүйнөлүк тажрыйбасы 
кыскача талданып, кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуунун 
методикалык негиздери аныкталып, текстке байланыштуу окутуунун 
формалары, ыкмалары, каражаттары, методдору, модели сунушталды. 
Үчүнчү главада башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке 
байланыштуу окутууда окуучулардын кебин жана байланыштуу кебин 
өстүрүүнүн жолдору, ыкмалары аныкталып, грамматикалык материалдарды 


12 
өздөштүрүүнү сөз өстүрүү иши менен тыгыз байланышта кароо маселелери 
белгиленди. 
Төртүнчү главада башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке 
байланыштуу окутууда жазуу иштерин жүргүзүү, жазуу иштерин жана 
окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоонун максаттары, методдору, 
түрлөрү, ыкмалары иликтөөгө алынды. 
Бешинчи главада педагогикалык эксперименттин жүрүшү жана анын 
жыйынтыктары 
чагылдырылды. 
Жалпы 
корутундуда 
изилдөөнүн 
жыйынтыктарынан келип чыккан корутундулар жана практикалык сунуштар 
орун алды. 
Тиркемеде башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу сабактарынын 
максаттары жана көрсөткүчтөрү, кыргыз тилин текстке байланыштуу 
окутуунун календардык планы жана 2-3-4-класстардын окуучуларынын 
кыргыз тили боюнча билимин баалоо үчүн тесттик тапшырмалар 
жайгаштырылды. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет