Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет13/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 
1.1.1.- 
Сабактын 
тарбиялык 
максаттары 
жана 
көрсөткүчтөрү 
Тарбиялык максаттар 
Көрсөткүчтөр 
Окуучулар 
бири- 
биринин 
пикирин угууга, өз ойлорун 
эркин жана ыраттуу баяндоого 
үйрөнүшөт, 
Эгерде топтордо иштөө учурунда 
бири- 
биринин 
пикирин 
угуп, 
ойлорун баяндап бере алса. 
Бир туугандарына аяр мамиле 
жасоого тарбияланат, 
Эгерде тексттин мазмунун талдоо 
талдоо учурунда бир туугандарды 


40 
сыйлоо керектигин сезсе. 
Эмгекти 
баалоо 
керек 
экендигин түшүнүшөт,
Эгерде ата- энеге жардам берүү жана 
алардын эмгегин баалоо керек 
экендигин түшүнсө. 
Жаратылышка 
аяр 
мамиле 
жасоо 
керек 
экендигин 
түшүнүшөт, 
Эгерде аңгемени талдоо мезгилинде 
өзүн курчап турган айлана –чөйрөнү, 
жаратылышы коргоо керек экендигин 
сезе алса. 
Мамлекетибиздин атрибуттары 
менен таанышышат, 
Эгерде мамлекеттик атрибуттарды 
таанып- билсе 
Окуучулар ар бир адамга 
Мекени 
ыйык 
экендигин 
түшүнүшөт, 
Эгерде текстти талдоо учурунда ар 
бир адамга өз Мекенинен артык жер 
жок экендигин, анын ыйыктыгын 
сезсе 
Элдик 
баалуулуктарды 
кастарлап, 
сактоо 
керек 
экендигин билишет. 
Эгерде текстти түшүнүүдө элдик 
байлыктарды сактоо керек экендигин 
түшүнсө. 
“Жөнөкөй жана таатал сүйлөм” аттуу грамматикалык материалдарды 
өздөштүрүүдө “Элдик байлык” текстинин негизинде сабактын тарбиялык 
максатынын, көрсөткүчтөрдүн коюлушун жана чечилишин талдап көрөлү. 
Сабактын темасы: Жөнөкөй жана татаал сүйлөм 
Сабактын максаттары: 
билим берүүчүлүк: жөнөкөй жана татаал сүйлөм жөнүндө маалымат 
алышат, аларды бири-биринен ажырата алышат; 
өнүктүрүүчүлүк: жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөргө мисалдарды түзө 
алышат, аларды тексттен таба алышат; 
тарбия берүүчүлүк: нанды баалай билүү керектигин, аны коромжуга 
учуратпоо керектигин баамдап билишет. 


41 
Көрсөткүчтөр: 
Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде: 
жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү бири- биринен ажырата билишсе; 
жөнөкөй сүйлөмдөргө мисал түзө алса; 
татаал сүйлөмгө мисал түзө алса; 
тексттин тутумунан жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү таба алса; 
тексттин мазмунун түшүнсө; 
аны Инсерт стратегиясы менен талдай алса; 
нанды баалай билип, аны коромжуга учуратпоо керектигин түшүнсө. 
Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү. 
Сабактын методу: интерактивдүү 
Сабактын формасы: Инсерт 
Сабактын жабдылышы: таблица, сүрөттөр, ар бир окуучуга бирден карандаш, 
текст. 
Сабактын жүрүшү: 
1. Уюштуруу. 
2. Өтүлгөн теманы кайталоо. Өткөн сабактагы “Илептүү сүйлөм” темасын 
кайталоо. Үй тапшырмасын текшерүү. 
Жаңы сабак: Жөнөкөй жана татаал сүйлөм темасын таблицанын жардамы 
менен түшүндүрүү. 
Бышыктоо: 
Көнүгүүлөрдү иштетүү. 
“Элдик байлык” текстин Инсерт стратегиясы боюнча талдоо: 
1. Окуучуларга нан жөнүндө эмне билесиңер? деген суроо берилет. 
Окуучулардын жооптору доскага жазылат. Нан жөнүндө маалыматтарын 
бири-бирине айтышат. 
2. Инсерт стратегиясы боюнча таблицаны толтуруу эрежеси кайталанат, аны 
дептерлерине чийишет. 
3. Окуучуларга текст таратылып берилет. Алар аны окуп, таанышышат. 


42 
4. Тексттин мазмуну боюнча Инсерт таблицасын толтурушат. 
5. Бир нече окуучу өз ишин презентациялайт. 
Потенциал: Инсерт стратегиясы аркылуу буга чейин билгендерин жана жаңы 
алган маалыматтарын системалаштырып, талдоого үйрөнүшөт. 
Үй тапшырмасы: “Нан- биздин байлыгыбыз” деген темада жөнөкөй жана 
татаал сүйлөмдөрдү катыштырып, аңгеме түзүп келишет. 
Окуучулардын 
билими 
сабактын 
максаттарына 
карата 
берилген 
көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат. 
Бул сабактын жүрүшүндө тексттин мазмунун түшүнүү, аны талдоо 
жана изилдөө аркылуу, грамматикалык материалдары өздөштүрүү, көнүгүү- 
машыгуу иштерин аткаруу аркылуу окуучулар элдик байлыктарды, анын 
ичинде эң негизги азыгыбыз болгон нанды баалай билүү, аны коромжуга 
учуратпоо керектигин түшүнүшөт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет