Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Ата жана эне туурасында бир-эки ооз сөз



Pdf көрінісі
бет12/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Ата жана эне туурасында бир-эки ооз сөз. 
Бардыгынан сүйүктүү биздин ата- энебиз. Ата- энебиз бизди 
төрөлгөндөн баштап багып өстүргөн. Атабыз биз үчүн кышында суукка 
тоңуп, жазында ысыкка күйүп, мал бакты. Энебиз ак сүтүн эмизип, ысык- 
сууктан сактап, “кагылайын, каралдым” деп өстүрдү. Ата- энебиз биз 
чоңоюп, эс кире баштаган соң, балам үлгүлүү жана билимдүү болсун деп, 
билим берди. Алар ар убакта биздин билимдүү болушубузду чың көңүлү 
менен тиледи. Ар дайым бизге жакшы үмүт- тилек, насаат айтып, чыныгы 
адам болууга багыттады. Ошондуктан аларга жакшы кызмат кылып
иренжитпей, баталарын алуубуз керек. 
(И.Арабаев). 
Окутуунун максаттары жана көрсөткүчтөрү: 
мугалимге жеке, же биргелешип сабактардын пландарын же 
программаларды жазууга көмөк көрсөтөт; 
окутуучунун 
жыйынтыктарына 
таянуу 
менен 
окуучунун 
жетишкендиктерин белгилөөгө мүмкүнчүлүк түзөт; 
мугалимге окуп- үйрөнүүнүн программасын пландоого жардам берет; 
кыргыз тилинен алган билимдерин турмуштук кырдаалдарда 
колдонууга окуучуга мүмкүнчүлүк берет. 
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда сабактардын максаттарын 
жана көрсөткүчтөрүн коюуда тилдик материалдардын ар бир бөлүмү угуу, 


39 
окуу,сүйлөө, жазуу иш- аракеттери менен биргеликте каралып, аныкталды. (2 
тиркеме). 
Сабактын талапка жооп берерлик деңгээлде болушу анын тарбиялык 
максатынын туура коюлушу жана анын чечилишине көз каранды. Өзгөчө 
кыргыз тили сабактарында окуучуларга тарбия берүүнүн ар түрдүү 
багыттары боюнча иш алып барууга кеңири мүмкүнчүлүк ачылат. Эне тилин 
текстке байланыштуу окутууда окуп- үйрөнүлүп жаткан тексттин мазмунун 
негизинде, тексттерди үйрөнүү аркылуу окуучулар улууларды урматтап
кичүүлөрдү 
ызааттоого, 
аларга 
камкордук 
кылууга, 
өз 
элинин 
баалуулуктарын билүүгө, Ата Мекенди сүйүүгө, урматтоого, коргоого, 
курчап турган чөйрөнүн жаратылышын түшүнүүгө, эмгектене билүүгө, аны 
баалоого, улуу адамдардын өмүрүнөн өрнөк алууга, адамдык баалуу 
сапаттарга, сергек жашоо көндүмдөрүнө, ден соолугун чыңдоого, ага 
камкордук көрүүгө, турмушту таанып- билип, жаман- жакшы, ак-кара 
түшүнүктөрүн ажыратууга, адептүүлүккө, чынчылдыкка, сылыктыкка, ата- 
эненин эмгегин баалай билип, аларга жардам берүүгө, коомдук жайларда 
өзүн туура алып жүрүүгө тарбияланышат. Топтордо иштөө учурунда бири- 
биринин пикирин угууга, өз ойлорун эркин жана ырааттуу баяндоого 
үйрөнүшөт. Жогоруда белгиленгендей, тексттердин мазмунуна байланыштуу 
окутууда тарбиялык максаттарды жана алардын көрсөткүчтөрүн төмөнкүдөй 
пландаштырууга болот: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет