Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет8/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Потенциалы: окуучулар тексттин мазмунуна талдоо жүргүзүү аркылуу 
өз турмушу менен байланыштырат, тексттин башталышы, өнүгүү, 
жыйынтыкталуу чегин ажыратууга багыт алышат. 
«Мукаш» текстине карата түзүлгөн пландын үлгүсүн пайдалануу 
менен «Жакшы бала», «Жаман бала» тексттерине план түзүшөт. 
МУКАШ 
Жаздын күнү эле. Биздин мектептин балдары окуп жатышкан. 
Мукаш да биз менен окучу. Мукаш абдан жалкоо окуучу эле. Бир 
күнү Мукаш мектепке барам деп үйүнөн чыкты да, жалкоолугу 
кармап токойго кетип калды. Токойдон сайрап жаткан бир кооз 
чымчыкка кезикти. Чымчыктын ыры Мукашка абдан жакты. 
“Бул ырды кайдан үйрөндүң?”- деп сурады. 
“Мектептен үйрөндүм,”- деди да чымчык учуп кетти. 
Мукаш башка бир чымчыкка кезигип: 
“Мага бир аз сайрап берчи,”- деди. 
Чымчык: 
“Мен сендей бекер эмесмин, ойногонго убактым жок,”- деп жооп 
берди.
Мукаш андан ары жүрүп олтуруп, бал тартып жаткан аарыга 
кезикти. 
“Кел, аары, кубалашып ойнойбуз”,- деди эле, аары: 
“Мен бекер эмесмин. Ойногонго убактым жок. Балдарыма бал 
тартамын, кышка азык даярдаймын,”- деп жооп кайтарды. Дүйнөдө 
бекер жүргөн жан жок экенин билген соң, Мукаш мектепке жүгүрдү. 
Ошондон кийин гана Мукаш жалкоолугун таштап, жакшы шакирт 
болду. 
Текст төрт бөлүктөн турарын байкадыңар. Биринчи абзацта Мукаш 
деген жалкоо бала жөнүндө маалымат берилди. Экинчи бөлүмдө 
анын кооз чымчыктарга, ал эми үчүнчү бөлүмдө аарыга жолукканы 


26 
жөнүндө айтылды. Төртүнчү бөлүмдө Мукаштын оңолгондугу 
жөнүндө баяндалды. Демек, планды да ошого жараша төмөнкүдөй 
түзүүгө болот: 
План: 
1.Мукаш- жалкоо окуучу. 
2. Токойдогу кооз чымчыктар. 
3. Мукаш менен аарынын сүйлөшкөнү 
4. Мукаш оңолду. 
Сөздөн сөз, андан сүйлөм, сүйлөмдөн текст жаратышат. 
Сөздүктү дептерлерине жазып, аларды жатташат жана 
сүйлөмдөрдү түзүшөт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет