Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет14/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

1.2. 
Башталгыч 
класстарда 
кыргыз 
тилин 
окутуунун 
лингвистикалык негиздери. 
Кыргыз тилин башталгыч класста окутуунун методикасынын негизги 
булагы болуп лингвистика илими эсептелет. Ал тилдик материалдардын 
мазмунуна жана өзгөчөлүгүнө жараша изилденип, кыргыз тилин окутуунун 
ыкмалары менен методдору белгиленет. Мисалы, морфологияны окутууда 
сөз, сөздүн курамы, уңгунун жана мүчөнүн түрлөрү, сөз түркүмдөрү жана 
алардын грамматикалык категориялары жөнүндө маалымат берилсе, 
синтаксисти окутууда сүйлөм, анын айтылыш максатына жана 
грамматикалык түзүлүшүнө карай классификацияланышы, сүйлөм мүчөлөрү, 
баш жана айкындооч мүчөлөр өздөштүрүлөт. 
Башталгыч класстарда бул тилдик маалыматтар элементардык- 
практикалык мүнөздө окутулуп ар бир бөлүмдүн өздөштүрүлүшү 
грамматикалык талдоолор менен коштолот. Ошондуктан башталгыч 
класстын мугалиминен грамматикалык талдоолорду мыкты билүүсү талап 
кылынат. 


43 
Көрүнүктүү окумуштуу- педагогдор, методисттер грамматикалык 
талдоого зор маани берип келишкен. Улуу педагог К.Д.Ушинский да ага 
мындайча баа берген: “Бизде дайыма колдонулуп келе жаткан 
грамматикалык талдоо эң мыкты ыкмалардын биринен болуп саналат”. (129, 
384- б.) 
Башталгыч класстарда сүйлөмгө морфологиялык талдоо эки багытта 
жүргүзүлөт: 
1) Сөздүн курамына карай ажыратуу. 
2) Сөз түркүмдөрү боюнча талдоо. Бул багыттар боюнча төмөнкүдөй 
ырааттуулукта талдоо жүргүзүү талапка ылайыктуу. 
I. Сөздү курамына карай ажыратуу (уңгу жана мүчөгө ажыратуу), уңгунун 
түрүн жана мүчөнүн түрүн аныктоо. 
II. Сөз түркүмү боюнча талдоо. Сөздүн кайсы сөз түркүмүнөн экендигин, ага 
берилүүчү суроосун, грамматикалык категориясын аныктоо. 
Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча морфологиялык талдоо жүргүзүп 
көрөлү: 
Берекелүү күз мезгилинде мол түшүм жыйналды. 
1) Береке- лүү (уңгусу береке, -лүү мүчөсү (баштапкы формасы –луу), сөз 
жасоочу мүчө, анын ичинен зат атоочтон сын атоочту жасоочу мүчө; 
күз- уңгу түрүндөгү сөз; 
мезгил-и-нде (мезгил-уңгусу, и-сөз өзгөртүүчү мүчө, анын ичинде таандык 
категориянын III жагынын мүчөсү, баштапкы формасы- ы; де- сөз өнөртүүчү 
мүчө, баштапкы формасы- да, жөндөмө мүчө, жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсү. 
Эскертүү: III жактын таандык мүчөсү уланып турган сөз жөндөлгөндө, 
жатыш жөндөмөсүнүн негизги- да мүчөсүнө “н” тыбышы кошулуп айтылат; 
Мол- уңгу түрүндөгү сөз; 
түшүм- уңгу түрүндөгү сөз; 
жый-на-л-ды- уңгусу- жый, -на баштапкы формасы –ла- сөз жасоочу- 
этиштен этиш жасоочу мүчө, -л- сөз өзгөртүүчү мүчө, этиштин туюк 


44 
мамилесинин мүчөсү, баштапкы формасы- ын; -ды- сөз өзгөртүүчү, этиштин 
өткөн чагын уюштуруучу мүчө. 
2) Берекелүү- сын атооч сөз түркүмүнө кирет, кандай? деген суроого жооп 
берет, катыштык сын, жай даражада; күз- зат атооч сөз түркүмүнө кирет, 
эмне? деген суроого жооп берет, жалпы ат, атооч жөндөмөсүндө турат; 
мезгилинде- сөз түркүмү боюнча зат атооч, эмнесинде? деген суроого жооп 
берет, жалпы ат, жатыш жөндөмөсүндө турат, 
мол- сөз түркүмү боюнча сын атооч, сапаттык сын, жай даражада; 
түшүм- зат атооч сөз түркүмүнө кирет, эмне? деген суроого жооп берет, 
жалпы, жөнөкөй, атооч жөндөмөсүндө турат, 
жыйналды- этиш сөз түркүмүнө кирет, эмне кылды? деген суроого жооп 
берет, жөнөкөй, өткөн чактагы кыймыл- аракетти билдирет. 
Морфологиялык талдоо жүргүзүүдө тапшырмалардын ар түрдүү мазмунда 
болушу талапка ылайыктуу. Мисалы: 
1. Төмөнкү зат атоочтордун уңгу түрүндө турганын өзүнчө, мүчөнүн 
жардамы менен жасалганын өзүнчө бөлүп жазгыла: 
эне, бала, китепкана, мектеп, шаар, балалык, тазалык, эмгек, адам, айыл, 
адамзат. 
2. Сүйлөмдөрдөн сын атооч сөздөрдү таап, уңгу, мүчөгө ажыраткыла. 
Мүчөнүн кандай мүчө экендигин айтып бергиле: 
Дүйнөдө энеден мээримдүү эч бир жан жок. 
Балалуу үй- базар. (макал) 
3. Сүйлөмдөрдөгү зат атооч сөздөргө морфологиялык талдоо жүргүзгүлө: 
Биз күнөстүү Кыргызстанда жашайбыз. 
Биздин өлкө- эгемендүү өлкө. 
4. Сүйлөмдөрдөн затташкан сын атоочторду тапкыла. Аларды уңгу жана 
мүчөгө ажыраткыла: 
1. Жакшыга жанаш, жамандан адаш. 


45 
2. Жакшынын жардамы тиер ар жерде. 
Ал эми синтаксистик талдоо жүргүзүү учурунда төмөнкүдөй маселелер эске 
алынат: 
1) Сүйлөмдүн айтылыш максатына жана грамматикалык түзүлүшү боюнча 
классификациялынышы; 
2) Сүйлөм мүчөлөрү, баш мүчөлөр жана айкындооч мүчөлөр. 
Бул маселелерди эске алуу менен төмөнкүдөй багытта талдоо жүргүзүлөт: 
I. 
Берилген сүйлөмдүн айтылыш максатына карай жай, суроолуу, 
илептүү, же буйрук сүйлөм экендигин, грамматикалык түзүлүшүнө 
карай жөнөкөй, же татаал экендигин ажыратуу. 
II. Сүйлөм мүчөлөрүнө ажыратуу. Сүйлөмдүн ээсин жана 
баяндоочун, айкындооч мүчөлөрүн табуу. 
Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча синтаксистик талдоо жүргүзүп 
көрөлү: 
Биз күнөстүү Кыргызстанда жашайбыз.1. Сүйлөм айтылыш максатына 
карай жай, грамматикалык түзүлүшүнө карай жөнөкөй сүйлөм. 
2. Биз күнөстүү Кыргызстанда жашайбыз. 
Биз- ээси, жашайбыз- баяндоочу, Кыргызстанда- айкындооч мүчө. 
Бул сыяктуу талдоолор өздөштүрүлүүчү грамматикалык материалдарга 
шайкеш, тексттин негизинде ырааттуу түрдө жүргүзүлсө, окуучулар өз 
алдынча иштөөгө, ой жүгүртүүгө, талдоого жана жыйынтык чыгарууга 
машыгышат. 
Башталгыч класстарда окутуунун мамлекеттик стандартына жана окуу 
программаларына ылайык окуучулар кыргыз тили боюнча теориялык 
билимдердин негиздерине ээ болууга, алган билимдерин практикада кеңири 
пайдалана билүүгө үйрөнүүлөрү зарыл. Окуучуларга терең билим берүүдө 
теория жана методика бири- бири менен айкалышып, бири- бирин толуктап 
жана тактап турат. Окуу куралдарын, илимий- методикалык колдонмолорду, 
дидактикалык материалдарды, окуу китептерин түзүүдө, иштеп чыгууда 


46 
илимдин теориясына кайрылбай коюуга мүмкүн эмес. Мына ошондуктан 
башталгыч класста текстке байланыштуу кыргыз тилин окутуунун 
методикасын иштеп чыгуудатекст жана анын түзүлүшүнө, маанисине, 
табиятына токтолууну ылайык көрдүк. 
Бул теориялык маалыматтарды башталгыч класстардын мугалимдери 
жеткиликтүү, терең өздөштүрүп билгенде гана эне тилин жеткиликтүү 
үйрөтө алары айдан- ачык. 
Тил жана кеп аркылуу адамдар бири- бири менен байланышып, өз оюн 
жана пикирин билдире алышат.
Биздин кебибиз сүйлөмдөрдөн, ал эми сүйлөм сөздөрдөн түзүлөт. Тексттеги 
сүйлөмдөр биринин маанисин экинчиси улантып турат жана жыйынтыктуу 
бир 
мазмунду 
билдирет. 
Анын 
башталышы, 
өнүгүшү 
жана 
жыйынтыкталышы бар. Текстке ат коюуга болот. Мааниси боюнча 
байланышкан эки же андан көп сүйлөмдүн тобу текст деп аталат. 
Текст бөлүмдөрдөн турат. Аларды абзац дейбиз. Ар бир абзацта жаңы ой 
айтылат. 
Тексттеги баяндалып жаткан окуяны, көрүнүштү, анын башталышын, 
өнүгүшүн ирети менен пландаштырып алуу текстке план түзүү болот. 
Мукаш 
Жаздын күнү эле. Биздин мектептин балдары окуп жатышкан. Мукаш 
да биз менен окучу. Мукаш абдан жалкоо окуучу эле. Бир күнү Мукаш 
мектепке барам деп үйүнөн чыкты да, жалкоолугу кармап токойго кетип 
калды. Токойдон сайрап жаткан бир кооз чымчыкка кезикти. Чымчыктын 
ыры Мукашка абдан жакты. 
“Бул ырды кайдан үйрөндүң?”- деп сурады. 
“Мектептен үйрөндүм,”- деди да чымчык учуп кетти. 
Мукаш башка бир чымчыкка кезигип: 
“Мага бир аз сайрап берчи,”- деди. 
Чымчык: 
“Мен сендей бекер эмесмин, ойногонго убактым жок,”- деп жооп 
берди.
Мукаш андан ары жүрүп олтуруп, бал тартып жаткан аарыга кезикти. 
“Кел, аары, кубалашып ойнойбуз”,- деди эле, аары: 


47 
“Мен бекер эмесмин. Ойногонго убактым жок. Балдарыма бал 
тартамын, кышка азык даярдаймын,”- деп жооп кайтарды. Дүйнөдө 
бекер жүргөн жан жок экенин билген соң, Мукаш мектепке жүгүрдү. 
Ошондон кийин гана Мукаш жалкоолугун таштап, жакшы шакирт 
болду. 
Текст төрт бөлүктөн турат. Биринчи абзацта Мукаш деген жалкоо бала 
жөнүндө маалымат берилди. Экинчи бөлүмдө анын кооз чымчыктарга, 
ал эми үчүнчү бөлүмдө аарыга жолукканы жөнүндө айтылды. Төртүнчү 
бөлүмдө Мукаштын оңолгондугу жөнүндө баяндалды. Демек, планды 
да ошого жараша төмөнкүдөй түзүүгө болот. 
План: 
1.Мукаш- жалкоо окуучу. 
2. Токойдогу кооз чымчыктар. 
3. Мукаш менен аарынын сүйлөшкөнү 
4. Мукаш оңолду. 
Тексттин баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү деген үч түрү бар. Баяндоо 
тексти көрүнүштү, кыймыл- аракетти баяндайт. Сүрөттөө тексти адамдарды, 
буюмдарды, жаратылышты сыпаттап көрсөтөт. Ой жүгүртүү тексти окуянын 
себебин, натыйжасын ой жүгүртүү менен көрсөтөт. 
Баяндоо: Кыргызстан- тоолуу өлкө. Тоолордо карагай, арча, жаңгак, алча, 
өрүк дарактары өсөт. Миң тамыр, кымыздык, ышкын сыяктуу дары чөптөр 
эң эле көп. 
Сурөттөө: Кыргыз тоолору бийик жана токойлуу. Анын аскалары, чокулары 
асман тирейт. 
Ой жүгүртүү: “Бийик тоого чыксаң, көзүң ачылат, жакшы адам менен 
сүйлөшсөң, көңүлүң ачылат”,- дейт элибизде. Анын сыңарындай, тоонун 
чокусуна чыгып, айланага көз чаптырган, адамга тегерек-чети алаканга 
салгандай эле көрүнсө керек. Ошондуктан, мен келечекте альпинист болуп, 
бийик чокуларды багынтсам деп кыялданам. 
 
Текст сүрөттөө, баяндоо, ой жүгүртүү түрүндө болот. Сүрөттөөнүн 
объектиси катары буюмдар, адамдар, табияттын кубулуштары алынат. 
Сүрөттөөнүн объектиси образга айландыруу максатында метафора, эпитет, 
салыштыруу, жандандыруу сыяктуу эмоциялык-экспрессиялык боѐк берген 
поэтикалык каражаттар, түрдүү синтаксистик конструкциялар табият 


48 
кубулуштарын жандуу нерсе катарында көрсөтүү үчүн кеңири колдонулат. 
Мисалы: 
Кышкы кеч 
Ай нурунда кышкы түн 
Айран төгүп койгондой 
Жаңырыксыз токой-чер, 
Уктап жатат ойгонбой 
Менменсинген карагай, 
Пейили кенен чалдардай 
Кар жамынган чегелек, 
Ак тон кийген балдардай. 
А.Токомбаев 
Бул ырда автор тарабынан салыштыруу, жандандыруу сыяктуу көркөм 
сөз каражаттары пайдаланылды. 
Баяндоонун объектиси катары өтүп жаткан окуя алынат. Мында 
биринин артынан экинчиси уланган кыймыл-аракетти туюндурган, бир 
иштин аткарылгандыгын туюндурган этиштер, мезгилди туюнткан 
тактоочтор, киринди сөздөр, сырдык сөздөр, каратма сөздөр, ж.б. тил 
каражаттары колдонулат. 
Мисалы: “Айылым” деген текстти алып көрөлү: 
Айылым 
Шекер айылыма көп барам, эки- үч каттабасам көңүлүм толбой турат. 
Туугандарым келин алат, кыз берет. Жакшылык- жамандыгы аралаш бул 
дүйнөдөн өткөндөргө бир ууч топурак салуу да парз. Айтор көңүл тартып 
турса, шылтоо табылат. Балдарым нукура шаардык болуп калышты, эр 
жеткен жигиттер, бирок ата- бабасынын туулуп- өскөн жерин таанып- билип 
жүрсүн деп, аларды да айылга үйрөтүүгө аракеттенем. Анткен менен, заман 
өзгөрүлдү окшойт. Ким билет, өзүм сыяктуу айылга катнаша алар бекен, аны 
келечек көрсөтөр. Ошондо да ар булактын чордону бар сыңары, Мекен деген 


49 
алп сөздүн кут түшкөн очогу сыяктуу, алакандай борбору болот эмеспи. 
Менин мекеним- Шекер айылы. 
Ч.Айтматов 
Ой жүгүртүүнүн объектиси-далилденүүчү жагдай. Ал эми максаты- 
жагдайдын аныктыгын, тууралыгын далилдөө. Ой жүгүртүүнүн жалпы 
мүнөздөмөсү- композициялык жактан так уюштурулушу, негизги үч 
бөлүгүнүн- тезис, аргументация жана корутундунун болушу. 
Мисалы: 
Мекен 
Ар бир адамдын өз Мекени бар. Мекен деген сөз кыргызда ата- 
бабанын жери, туулуп- өскөн жер дегенди билдирет. Ал гүлбакча эмес. Мен 
өзүмдүн өмүр башатыма көз жүгүртөм. Ата Журт деп аталган, сагындырган 
жеримди элестетем. Анткени ушул жерде аталарым, бабаларым жашаган. 
Туулуп, турмуш таанып, тагдырымды тапкам. Туулуп- өскөн жердин 
тирилик тартиби, салт- санаасы- асыл. Ыр, жомогу, жаратылышы, абасы, бүт 
турпаты- ыйык. 
Ч.Айтматов 
Тексттер киришүү, негизги бөлүк жана корутундуга бөлүнгөн 
тексттерден болууга тийиш. Ошондо контекст же кырдаал толугу менен 
окуучунун эсинде сакталып, сөздөрдүн маанилери да туура аныкталат. 
Киришүү бөлүгү эмне жөнүндө сөз болорун божомолдоону жеңилдеткен эки-
үч байланышкан сүйлөмдөн турушу мүмкүн. Негизги бөлүгү бири-бири 
менен логикалык жактан ырааттуу түрдө байланышкан маанилик 
бөлүктөрдөн түзүлөт. Корутунду бөлүгү жыйынтык чыгаруучу, баа берүүчү 
бөлүгү болот. 
Методикада текстти окуу жана түшүнүү үчүн төмөнкүдөй 
билгичтиктер белгиленген: 
- тексттин жалпы мазмунун мааниси жагынан орчундуу 
бөлүктөрүнүн негизинде аныктоо билгичтиги; 
- текстте берилген фактыларды жалпылоо билгичтиги; 


50 
- текстте болгон маалыматтын негизинде корутунду билгичтиги; 
- фактыларды баалоо жана текстти интерпретациялоо билгичтиги; 
Текстти окууда мугалим тарабынан туура интонация колдонулуп, 
сүйлөмдөр так, даана окулушу керек. Мугалимдин текстти окуусу, эгерде ал 
тасмага жазылган болсо, аудио уктуруу окуучулар үчүн үлгү болот. Текст 
мугалим тарабынан окулуп, же аудио уктуруу жүргүзүлүп жаткан учурда, 
окуучу да текстти ичинен окуйт. Текст окулгандан кийин тексттеги айрым 
лексикалык жактан окуучулар түшүнүүсүнө татаал деп эсептелген сөздөрдүн 
мааниси чечмеленип, сөздүк иштери жүргүзүлөт. 
Башталгыч класстарда окуунун үн чыгарып (жарыя) жана ичинен 
(купуя) окуу түрлөрү пайдаланылат. Үн чыгарып окууда окуучу угуу 
аркылуу тексттин мазмунун түшүнүп, сөздөрдү туура жана шар окууга 
көнүгөт. Текстти ичинен окуу, методисттердин байкоолору боюнча, кеминде 
3 эсе бат өтөт. Окуунун бул түрү окуучунун тапшырманы өз алдынча 
аткаруу учурунда колдонулат. 
Кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда текстти окуу маалымат 
алуу үчүн жана анын негизинде грамматикалык материалдарды өздөштүрүү 
үчүн пайдаланылат. Маалымат алуунун максатына ылайык окуу бир нече 
түргө бөлүнөт. (Дергачева и др. Метод.препод.русс.яз.как иностранного на 
начальном этапе М: Русский язык, 1986-239 с.) 
Изилдеп окуу- текстти кайра айтып берүү, алынган маалыматтарды 
практикалык түрдө пайдалануу, эреже, инструкция катары колдонуу үчүн 
толук жана так түшүнүү. 
Текст менен таанышуу- тексттин жалпы мазмунун түшүнүп окуу. 
Методисттердин айтуусунда андагы маалыматтар 75% түшүнүктүү болсо 
жетиштүү болот. 
Текстти тез карап чыгуу максатында окуу маалыматтарды тандап окуу, 
ал эми текстти керектүү нерсени издеп табуу максатында окуу тексттин 
логикалык-маанилик түзүлүшүн түшүнүүгө багытталып, тексттен керектүү 
маалыматты тандап алуу билгичтигин талап кылат. 


51 
Башталгыч класстарда изилдеп окуу көп колдонулат. Текстти изилдеп 
окууда маалыматтарды так жана толук түшүнүү максаты коюлат. Мындай 
тексттер көлөмү жагынан чакан болот, анткени ал сабак учурунда изилденет. 
Мисалы, “Сууну пайдалануу” текстин изилдеп окуу үчүн инсерт 
стратегиясы пайдаланылды жана тексттин негизинде грамматикалык 
тапшырмалар аткарылды. 
Сууну пайдалануу 
Суу адамга ичиш жана тамак-аш даярдаш үчүн гана зарыл эмес. Суу 
үйлөрдү, коомдук имараттарды, көчөлөрдү тазалыкта тутуу үчүн да керек. 
Суу жолдору аркылуу адам кайыктарда, теплоходдордо сүзүшөт, азык-
түлүктөрдү жана машиналарды ташышат, карагай агызышат. Эгин талаасы 
сугарылат. Суунун жардамы менен тегирмен иштетилет. 
Суу электр тогун иштеп чыгаруучу машиналарды кыймылга келтирет. 
Өнөр жайдын бир да тармагы суусуз иштей албайт. Фабрикалар менен 
заводдордо суу боѐкторду эритиш үчүн, кездемелер менен булгаарыларды 
боѐо үчүн колдонулат. 
Сөздүк: 
тегирмен- буудайдан ун чыгаруучу жай
булгаары-тери 
Окуучулар текстти окуп чыгып, логикалык- маанилик түзүлүшүн 
талдап, түшүнүгүн айтып беришет жана төмөнкүдөй лексика-грамматикалык 
тапшырмаларды аткарышат: 
1- көнүгүү. 
Тексттен 3 сүйлөмдү көчүрүп жазып, зат атоочтордун астын сызгыла.
2- көнүгүү. 
Тексттен зат атооч сөздөрдү таап, көчүргүлө. Аларга суроо бергиле. 
3-көнүгүү. Суу темасына кластер түзгүлө. Көптүк сандагы зат атоочторду 
пайдалангыла. 
1.Суу 
2. суюк, тунук 


52 
3. агат, шылдырайт. 
4.Суу сыйлаган зор болот 
5.зат 
4- көнүгүү. Тексттин мазмунуна Инсерт стратегиясы боюнча талдоо 
жүргүзгүлө: Үлгү: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет