Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 1.2.1.- Инсерт стратегиясы менен текстти талдоонун үлгүсү



Pdf көрінісі
бет15/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 1.2.1.- Инсерт стратегиясы менен текстти талдоонун үлгүсү 
Билем 
Билдим 
Билгим келет 
Суу ичиш үчүн, тамак- 
аш 
даярдаш 
үчүн 
керектигин. 
Суу жолдору аркылуу 
азык- 
түлүктөрдү, 
машиналарды 
ташып, 
карагайларды 
агызышарын. 
Суу 
дагы 
кандай 
тармактарда 
колдонуларын 
 
5- көнүгүү. Зат атоочторду колдонуп, суунун пайдасы жөнүндө аңгеме 
жазгыла. 
Тандалып алынган тексттер төмөнкүдөй критерийлерге баш иет:
- тексттин жеткиликтүүлүгү; 
- тексттин кызыктуулугу
- тексттин маалыматтуулугу; 
- логикалык ырааттуулугу; 
- өтүлүп жаткан грамматикалык материал менен байланышы. 
Мисалы, 4- класста “Сын атооч” темасын өтүүдө “Эне” тексти 
пайдаланылат:
Эне 
Жашоо, өмүрдүн башатында эне турат. Анын улуулук касиеттүүлүгү да 
ушунда. “Эненин таманы турган жер- бейиш” деп айтылат элде. Андыктан, 
бу жарык дүйнөдө өмүр улаган аялзатын үйдүн куту, жашоонун көркү деп 
айтууга толук негиз бар. Аларсыз адамзаттын эртеңки күнүн элестетүү 
мүмкүн эмес. Ай чырайлуу, ак ниет, колу берекелүү энелерди кандай мактаса 
да сөз жетпейт. 


53 
Кыргыздар илгертен бери мээрман эне жөнүндө нечендеген 
укмуштуудай сонун ырларды, акылман макал- лакаптарды жана улуу 
дастандарды жараткан. Эне- үйдүн куту, эне- баланын тарбиячысы, 
насаатчысы. 
Көрүнүп тургандай текст өтүлүп жаткан грамматикалык материал сын 
атооч менен байланышып, мазмуну боюнча жеткиликтүү, кызыктуу 
маалыматтар бар жана ырааттуу берилген. 
Тексттерди тандоодо алардын тарбиялык, көркөмдүк баалуулугу, 
маалыматтуулугу, кеп өстүрүү тематикасынын актуалдуулугу эске алынат. 
Кыргыз фольклорунан, көркөм адабий чыгармалардын үзүндүлөрүнөн , 
илимий-популярдуу адабияттардан, ар кандай гезит-журналдардан тексттер 
кеңири колдонулат. 
Текст менен иштөөдө анча татаал эмес, көлөмү чакан тексттерден 
баштоо талап кылынат. Тексттердин мындай көлөмү окуучулар үчүн 
оптималдуу, анткени ушундай көлөмдөгү тексттер анын жалпы мазмунун 
түшүнүү, эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгын жана бул маалыматтын 
деталдарын эстеп калуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келет. Бул тексттер 
окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүнө, кызыгууларына төп келип
логикалык ырааттуулугу, себеп- натыйжалуугу жагынан оптималдуу болууда 
тийиш. Тексттер божомолдоого да жеңил болуусу керек. Божомолдоону 
жеңилдетүүчү каражаттарга кайталоолор, киринди сөздөр, синонимдик 
айтымдар, ж.б. кирет. 
Методикада тексттерди оор же жеңил кылуучу факторлордун бири 
катары анын тил формасы көрсөтүлөт. Эгерде текст узак, татаал 
синтаксистик конструкциялардан түзүлсө, анда мындай текст угууга татаал 
болот. Анткени адамдын оперативдүү, тез эстеп калуу жөндөмдүүлүгү 11 
сөздөн ашпаган сүйлөмдөрдү натыйжалуу кабыл алат. Активдүү формадагы 
сүйлөмдөр пассивдүү формадагы сүйлөмдөргө караганда оңой кабыл алынат. 
Абстракттуу лексикага жыш толгон текст кабыл алууга татаал болот. Текстте 
маалыматтар канчалык жыш болсо, ал текст ошончолук кабыл алууга, уга 


54 
билүүгө оор болот. Тексттин маалыматтуулугун терминдердин, татаал 
түшүнүктөрдүн жыш болушу шарттайт. Дагы бир маанилүү фактор катары 
тексттин логикалык- маанилик структурасы, түзүлүшү алынат. Тексттин 
башкы идеясы, башкы ою канчалык так, даана берилсе, ал ошончолук кабыл 
алууга, түшүнүүгө жеңил болот. 
Ушул факторлорду эске алуу менен эне тилин текстке байланыштуу 
окутууда жеткиликтүү тексттерди тандоо керек. Тексттин жеткиликтүүлүгү 
абстрактуу 
сөздөрдүн, 
терминдердин, 
термин 
мүнөзүндөгү 
сөз 
айкаштарынын санынын аз болушу, сын атоочтор, тактоочтордун санынын 
көп болушу, жалпылаган фразалардын, түшүндүрмөлөрдүн, мисалдардын 
киргизилиши менен шартталат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет