Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет16/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

1- бөлүм боюнча кыскача корутунду. 
Кыргыз тилин башталгыч класстарда окутуу эң маанилүү иш болуп 
саналат. Анткени ал кенже класстардагы сабактардын ичинен эң негизгиси 
болуу менен бирге, башка сабактарды окутуу ишинде, окуучулардын оозеки 
жана 
жазуу 
кептерин 
байытууда, 
грамматикалык 
сабаттуулугун 
калыптандырууда, логикалык ойлоосун өстүрүүдө жана тарбиялык багыттар 
боюнча иш алып барууда негизги ролду ээлейт. 
Тилчи- окумуштуу К.Сартбаев белгилегендей “Окуучунун жалпы 
сабаттуу болуп чыгышынын өзү да эне тили сабагы менен тыгыз 
байланыштуу”. (106, 30- б.) 
Башталгыч класстардын окуучулары кыргыз тили сабактарында эне 
тилибиздин грамматикалык түзүлүшү менен таанышышып, кебин жана ой 
жүгүртүүсүн калыптандырышат, адабий тилдин нормасында туура сүйлөөнү 
жана орфографиялык эрежелерге ылайык сабаттуу жазууну үйрөнүшөт. Ал 
эми грамматикалык материалдарды окутууда өзгөчө көңүл окуучулардын 
кептик жана ой жүгүртүүчүлүк чыгармачылык компетенцияларын 
калыптандырууга бурулат. 


55 
Эне тилин окутууда башталгыч класстын мугалими окутууну талапка 
жооп берерлик деңгээлде ишке ашыруу үчүн анын 2 негизин: педагогикалык- 
психологиялык жана лингвистикалык негиздерин жетекчиликке алуу менен 
иш алып барууга тийиш. 
Башталгыч класстарда окутуунун негизги максаты окуучулардын 
тааныпбилүү жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууга багытталган. Бул иш- 
аракетти жүзөгө ашыруу үчүн психологиялык жактан кабыл алуу, эске тутуу, 
ой жүгүртүү бирдиктери аркылуу анализ, синтез, индукция, дедукция, 
салыштыруу сыяктуу ыкмалар менен тилдик материалдарды үйрөнүшүп, 
кабыл алышат. Мына ушул жагынан алып караганда кыргыз тилин 
окутуунун методикасы психология илими менен тыгыз байланышта экендиги 
анык. Мына ушуларды эске алуу менен: 
1. Башталгыч 
класстарда 
окуучуларга 
билимдердин 
негиздерин 
даяртүрүндө бербестен, алардын өздөрүн сабакка активдүү катыштыруу, 
окуучулардын ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, өз алдынча иштөөгө 
машыктыруу зарыл. Бул маселелер көптөгөн окумуштуу- методисттер 
тарабынан изилденип, иштелип чыкты. Алардын катарына В.Занковду, 
Ш.Амонашвилини, С,Лысенкованы, ж.б. окумуштууларды киргизүүгө болот. 
Бул окумуштуулар мектепте окутуу процессинде проблемалуулукту 
колдонуу, проблемалык кырдаал түзүү сыяктуу маселелерге кайрылып, анын 
окуучулардын билим деңгээлин эске алуу менен алардын билимге болгон 
умтулуусун күчөтүү, ой жүгүртүүчү тапшырмаларды берүү аркылуу өз 
алдынча иштөөсүнө жетишүүсүнө багыт берерин белгилеген. Башталгыч 
класстын окуучуларынын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жана 
сабакты кызыктуу жана жандуу өтүү үчүн мугалимдер окумуштуулардын 
ушул сыяктуу изилдөөлөрүн жетекчиликке алуулары зарыл. 
2. Ал эми сабактын талапка жооп берерлик деңгээлде болушу 
мугалимдинбилим деңгээлине, педагогикалык чеберчилигине, пайдаланган 
окуу 
куралдарынын 
мазмунуна, 
кандай 
методдорду, 
ыкмаларды 
пайдаланганына байланыштуу болбостон, сабактагы психологиялык 


56 
шарттарга да байланыштуу болору жогоруда белгиленди бул шарттар 2 нерсе 
менен: 1-ден, сабактын мугалим тарабынан уюштурулушу жана 2-ден, 
окуучулардын сабакка болгон мамилеси менен ишке ашырылары белгилүү. 
3. Педагогикалык жана дидактикалык жактан: тажрыйбалуу, чыгармачыл 
мугалимдин болушу, окутуунун талапка ылайык деңгээлде уюштурулушу, 
окуу куралдарынын талапка ылайык болушу, окуучу менен мугалимдин 
ортосундагы жылуу мамиле, кызматташтык, окутулуучу материалдардын 
илимдин жаңылыктары менен коштолуп турушу, жөнөкөйдөн татаалга, 
белгилүүдөн белгисизге, жеңилди оорго карай өтүлүшү, көрсөтмөлүүлүктүн 
болушу, 
окутуунун 
ыкмаларын 
окуучулардын 
психологиялык 
өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тандап алуу керек экендиги аныкталган. 
4. Сабак лингвистикалык жактан сабаттуу болуусу керек.
Эне тилин окутууда мугалим текст жана анын негизинде 
грамматикалык материалдарды үйрөтүүнүн теориялык негиздерин терең 
өздөштүрүп, билүүсү зарыл. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет