Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 2.3.6.- Сабактын максаттары жана көрсөткүчтөрү



Pdf көрінісі
бет23/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   19   20   21   22   23   24   25   26   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 2.3.6.- Сабактын максаттары жана көрсөткүчтөрү 
Сабактын максаты 
Максатка 
жетүү 
деңгээлин 
аныктоонун көрсөткүчтөрү 
1. Материалды окуп- үйрөнүүнүн 
жыйынтыгында окуучулар энчилүү 
аттардын жалпы зат атоочтордон 
айырмасын аныктай алышат, алардын 
жазуу эрежелерин билишет. 
сүйлөмдөгү 
энчилүү 
жана 
жалпы зат атоочторду таба 
алышса; 
энчилүү зат атоочтордун жазуу 
эрежелерин 
түшүндүрө 
алышса. 
2- класс. Тема: Суроолуу сүйлөм.
Таблица 2.3.7.- Сабактын максаттары жана көрсөткүчтөрү 
Сабактын максаты 
Максатка 
жетүү 
деңгээлин 
аныктоонун көрсөткүчтөрү 
Окуучулар 
сабактын 
аягында 
сүйлөмдүн тибин аныктай алышат 
жана суроолуу сүйлөмдөрдү тексттен 
таба алышат, суроолуу сүйлөмдөрдү 
түзө алышат. 
тексттен суроолуу сүйлөмдөрдү 
таба алышса, өз тандоолорун 
негиздеп бере алышса; 
суроолуу 
сүйлөмдөрдү 
колдонуп, 
берилген 
тема 
боюнча диалог түзө алышса. 
Сабактын 
максатын 
инсанга 
багытталган 
окутууга 
карата 
пландаштырууда төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл: 
окуп- үйрөнүү максаттарынын бардык категориялык деңгээлдерин 
камтуу (билим, түшүнүү, колдонуу, талдоо, синтез, баалоо); 
тема боюнча биринчи сабактарда окуучулардын милдеттүү түрдө 
өздөштүрүшү керек болгон билгичтиктердин деңгээлине жетишүү 


87 
пландаштырылат (бардык окуучулар сөзсүз аткарыш керек болгон 
тапшырмалардын жыйындысы).
2. Сабактын максаты окуучуларга күтүлүүчү натыйжа катарында берилиши 
керек (окуучунун позициясынан коюлган максат). 
3. Сабактын максаты окуучуларга сабактын башында дароо айтылыш керек. 
4. Сабактын максаттары айтылгандан кийин мугалим суроолордун жардамы 
менен окуучулардын сабактын максаттарын канчалык деңгээлде түшүнгөнүн 
текшериши керек. Окуучулар сабактын максатын күтүлүүчү натыйжа 
катарында айтып берүүлөрү зарыл. 
5. Окуп- үйрөнүү максаттарын түшүндүрүүдө мугалим төмөнкүлөрдү эске 
алуусу зарыл: 
окуп- үйрөнүү максаттарын мугалим кызыктуу жана ишенимдүү 
түшүндүрүшү керек; 
окуучуларды максаттарды талкуулоого тартышы керек; 
максаттарды окуучулардын бардыгынын түшүнүүсүнө умтулуу керек. 
6. Сабактын максаты окуучулар үчүн доскага же плакатка жазылып, же 
каалаган башка формада көрсөтүлүшү керек. 
7. Сабакты пландаштыруу баскычында мугалим окуучулардын максатка 
жетүүсүнүн сапатын текшерүүдө пайдаланылуучу көрсөткүчтөрдү аныктап 
коюшу зарыл. Көрсөткүчтөрдү мугалим сабактын жүрүшүндө да, ар бир 
тапшырманы аткаруунун жыйынтыгында да, ошондой эле сабактын аягында 
да колдоно алат. 
Эне тилин окутууга карата коммуникативдик ишмердүүлүк мамиле 
интерактивдүү окутуудагы окуучулардын тынымсыз өз ара баарлашуулары, 
карым-катнаш жасоо менен пикир алышуулары аркылуу ишке ашырылат. 
Бул багытта окутуу ишин уюштуруу үчүн атайын шарттарды түзүү зарыл. 
Мындай учурда окуучулар өзүн-өзү, коомду жана дегеле дүйнөнү таанып- 
билүү менен турмушка карата болгон туура көз караштары калыптанат жана 
предметтик, түйүндүү компетенттүүлүктөргө ээ болушат. Интерактивдик 


88 
окутууда көп жактуу коммуникативдүүлүк, жагымдуу психологиялык 
кырдаал, окуп-үйрөнүүгө атайын ыңгайлуу педагогикалык шарттар түзүлөт.
Интерактивдүү методдор окуучулардын мугалим менен гана эмес, 
бири- бири менен да өз ара кеңири аракеттенүүсүнө, ошондой эле окуп- 
үйрөнүү процессинде окуучулардын активдүүлүгүнүн басымдуулук 
кылышына багытталат. Интерактивдүү (“ inter”- “өз ара”, иш аракет кылуу) 
метод- өз ара аракеттенүү, бирөөлөр менен маектешүү, диалог режиминде 
болуу дегенди билдирет. Интерактивдүү методдору колдонуу менен өтүлгөн 
сабактарда мугалимдин ролу сабактын максаттарына жетүү үчүн 
окуучулардын ишмердигин багыттоо болуп эсептелет. 
Интерактивдүү 
окутууда 
негизги 
көңүл 
окуучуга 
бурулуп, 
эвристикалык окутууга басым жасалып, тажрыйба жүзүндө окутуу иши 
колго алынат. Бул жагдайдан алып караганда инсанга багытталган окутуу 
менен шайкеш келет. Мында билим берүү процессинин катышуучуларынын 
эмес, окуучулардын кызыкчылыгын көздөйт. 
Инсанга багытталган окутуу- керектөөлөргө, жөндөмдүүлүктөргө, 
окуучуларды окутуу стили менен алардын кызыкчылыктарына багытталат. 
Инсанга багытталган окутууда окуучулардан окуу процессинде активдүү 
жана жоопкерчиликтүү катышуучу болушун талап кылат. Мында окуучулар 
жупта, топто иштей билүү менен өз жоопкерчилигин сезүүгө үйрөнүшөт. 
Окуучулар бири бири менен, мугалим менен бирге иштей да, кызматташа да 
алышат. Бул аларды оюндагысын эркин айта билүүгө, мугалимди жана 
жолдошторун уга билүүгө, толерантуулукка үндөйт. 
Интерактивдүү окутууга өз алдынча иштөө, жуп менен иштөө, топ менен 
иштөө, талкуулар, презентациялар кирет. Интерактивдүү окутуунун 
артыкчылыктары:  
- окуучулар өздөрүн эркин сезип,”туура эмес жооп берип алам” деген 
коркунучтан алыс болуп, активдүүлүктөрү артат; 
- ар бир окуучу өзүнүн жөндөмүн, шыгын, билимин көрсөтүүгө 
далалаттанат; 


89 
- жуп менен, топ менен иштегенге машыгышат; 
- мугалим менен, бири-бири менен тыгыз карым-катнашта пикир алышуу 
ишке ашат; 
- окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсү калыптанат; 
- тапшырманы аткарууда бири-биринин тажрыйбаларын пайдаланууга, 
жаңы идеяларды жаратууга шарт түзүлөт; 
мугалим фасилитатор катары багыт берип, окуучу менен достук 
мамиледе болот. 
Топтордо иштөөдө төмөнкүдөй эрежелер сакталууга тийиш: 
Бири- бирин сыйлоо. 
Жанындагы окуучунун сөзүн бөлбөй угуу. 
Ресурстарды бөлүштүрүү жана биргелешип пайдалануу. 
Топтун шайланган жетекчиси менен келишүү, бирге чечимдерди 
кабыл алуу. 
Топтогу ар бир окуучунун пикирин баалоо. 
Бардык окуучулар биргелешип ойлонуп, натыйжалуу иштөөсү жана 
топто иштөөнүн негизги эрежелерин өздөштүрүүсү жана сактоосу зарыл. 
Топто иштөөнүн максаты - окуучуларга өз ойлорун бөлүшүүгө 
мүмкүнчүлүк берүү, ошол эле убакытта окуучулар топтогу башка 
окуучулардан үйрөнгөндүгүндө. 
Жуп менен иштөө.Бул иш кызматташуу катары уюшулган, бир окуучу 
ишти аткарат, экинчиси байкоочу жана биринчи окуучуга жардам берет: 
каталарын оңдойт, жаңы идеяларды, өзгөрүүлөрдү киргизет. Бул стратегия 
учурунда мугалим байкоочу жана сыйлоочу оң карым катнашта пикир 
алышат, мында алынуучу жыйынтык ишке ашат. 
Мисалы, 4- класста “Сөз түркүмдөрү” деген теманы өтүүдө акыл 
чабуулу стратегиясын колдонуу учурунда, тема менен окуучуларды 
тааныштырып, андан кийин: 
Сөз түркүмдөрү жөнүндө эмнелерди билесиңер? деген суроону коѐт да, 
окуучулардын алынган жоопторду доскага же флипчартка жазып турат. 


90 
Алар мындай болушу мүмкүн: Сөз түркүмдөрүнө: зат атооч, сын атооч 
кирет; сан атооч, ат атооч кирет; Кыргыз тилинде сөз түркүмдөрү көп: 
Алар ар түрдүү суроого жооп берет:
Бизди курчап турган нерселердин баары зат болот, алар зат атооч деген 
сөз түркүмү, ж.б. 
Мугалим идеяларды айткан окуучуларды кубаттап, алардын айткандарын 
жыйынтыктайт жана “сөз түркүмдөрү” аттуу слайдды көрсөтөт. Анда сөз 
түркүмүнүн эрежеси жазылган: “Сөздөрдүн аткарган кызматына, кандай 
маанини билдиргенине жана кандай суроого жооп бергенине карата топторго 
бөлүнүшү сөз түркүмдөрү деп аталат. Кыргыз тилинде 9 сөз түркүмү бар. 
Алар: зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, этиш, тактооч, тууранды 
сөздөр, сырдык сөздөр, кызматчы сөздөр”. 
Окуучулар билим, билгичтиктерин пайдаланып, аларды эске түшүрүү 
менен өз идеяларын айтышып, жаңы теманы түшүнүүгө багыт алышты жана 
алардын 
айткан 
идеяларынын 
негизинде 
грамматикалык 
эреже 
түшүндүрүлдү. Мындай кырдаалда окуучу жаңы теманы өздөштүрүү 
процессине активдүү катышып, өздөштүрүлгөн билимдерин турмушта 
колдонууга үйрөнүшөт. 
Биргелешип окутуу методу окуучуларга өз ара бири-бири менен маалымат 
алышып, баарлашууга, коюлган милдеттерди чечүү үчүн жамаатта, 
командада, топто өз ара мамилелешүүнүн ыкмаларына, өзүнүн көз карашын 
далилдей алуу менен талкууга катыша билүү маданиятына ээ болот. Алар 
кептик, социалдык-коммуникативдик жана өзүн өзү уюштуруу менен маселе 
чече билүүчүлүк компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга багытталган. Буга 
акыл чабуулу (мээге чабуул), жупта, кичи топто иштөө, мозаика, ар кыл 
талкуулардын түрлөрү ж.б. кирет. 
 
Акыл чабуулу – бул кеңири колдонулган интерактивдик ыкмалардын 
бири. Мындатемага байланыштуу ойго келген идеялардын бардыгын, 
сындалбастан иштелип чыгат. Акыл чабуулунда окуучулар эркин, ишкер 


91 
абалда чыгармачылык менен жаңы идеяларды жарата алышат. 
Интеллектуалдык жактан өнүгүшөт. Өткөрүүнүн тартиби төмөнкүдөй: 
-- окуучулар өздөрүн эркин алып отуруусу зарыл; 
-- идеяларды жазуу үчүн ватман же доска даяр болсун; 
-- теманы жана убакытты жарыялоо; 
-- окуучулар айткан идеяларды доскага жаздырып туруу; 
-- мугалим да өз идеясын айтуу менен окуучуларды жаңы идея айтууга 
үндөө; 
-- идеяларды талкуулоо, баа берүү. 
Башталгыч класстардаэне тилин окутууда окуучуларды изилдөөчүлүк 
ишмердүүлүккө тартуунун негизги максаты тилдик компетенттүүлүгүн жана 
өзүн 

өзү 
уюштуруу, 
проблемаларды 
өз 
алдынча 
чечүү 
компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга багытталган. Долбоор методу, 
документалдык 
булактарды 
изилдөө 
методу, 
илимий 
маанилүү 
маалыматтарды алуу жана жыйноо методу, портфолио, интервью ж.б. 
изилдөө ишмердүүлүгүнүн негизин түзөт. 
Долбоор методубелгилүү бир теманыөз алдыларынча окуп- үйрөнүп 
жатканда 
алар 
менен 
чыгармачылык 
иштерди 
жүргүзүүгө
багытталган.Долбоордо окуучулар өз алдынча жана топ менен да иштей 
алышат.Долбоор методунда турмушта өтө зарыл, актуалдуу тема тандалуусу 
керек. Мугалим долбоордун жетекчиси катары кеңешин айтып, багыт берет. 
Ал эми окуучу байкоочу, изилдөөчү катары проблеманы чечүүнүн жолдорун 
таап,материалдарды 
жыйноосу 
зарыл.Жүргүзүлгөн 
изилдөөнүн 
жыйынтыктарын сунуштоо, долбоорду жактоо(презентациялоо) бул 
окуучунун же топтун чыгармачылык иши болуп саналат. Күтүлүүчү натыйжа 
– 
окуучуларда 
өз 
алдынча 
иштөө 
ыкмалары, 
чыгармачылык 
жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт.Алган билимдерин класстан тышкаркы окууда 
пайланып,чыгармачылык иште өзүнүн тажрыйбасын алмаша алат.  


92 
Портфолио – окуучунун жеке иштери сактала турган папка, б.а. окуучунун 
иш аткаруу учурундагы аракетин, бир нече предметтер боюнча өсүшүн, 
жетишкендиктерин көрсөтүүчү, максаттуу түрдө чогултулган иш. 
Башталгыч класстарда эне тилин текстке байланыштуу окутууда өз 
портфолиолоруна төмөнкүдөй иштерин жайгаштырышат: 
- текст боюнча түзгөн кластерлерин; 
- текст боюнча түзгөн синквейндерин; 
- тексттин мазмунун Инсерт стратегиясы менен изилдөөсүн; 
- тексттин мазмунун пирамидалык окуя стратегиясы боюнча 
изилдөөсүн; 
- тексттин мазмуну боюнча тарткан сүрөттөрүн; 
- жасаган китепчелерин; 
- грамматикалык 
тапшырмалар 
боюнча 
түзгөн 
таблицаларын, 
схемаларын; 
- тесттик тапшырмаларын; 
- баяндамаларын; 
- дил баяндарын; 
- жат жазууларын, ж.б. 
Интерактивдүү окутууда байкоо жана салыштыруу методу негизги 
орунду ээлейт. Бул метод окуучулардын кептик, тилдик, маданият 
таануучулук, ошондой эле маалыматтык жана социалдык- коммуникативдик 
компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга багытталат. Буга кластер, синквейн, 
Венддин диаграммасы сыяктуу интерактивдүү стратегиялар кирет. Бул 
стратегиялардын жардамы менен окуучулар маалыматтарды байкоого, 
ыраатташтырууга, 
салыштырууга, 
баалоого, 
жалпылаштырууга 
же 
бөлүштүрүүгө көнүгүшөт. 
Кластер- окуучулардын кандайдыр бир тема боюнча идеяларды ачык 
жана эркин ойлонуп жыйынтыктоосуна жардам бере турган педагогикалык 
стратегия. Ал темага байланыштуу ар кандай идеяларды графикалык 
сүрөттөө менен баракка түшүрүүгө мүмкүндүк берет. Кластердин мындан 


93 
башка дагы ар кандай түрлөрү бар: “суроолору менен кластер” (идеялардын 
ордуна суроолор жазылат жана жооптору кластердин тегеректерине кыскача 
жазылат). 
“Кластер- табышмак” кластердеги тегерек же тик бурчтуктар жазылбай бош 
калтырылат. Ошол тегеректерди жазып толтуруу менен жетишпеген 
түшүнүктөр аныкталат. 
Кластер деген сөз англис тилинен шиңгил деп которулат. Кластердин 
түзүлүшү шиңгилге окшош. Ал бир кылка эмес, бир кырдуу эмес, көп 
кырдуу, ар тараптуу ой жүгүртүүнүн ыкмасы болуп саналат.
Кластер англис тилинен которгондо “шиңгил” деген түшүнүктү 
билдирет (Мисалы: жүзүмдүн шиңгили). Кластер- шиңгил түзүү, же болбосо 
окуучулардын кайсы бир тема боюнча эркин ойлонушуна багыт берүүчү 
педагогикалык стратегия. 
Бул стратегия “акыл чабуулу” стратегиясы менен үндөшүп турат, 
башкача айтканда, ой жүгүртүүгө түрткү берет. 
Кластер ыкмасын сабактын билим берүүчүлүк максатына ылайык 
төмөнкүдөй сабактардын типтеринде колдонууга болот: 
билимин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн өркүндөтүүчү сабак; 
билимин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн бышыктоо жана кайталоо, 
жалпылоо жана ыраатташтыруу сабагы. 
Кластер түзүү сабактын чакыруу жана ой жүгүртүү баскычтарында 
колдонулуп, окуучунун ой жүгүртүүсүн, кебин өркүндөтүп, анын билимин 
текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. 
Кластер түзүүдө окуучулар жекече, жупта, топтордо иштөөгө болот. 
Топ менен иштөөдө алар бири- биринин пикирин угууга, баалоого, 
идеяларынын, ой пикирлеринин шайкеш келишине түрткү берет. 
Кластер түзүүдөгү иш- кадамдар төмөнкүлөр: 
1. Тема, идея, тапшырма айтылат. 
2. Тема боюнча оюна келген нерселердин баарын жазуу. 
3. Жазууда кетирилген орфографиялык каталарга көңүл бурбоо. 


94 
4. Берилген убакыттын ичинде оюна келген (тема боюнча) нерселердин 
баарын жазуу, эгерде эч кандай идея келбесе, темага ылайык сүрөт тартууга 
да болот. 
5. Мүмкүн болушунча идеяларды көбүрөөк жазуу. 
Бул стратегия менен иштөөдө окуучу менен мугалимдин ортосундагы, 
окуучу менен окуучунун ортосундагы кызматташтык ишке ашып, окуучулар 
өз алдынча, эркин, чыгармачылыкта, активдүү иштөөгө умтулат. Окуучу ката 
кетирем, туура эмес сүйлөйм деген коркунучтан арылат, ал эми мугалим 
багыт берүүчү- фасилитатор катарында милдет аткарат. 
Бул ыкма билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк 
касиеттерди ичине камтыйт. 
билим берүүчүлүк жагы- өтүлгөн тема боюнча билими бышыкталат, 
жазып, сүрөт тартып, чыгармачылык менен изденет, идеяларды, жаңы 
сөздөрдү табууга аракеттенет. 
өнүктүрүүчүлүк жагы- алган билимин турмушта колдонууга, билимин 
ыраатташтырып, жаңы маалыматтар менен толуктоого үйрөнүшөт, ой 
жүгүртүүсү, сынчыл ойлоосу өсөт. 
тарбия берүүчүлүк жагы- көз карашы, сынчыл ойлоосу калыптанат, 
бири- биринин ой- пикирин сыйлап, биргелешип иштегенге, өз оюн 
эркин 
айтууга, 
коммуникативдүүлүккө, 
толеранттуулукка 
тарбияланышат. 
Ыкманын потенциалы: окуучулар топто бири- биринин пикирин 
толуктоо, 
бири- 
бирине 
көмөктөшүү 
менен 
алган 
билимдерин 
системалаштырып, тажрыйбаларын, байкоолорун пайдаланып, жаңы 
билимдердин негиздерине, билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болушат. 
Мугалим кластер түзүүдө сөзсүз суроолорду берип, жоопторду талап 
кылууга тийиш. Бул сабакта кластер түзүү тапшырмасы камтылган. 
Сабактын темасы: Этиштин чактары. 
Сабактын максаттары: 


95 
* билим берүүчүлүк: кыймыл-аракеттин кайсы учурда болгондугуна 
байланыштуу этиш чактар боюнча өзгөрөрүн этиштин чактары учур чак
өткөн чак, келер чак болуп 3кө бөлүнөрүн билишет; 
* өнүктүрүүчүлүк: этиш жана анын чактары боюнча билимдерин 
кеңейтишет, этиштерди оозеки жана жазуу кебинде колдонот, кыймыл-
аракеттин кайсы мезгилде болуп жаткандыгын ажырата алышат. Текст менен 
иштей алат, андан этиштерди таап, суроо коюп, кыймыл-аракеттин мезгилин 
аныкташат. 
* тарбия берүүчүлүк: топто иштөөдө өз бири-биринин пикирин угуп, 
баалоого үйрөнүшөт. 
Көрсөткүчтөр: 
Жогорудагы максаттарга жеттик деп эсептейбиз, эгерде окуучу: 
* этиш жөнүндө маалыматы болсо; 
* кандай суроолорго жооп берерин билсе; 
* этиштин 3 чагы бар экенин билсе; 
* этиштерди оозеки жана жазуу кебинде пайдалана алса; 
* сүйлөмдүн тизмегинен жана тексттен таба алса; 
* аларга суроо коѐ алса; 
* кыймыл-аракеттин кайсы мезгилде болуп жаткандыгын ажырата алса; 
* топто иштөөдө бири-биринин пикирин баалай билсе. 
Сабактын тиби: жаңы билим берүүчү. 
Сабактын ыкмасы: Кластер түзүү, топто иштөө. 
Сабактын жабдылышы: таблица, сүрөттөр, флипчарт, маркерлер. 
Сабактын жүрүшү: 
Уюштуруу. 
Өтүлгөн теманы кайталоо. Үй тапшырмасын текшерүү. 
Жаңы сабакта этиштин 3 чагы жөнүндө таблицанын жардамы менен 
маалымат берүү. 


96 
Текст: “Том менен Жерри”. 
Балдар, силер сүйгөн Том менен Жерринин кандайча жаралып 
калганын билесиңерби? Анда кыскача тарыхын билип алгыла. 
Америкалык мультсериал 1940- жылдан бери экрандан түшпөй келатат. 
Том менен Жерринин “аталары”- Уильям Ханна менен Жозеф Барбер деген 
мультипликаторлор. Томду Ирвин Спенс деген сүрөтчү күзгүдөн өзүн карап, 
мимика, кыймылдарын көрүп тарткан. Ал эми мышыкты Кеннет Мьюс 
тарткан. 
Томдун 1- сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин 
гана персонаждардын атын өзгөртүшкөн.
Мультфильмдин күйөрмандарынан келген каттарга ал кезде аты чыга 
элек актѐр Жек Николсон жооп берип турчу. 2001- жылы Уильям Ханна
2006- жылы Жозеф Барбер дүйнөдөн өтсө да, алардын сериалы бүгүнкүгө 
дейре шедеврге айланып келет. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   19   20   21   22   23   24   25   26   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет