Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет26/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

1-сап. 1 сөз, зат атооч
2-сап. 2 сөз, сын атооч. 
3-сап. 3 сөз, этиш. 
4-сап. 4 сөз, фраза. 
5-сап. 1 сөз, 1-саптагы сөздүн синоними. 
Топтор өз флипчартына уста деген сөзгө синквейн түзүшөт. 
Биргелешип, кеңешип, бири-биринин пикирин угуп иштешет. Алардын 
түзгөн синквейни мындай болушу мүмкүн: 
1. Уста 
2. Өнөрлүү, эмгекчил 
3. Иштейт, ойлонот, жасалгалайт. 
4. Эл ичи- өнөр кенчи. 
5. Киши. 
Ар бир топ өзү түзгөн Синквейнин презентациялашат. Уста жөнүндө 
өздөрүнүн билгендерин баяндап айтып беришет. 
Потенциал: Бул ыкманын жардамы менен окуучулар билген 
маалыматтарын топтоштурууга, чыгармачылык менен иштөөгө, бири-


103 
биринин пикирин баалай билүүгө үйрөнүшөт. Ыр жазып жатам деп 
шыктанышат, ыр жазууга далалаттанышат. 
Үйдөн макалдарды көчүрүп жазып, андагы үндүү жана үнсүз 
тыбыштарды ажыратып белгилешет. 
Окуучулардын билими сабактын көрсөткүчтөрүнө жараша бааланат. 
Кунт коюп түшүнүп окуу методу текст менен иштөөнүн жаңы ыкмасы 
катары саналып, окутуу процессине бардык окуучуларды тартууга, окулуп 
жаткан темага карата кызыгууну жогорулатууга, балдардын ой жүгүртүү 
ишмердүүлүктөрүн ылдамдатууга жардам берет. Алар кептик, тилдик, 
ошондой 
эле 
социалдык- 
коммуникативдик 
компетенттүүлүктөрдү 
калыптандырууга багытталган. Буларга: эки бөлүктүү күндөлүк, инсерт, 
пирамидалык окуя адашкан логикалык чынжыр стратегиялары кирет. Бул 
ыкмалалардын ичинен башталгыч класстарда эне тилин текстке 
байланыштуу окутууда колдонуу үчүн эң ыңгайлуусу жана алгылыктуусу 
инсерт жана пирамидалык окуя стратегиялары болуп саналат. 
Инсерт- англис тилинен которгондо эффективдүү окуу, түшүнүү, 
ойлонуусун интерактивдүү белгилөө системасы деген сөз айкаштарынын баш 
тамгаларынан кыскартылып алынышы. Кыргыз тили текстке байланыштуу 
сабагында окуу китебиндеги текст менен иштөөдө окуучуларга өз 
түшүнүктөрүн сезип, туя билүүгө мүмкүнчүлүк берип, мурдагы алган 
билимдерин эске түшүрүү үчүн колдонулат. Инсертти колдонууда 
окуучулардын текстти окуп, түшүнүп, сынчыл ой жүгүртүү менен 
талдоосуна жетишүүгө мүмкүн. Инсерт стратегиясы менен өз алдынча, 
жупта, топто иштетүүгө болот.
Бул стратегиянын төмөнкүдөй өнүгүү баскычтары бар: 
Чакыруу. Ой жүгүртүүнү талап кылып, акылдын иштешин мажбурлоо, 
сынчыл ойлоого, акылдын таймашуусуна чакырат. 
Түшүнүү. Текстти ой жүгүртүп окуп, талдоо. Маанисин түшүнүү, талдоо 
үчүн өз пикирлерин айтуу. 
Ойлонуу. Маалыматты түшүнүп, маанисин билүү. 


104 
Инсерт стратегиясы менен иштөөнүн иш- кадамдары: 
1. Окуучуларга тема берилет да, ал тема боюнча “акыл чабуулу” стратегиясы 
аркылуу “тема боюнча эмне билесиңер?” деген суроо коюлат. Билгендерин 
өз алдынча жазышат. 
2. Жазгандарын жупта бири- бири менен талкуулап, толукташат. 
3. Тема боюнча текст таратылат. 
4. Төмөнкү интерактивдүү белгилер менен иштөө боюнча көрсөтмө берилет: 
V- мен үчүн тааныш маалымат. 
+ - мен үчүн жаңы маалымат. 
- менин буга чейин билгениме карама- каршы. 
? - мен үчүн түшүнүксүз, бул маселе боюнча кененирээк маалымат алгым 
келет. 
5. Түгөйү менен пикир алышат. 
6. Топ менен таблица толтурулат.
7. Текст боюнча окуучулардын билими текшерилет. 
Ким канчалык деңгээлде түшүнгөндүгү бааланат. 
Тексттин мазмунун талкуулап, ой бөлүшөт. 
Потенциалы: Бул стратегия менен иштөө аркылуу төмөндөгүдөй максаттар 
ишке ашырылат: 
1. Чакыруу- билгендерин айтып беришет. Акыл чабуулу стратегиясы 
колдонулат. Окуучулар тема боюнча оюн топтоого, көңүл бурууга, 
ойлонууга проблемалык жагдай түзүлөт. 
2. Түшүнүү- ар бир окуучунун билим деңгээли, лексикалык байлыгы ар 
башка болгондуктан, ар ким өз алдынча билгенин, же тескерисинче билбеген 
түшүнүктөрүн белгилешет. Өз алдынча, жупта жана топто иштешет. Бири- 
бири менен маалымат алмашып, текстти талкуулашат. Тааныш эмес 
түшнүктөргө жана тексттин жалпы, негизги мазмунуна ой жүгүртүшөт, 
түшүнөт. Окуя эмне жөнүндө, кайсы убакта болгонуна көңүл бурулат. 


105 
3. Ойлонуу. Мурунку жана кийинки идеяларды салыштырып, кошумчалап, 
талдашат. Маалыматтарды жыйынтыктап, топтоп, системалаштырат. 
Каталарын таап, баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 
Башталгыч класстардын окуучуларына бул стратегия менен иштөөнү 
жөнөкөйлөштүрүп, мындай формада берүүгө болот: 
Б- билчүмүн, 
Б- билдим, 
Б- билгим келет. 
Сабактын темасы: Жөнөкөй жана татаал сүйлөм 
Сабактын максаттары: 
* билим берүүчүлүк: жөнөкөй жана татаал сүйлөм жөнүндө маалымат 
алышат, аларды бири-биринен ажырата алышат; 
* өнүктүрүүчүлүк: жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөргө мисалдарды түзө 
алышат, аларды тексттен таба алышат
* тарбия берүүчүлүк: нанды баалай билүү керектигин, аны коромжуга 
учуратпоо керектигин баамдап билишет. 
Көрсөткүчтөр: 
Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде: 
* жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү бири- биринен ажырата билишсе; 
* жөнөкөй сүйлөмдөргө мисал түзө алса; 
* татаал сүйлөмгө мисал түзө алса; 
* тексттин тутумунан жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү таба алса; 
* тексттин мазмунун түшүнсө; 
* аны Инсерт стратегиясы менен талдай алса; 
* нанды баалай билип, аны коромжуга учуратпоо керектигин түшүнсө. 
Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү. 
Сабактын методу: интерактивдүү 
Сабактын формасы: Инсерт 
Сабактын жабдылышы: таблица, сүрөттөр, ар бир окуучуга бирден карандаш, 
текст. 


106 
Сабактын жүрүшү: 
1. Уюштуруу. 
2. Өтүлгөн теманы кайталоо. Өткөн сабактагы “Илептүү сүйлөм” темасын 
кайталоо. Үй тапшырмасын текшерүү. 
Жаңы сабак: Жөнөкөй жана татаал сүйлөм темасын таблицанын жардамы 
менен түшүндүрүү. 
Бышыктоо:Көнүгүүлөрдү иштетүү. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет