Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет24/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   20   21   22   23   24   25   26   27   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Сөздүк: 
персонаж- каарман 
шедеврге айлануу- дүйнөлүк атак-даңкка ээ болуу 
Шедеврге айланган мультфильмдин тарыхы жөнүндөгү тексттин жардамы 
менен көнүгүү-машыгуу иштерин жүргүзүү. 
1-көнүгүү. Текстти окуп чыгып, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. 
2-көнүгүү. Тексттин 1-2- абзацын көчүрүп жазып, этиштердин алдын 
сызгыла. 
3-көнүгүү. Табышмактарды жандыргыла. Жандырмактары менен этиштерди 
катыштырып сүйлөмдөрдү түзгүлө. 
Итче отуруп, 
Адамча жуунат. 
(м . . . к) 
Тону бар, киерине чапаны жок 
Муруту бар, ээгинде сакалы жок 


97 
Пайдасы үй ичинен табылган соң, 
Талаага барып келер сапары жок. 
(м . . . к) 
Эй- эй десең качып чыгат
Кендир капты тешип чыгат. 
(ч . . . . н) 
4-көнүгүү. 3-4- абзацын көчүрүп жазып, этиштерди тапкыла. Аларга суроо 
бергиле. 
5-көнүгүү. Том менен Жерринин кыймыл- аракетин кластер түрүндө 
көрсөткүлө. 
Сүрөт 2.3.2.- Кластер түзүү 
 
 
 
 
 
Сөздүк иштери. Жаңы сөздөрдү сөздүк дептерлерине жаздыртып, аларды 
жаттатуу жана алар менен сүйлөмдөрдү түздүрүү. 
Том жана Жерринин кыймыл-аракетин кластер түрүндө көрсөтүү 
тапшырмасын аткартуу. 
Окуучуларды топторго бөлүп, аларга флипчарт, маркер таратуу жана кластер 
түзүү ыкмасын эстерине салуу. 
Том эмне кылат? Жерри эмне кылат? деген суроолор менен окуучуларга 
кайрылуу жана алардын жоопторун доскага жазуу. Топтордо иштетүү. 
Кластер түздүрүү жана ар бир топко презентация өткөртүү. Кластердеги 
этиштердин кыймыл-аракеттин кайсы учурун көрсөтүп жаткандыгын 
аныктатуу.
Үйгө тапшырма: Мультсериалдын каалаган эпизодун тартып, ага 
карата кыскача текст түзүү. 
Том эмне 
кылат?
Жерри 
эмне 
кылат?


98 
Баалоо: Көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат. 
Башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда 
синквейн интерактивдүү стратегиясын пайдалануу жакшы натыйжа берет. 
Окуучулар синквейн түзүү үчүн алган билимдерин пайдаланат, сөздүк 
запасын колдонот, ыр жазып жатам деп шыктанып, чыгармачылык менен 
иштөөгө аракеттенет. Синквейн- окуучунун эркин, сынчыл ой жүгүртүүсүнө, 
сөз байлыгын арттырууга, чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө түрткү 
берет, сөздөрдүн эң маанилүүсүн тандап, татаал идеяларды түзүп, түшүнүгүн 
синтездештирип, сүрөттөөгө, ой жүгүртүүгө шыктандырат. Окуучулар 
берилген негиз сөздү талдап, чечмелешет. 
“Синквейн” деген сөз француз тилинен алынган, “беш” деген 
түшүнүктү билдирет. (Женни Стил, ж.б. “Дальнейшие методы, 
способствующие развитию критического мышления”. Б.- 1998.) Синквейн- 
сөзсүз уйкаштыкты талап кылбаган, рифмалашпаган, ойду жыйынтыктоочу 
каражат катары колдонуп, окуучулардын ой жүгүртүүсүн ойготуп, 
ойлонулган рефлекцияларды талап кылган түшүнүктөрдүн жыйындысынан 
турган “5 сап ыр”. 
Синквейн түзүүнүн максаты: 
татаал маалыматтарды топтоштурат; 
окуучулардын билим деңгээли, түшүнүгү байкалат, бааланат; 
чыгармачыл шык- жөндөмүн, алган билимдеринин негиздерин
маалыматтарын ырааташтырат. 
Синквейн түздүрүүнүн билим берүүчүлүк, өркүндөтүүчүлүк, тарбия 
берүүчүлүк касиеттери бар: 
билим берүүчүлүк: билимдерди, түшүнүктөрдү, маалыматтарды 
жыйынтыктоого, топтоштурууга, ыраатташтырууга, талдоого багыт 
берет. Эне тили сабагында өтүлгөн зат, сын, ат атоочторду, этиш 
сөздөрдү, ж.б. сөз түркүмдөрүн колдонуп, синоним сөздөрдү, 
маанилеш сөздөрдү талдап, эң маанилүүсүн тандап алууга түрткү 
берет. 


99 
өнүктүрүүчүлүк: синоним, маанилеш сөздөрдү таап, талдоо менен, сөз 
байлыгы артат, чыгармачылык менен иштеп, жаңы идеяларды таап, өз 
оюн айтууга машыгат, ой жүгүртүүсү өсүп, ыр жараттым деп 
шыктанат. 
тарбия берүүчүлүк: өз алдынча, жупта, топто иштөөдө биргелешип 
иштөөгө, кеңешип, бири- биринин пикирин баалоого көнүгүшөт, 
толеранттуулукка тарбияланышат. 
Иш кадамдары: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   20   21   22   23   24   25   26   27   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет