Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет32/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

 
 
Балдардын бактысы үчүн 
Дүйнө жүзүнүн ак ниеттүү адамдары жыл сайын 1- июнда Балдарды 
коргоонун эл аралык күнүн белгилешет. Бул күн 1949- жылдын ноябрь 
айында кабыл алынган эле. 
Андан бери 60 жылдан ашуун убакыт өтүп баратат. Тынчтык үчүн 
күрөш барган сайын кулач жаюуда, аткени балдарды коргоо- бүткүл ак 
ниеттүү адамзаттын иши. 
Бизде балдардын жакшы дем алуусуна кеңири шарттар түзүлгөн. Жыл 
сайын 25- майдан баштап балдар үчүн ар түрдүү иш чаралар өткөрүлөт. 
Балдар театрларда оюн көрүшөт. Өздөрү да чыгармачылыкка үйрөнүшөт. 
Каникул күндөрүндө кооз жайларга, жаңы жерлерге саякат жасашат. 
Сөздүк: 
кулач жоюуда- кеңейтүүдө, көбөйтүүдө
саякат- жер кыдырып, жер көрүү 
1- көнүгүү. 
Текстти окуп, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. 
2- көнүгүү. 
Тексттин 1- абзацын көчүрүп, иреттик сан атоочторду тапкыла. Аларга суроо 
бергиле. 
3- көнүгүү. 
Тексттеги иреттик сан атоочторду сөз менен жазгыла. 
4- көнүгүү. 
Төмөнкү эсептик сан атоочтордон иреттик сан атооч жасагыла: Алар менен 
сүйлөмдөрдү түзгүлө. 
беш 
жыйырма бир 
алты
-ынчы 
он 
Заттын иретин көрсөтүп, канчанчы?, неченчи? деген 
суроолорго жооп берген сан атоочтор иреттик сан атооч деп аталат. 
Мисалы: төртүнчү класс, экинчи катар, бешинчи көчө. 


140 
жүз 
5- көнүгүү. 
Сан атооч боюнча таблицаны толтургула. 
эсептик сан
иреттик сан 
Адептүүлүк 
Бир илимпоз киши бир бай менен сүйлөшүп турган эле. Ошол кезде 
алардын алдынан бир жарды адам өтүп бара жатып, окумуштууга ийилип 
салам берди. Окумуштуу башын андан да төмөн ийип саламдашты. Анда 
жанында турган бай: “Таксыр, сиз илимдин адамысыз, ал- кедей. Сиз эмнеге 
ага баш ийип саламдашасыз?”- деп сурады. Анда илимпоз: “Эч бир илим- 
билимден кабары жок киши мага ийилип, адептүүлүктү көрсөтүп жатса, мен 
андан адепсиз болуп көрүнсөм ылайык келбес бекен?”- деген экен. 
Ы.Алтынсарин 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет