Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет28/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Схема 2.3.1.- Сүйлөмдүн бөлүнүшү 
Сүйлөм 
айтылышына карай 
жай 
суроолуу 
буйрук 
илептүү 
түзүлүшүнө карай 
жөнөкөй 
татаал 


108 
7- көнүгүү. Төмөнкү текстти окуп чыгып, ага ат койгула. Түшүнгөнүңөрдү 
сүйлөп бергиле: 
Нан- биздин байлыгыбыз. Нансыз жашоо да, тиричилик да болбостугу 
жалпыбызга маалым. Нан канчалык көп болсо, ошончолук береке болот.
Колубуздагы ак нан баба- дыйкандардын эмгегинен жаралат. Ал көптөгөн 
түйшүк менен биздин дасторконубузга келет. Ошондуктан, аны коромжуга 
учуратпайлы. 
8-көнүгүү. Макалдардын маанисин чечмелегиле.
Элдин даңкын эл билет, 
Жердин даңкын дыйкан билет. 
Ким эмгекти сүйсө, аны ден соолук сүйөт. 
“Элдик байлык” текстин Инсерт стратегиясы боюнча талдоо: 
1. Окуучуларга нан жөнүндө эмне билесиңер? деген суроо берилет. 
Окуучулардын жооптору доскага жазылат. Нан жөнүндө маалыматтарын 
бири-бирине айтышат. 
2. Инсерт стратегиясы боюнча таблицаны толтуруу эрежеси кайталанат, аны 
дептерлерине чийишет. 
3. Окуучуларга текст таратылып берилет. Алар аны окуп, таанышышат. 
4. Тексттин мазмуну боюнча Инсерт таблицасын толтурушат. 
5. Бир нече окуучу өз ишин презентациялайт. 
Потенциал: Инсерт стратегиясы аркылуу буга чейин билгендерин жана жаңы 
алган маалыматтарын системалаштырып, талдоого үйрөнүшөт. 
Үй тапшырмасы: “Нан- биздин байлыгыбыз” деген темада жөнөкөй жана 
татаал сүйлөмдөрдү катыштырып, аңгеме түзүп келишет. 
Окуучулардын билими сабактын максаттарына карата берилген 
көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат. 
Окутууну уюштуруунун формалары.Латын тилинен которгондо 
«форма» термини сырткы көрүнүш, сырткы мүнөздөмө деген маанини 
түшүндүрөт. Окутууну уюштуруу формалары төмөнкүлөр: 
Стандарттуу; 


109 
Стандарттуу эмес. 
Стандарттык сабак нормативдик документтер менен коштолуп, 
максаты, милдети өтүү ирети алдын - ала аныкталган окуу формасы болуп 
саналат. 
Стандарттуу сабак төмөнкүдөй бөлүнөт: 
аралаш; 
жаңы билимди өздөштүрүү; 
алган билимин бышыктоо; 
билгичтик, көндүмдөрдү өздөштүрүү; 
алган билимин толуктоо, жалпылоо, системага келтирүү; 
алган билимин, билгичтигин жана көндүмүн текшерүү жана баалоо. 
Стандарттык эмес сабакты уюштуруунун максаты, өтүү ирети, 
алардын байланыштары, милдеттери ар бир педагогдун чыгармачыл 
изденүүсүнөн улам аныкталат. Мындай сабак адатта, кайсы бир деңгээлде 
өтүлгөн материалдарды жалпылоо үчүн, аныкталган системаны иштеп чыгуу 
үчүн өтүлөт. Ошондуктан стандарттык жана стандарттык эмес сабактарды 
бири-бири менен айкалыштырып, окуу мазмунунун татаалдыгына ылайыктап 
өтүү зарыл.
Сабактын стандарттык эмес түрү окутуу процессин натыйжалуу 
уюштуруу максатында өзгөрмөлүү жана кайталангыс түзүлүшкө ээ болгон 
формасы катары окуу процессинде көптөгөн жаңылыктарды жана 
күтүлбөстүктөрдү алып келип, окуучулардын жалпы кызыгуусун арттырат. 
Cтандарттык эмес сабактын кээ бир түрлөрү төмөнкүлөр: 
оюн түрүндө; 
мелдеш түрүндө; 
конкурс; 
диспут; 
конференция; 
экскурсия, 


110 
Буларга кошумча дагы окутуунун уюштуруу формалары катары
төмөнкүлөрдү атоо ылайык: 
өз алдынча иштөө,жуп менен иштөө,топто иштөө; 
талкуу, дебат, ток шоу, интервью, презентация, пресс 
конференциялар; 
лекция сабак, семинар, зачеттук сабак, сабак-практикум, сабак- 
сахна, сабак-жомок, ролдук оюн, теле көпүрө сабагы, сабак-
экскурсия,реферат, тест, ж.б. 
Эне тилин текстке байланыштуу окутуудагы оюн формасындагы 
сабактар да натыйжалуу колдонулат.  
Мугалимдин милдети- окуу процесси учурунда өзгөчө моментти таап, 
тексттин маанисин балдарга алар кызыгуу жана каалоо менен өз алдынча 
окууга умтулгандай кылып, тартуулашы керек.
Бул учурда мугалимге укмуштуудай дидактикалык өнүктүрүүчү 
оюндардын дүйнөсү жардамга келет. Бул оюндар балдарга позитивдик 
эмоция тартуулап, аткара турган иштерине оң мамиле кылууга чакырат, 
жалпы иш жөндөмдүүлүктөрүн арттырып, окулган тексттин мазмунун 
түшүнүүгө, ролдоштуруу жана оюн аркылуу аны кайра чагылдырып 
берүүгө, чыгарманын негизги маанимаңызын бөлүп алууга жардам берет. 
Окулгандын мазмунун эмоционалдык кабылдоо жана түшүнүү 
дидактикалык оюн аркылуу болгондо, тексттин тили балдарга түшүнүктүү 
тилге (түшүнүк жана кыймыл) которулат. 
Дидактикалык оюндар балдардын кыймылдык, сенсордук жана 
интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрөт. Комплекстүү таасир этүү 
баланын интеллектин жалпысынан өнүктүрүү менен, жеке сапаттарынын да 
(кептик, чыгармачылык ж.б.) өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. 
Оюн ыкмасы нормалдуу психологиялык климатты, чыгармачылыкты 
талап кылуучу жагдайды пайда кылып, айрым окуучулардын өз алдынча 
ырааттуу иштөөсүнө шарт түзөт.


111 
Л.В.Усенко, О.И.Дудкина авторлугунда “Оюн аркылуу текстти 
түшүнүү” аттуу методикалык колдонмодо текстти түшүнүүдө ар түрдүү 
дидактикалык оюндарды колдонуу ыкмалары сунушталган. 
Төмөндө сабак-сахна формасындагы сабактын түрү сунушталат: 
Балдардын ичинен окулган жомоктогу каармандардын образын 
жаратчу жана алардын ролун үндөштүрчү “артисттер” тандалып алынат. 
Жомокту драмалаштырууга бардык балдар катышат. Эгер аткарууда роль 
жетпей калса, жомоктун башкы каармандарына жардамчы же тоскоол болуп, 
кээде баш каармандардын абалынан кабар берүүчү, бак-дарактар, бадалдар, 
шамал, куштар ж.б. спектаклдин активдүү катышуучулары болуп 
киргизилиши мүмкүн. 
Балдарды 
драмалаштырылган 
оюнга 
даярдоо 
төмөнкүдөй 
ырааттуулукта жүргүзүлөт: 
Көркөм чыгарманын сабакта окулушу, анын мазмуну боюнча 
маектешүү 
Иллюстрацияларды жакшылап кароо (декорация, костюмдардын 
элементтери). 
Көркөм чыгарманын кайталап окулушу, ролдоштуруп окуу, өз сөзү 
менен кайра айттыруу, интонация, жаңсоо, ымдоо, сыяктуу иштердин 
талданышы. 
Балдардын арасында ролдорду бөлүштүрүү. 
Спектаклдин болжолдуу сценарийи 
Жомокту коюуга катышкандар: 
Күн 
Шамал 
Абышка 
1-көрүнүш 
Бир күнү күн менен шамал талашып- тартышып калышты. 
“Мен баарынан күчтүүмүн”,- деди шамал мактанып. 


112 
“Жок, сен баарынан күчтүү эмессиң,”- деп, каршы болду, күн. Шамал өз 
күчүн күндүн көзүнө көрсөтүп далилдегиси келип: 
“Кел анда, экөөбүз мелдешели, тээтиги тон кийген абышканы 
көрдүңбү? Ким анын тонун үстүнөн чечип алса, ошол күчтүү болот”,- деди. 
Күн анын айтканына макул болду.
2-көрүнүш 
Күн булуттун артына жашынып карап турду, шамал болсо, кишиге 
келип, анын тонунун этек- жеңин делбиретип учура баштады. Киши тонун 
кымтылап, ага бекем жармашты. Шамал болгон күчү менен катуу учуруп 
кирди. Бирок, шамал канчалык катуулаган сайын, киши да ошончолук 
кымтыланып, тонун коѐ берген жок. Акырында шамалдын күчү кетип, тонду 
чече албасына көзү жетти да, күнгө кайтып келди.
3-көрүнүш 
Эмки кезек күнгө келди. Ал жашырынган булуттун артынан чыгып, 
кишиге жылуулугун чачып, жылмая карады. Киши да күнгө жылмая карап, 
тонун чечип таштады. Ошондо күн шамалга карап: 
“Досум, жумшак, жакшы мамиле кылуу- оройлук менен залимдиктен 
күчтүү болот”,- деди жылмайып. 
Оюн ыкмасынын дагы төмөнкүдөй түрлөрү бар: 
1. Мисалы, “атаандаштык окуу оюну”. Мында окуучулар эки топко 
бөлүнүшөт. Ар бир топтон бирден окуучу доскага чыгып, бири экинчисине 
тема боюнча суроо берет. Экинчиси туура жооп берсе, кайра биринчиси 
суроо берет. Эгер туура жооп бере албай калса, биринчиси суроо берүүнү 
улантат. Туура жоопко бир балл берилет. Жооп бере албаса, ноль балл алат. 
Белгиленген убакыттын ичинде кимиси көп балл алса, ошонусу жеңишке 
жетишет. Суроо менен жооптун санына, мазмунуна, алардын тактыгына, 
кыскалыгына жараша бааланат. Эгерде жооп берип жаткан окуучу кыйналып 
баратса, бир- эки жолу өз тобуна кайрылууга укугу бар. Бирок алар суроонун 
жообун айтпастан, жардам гана көрсөтүүлөрү керек. Эки окуучунун 
таймашы аяктаган соң, башка эки окуучу чыгып, оюн уланат. 


113 
Мындай оюнду уюштуруудан мурун окуучуларды даярдоо талап 
кылынат. 
Окуучулар 
суроолорду 
түзүүдөн, 
аларды 
туура 
формулировкалоодон кыйналышат. Ошондуктан айрым учурларда мугалим 
суроо түзүүгө жардам берет. Суроо түзүүдө окуучулар ал теманы жакшы 
өздөштүргөн болууга тийиш. Суроо түзүүдө окуучулар стандарттуу 
суроолорду эле бере бербестен, ойлонууну талап кылган проблемалуу 
суроолорду да берүүгө аракеттенишип, изденүүчүлүк жөндөмү артат. 
Мындай атаандаштык оюну предмет боюнча гана билимин өркүндөтпөстөн, 
кругозорун кеңейтүүгө, предмет аралык байланыштарды ишке ашырууга, 
өздөштүрүүчү темага ар тараптуу мамиле жасоого багыт берет. 
2. “Туюк чынжыр” окуу оюнунда окуучулар столду тегеректеп отурушат. 
Мугалимдин аныктоосу боюнча алгачкы суроо окуучулардын бирине 
берилет. Ал суроого жооп берсе, өзүнүн оң жагындагы окуучуга өз суроосун 
берет. Ал эми жооп бере албай калса, ошол эле суроого анын оң жагындагы 
окуучу жооп берип, суроону андан ары улантат. Мугалим окуучулардын 
жоопторун 
белгилеп, 
берген 
суроолорунун 
жана 
жоопторунун 
маанилүүлүгүнө көз салып турат. Мындай оюнга окуучулардын бардыгы 
бирдей укукта катыша алышат. 
Тема: Сын атооч 
Теманы бышыктоо үчүн мугалим окуучуларга “чынжырча” оюнун 
сунуштайт. Биринчи команда же биринчи катар даамды билдирген сын 
атоочторду атап бериши керек. Ал эми экинчи команда адамдын мүнөзүн 
билдирген сын атоочторду атайт. Окуучулар кезек менен сөздөрдү айтышат. 
Тийиштүү сын атоочту айта албай калган окуучу оюндан чыгат. 
Оюнчулардын көпчүлүгү калган команда жеңет. 
Тема: Адамды сүрөттөө 
Мугалим ар бир окуучуга карточкага өзүнүн атын жазып, кутучага салып 
койгула деген тапшырма берет. Андан кийин окуучуларга төмөнкү суроолор 
менен анкеталарды таратат: 
- сенин классташыңдын аты, жөнү; 


114 
- жашы; 
- туулган күнү; 
- дареги; 
- анын сырткы келбетинин сүрөттөлүшү; 
- анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аттары; 
- ал эмне кылганды жакшы көрөт; 
- сага анын кайсы сапаттары жагат. 
Мындан кийин окуучулар кутучадан классташынын аты жазылган бир 
карточканы алып чыгышат да, анын жанына барып, анкетанын 
суроолору боюнча маек курушат. Маектешүүдөн кийин бир барак 
кагазга классташынын өмүр баянын жазышат. Андан кийин окуучулар 
бири бирине иштерин белек кылышат.
“Мен киммин?” деп аталган дидактикалык оюн да абдан пайдалуу. 
Окуучуларга бири-биринин портретин сүрөттөө сунушталат. Андан 
кийин ар бир портреттик мүнөздөмө окулат, бирок ким сүрөттөлүп 
жатканы айтылбайт, класс ким жөнүндө сөз болуп жатканын табышы 
керек. Бул оюн абдан кызыктуу өтөт. Балдар аларды классташтары 
кандай элестете тургандыгы жөнүндө билгилери келет. Ар бир окуучу 
классташынын портретин оригиналга окшош кылып, бардыгы таба ала 
тургандай сүрөттөөгө умтулат.Бул ыкмалар окуучуларды бири-бири 
жөнүндө көбүрөөк билүүгө, тексттин функционалдуу бир тибин аныктоо 
боюнча билимдерин бышыктоого өбөлгө болуп, байланыштуу кеп 
көндүмүн калыптандырат. 
Мындай мүнөздөгү сабак- оюндары окуучуларды берилген тема 
боюнча системалуу ой жүгүртүүгө багыттап, билимин, билгичтиктерин, 
көндүмдөрүн калыптандырууга шарт түзөт. Бул ыкма эне тилин текстке 
байланыштуу окутууда колдонулуучу алгылыктуу ыкмалардан болуп 
эсептелет, анткени тексттин мазмунун талдоо, изилдөө үчүн жана анын 
негизинде грамматикалык материалдарды өздөштүрүү үчүн окуучулар оюн 
түрүндө бири- бирин сурамжылап, суроо түзүп, ага мазмундуу жооп берүү 


115 
менен өз оюн эркин жана ыраттуу баяндоого, алган билимдеринин 
негиздерин турмушта пайдалана билүүгө үйрөтөт. Мындай окуу оюндарын 3- 
класста “Сөз түркүмдөрү”, “Зат атооч”, “Жандуу заттарды билдирген зат 
атоочтор”, “Жансыз заттардын атын билдирүүчү зат атоочтор” темаларын, 4- 
класста “Сын атооч”, “Катыштык сын атооч”, “Жөнөкөй сын атооч”, “Татаал 
сын атооч”, “Жөнөкөй сан атооч”, “Татаал сан атоочтор”, “Сан атоочтордун 
жазылышы” деген темаларды өтүүдө жүргүзүүгө болот. 
Интеграцияланган сабактарды өтүү эне тилин окутуунун маанилүү 
ыкмаларынын бири. Интеграцияланган сабак- ар кандай предметтин окуу 
материалын мазмундук жана процессуалдык жактан синтездөө болуп 
саналат. Бул проблема көптөгөн философиялык илимге киришүү, 
педагогикалык, 
логикалык 
адабияттарда, 
илимий 
изилдөөлөрдө 
чагылдырылган. [ Ильченко В.Р., Гуз К.Ж. Образовательная модель “Логика 
природы”. М.- 2003. – 240с.; Мамбетакунов Э. Формирование 
естествонаучных понятий школьников на основе межпредметных связей. – 
Б.- 1991- 240с; Чепиков М.Г. “Интеграция науки; философский очерк. –М. : 
Мысль, 1981- 276с. ] 
Илимий билимдерди интеграциялоо ар кандай жолдор менен, ар кандай 
формада ишке ашырылат: синтезделген комплекстүү илимдердин пайда 
болушу, изилдөө методдорунун изилдөөнүн объектисине жараша бири- 
бирине өтүп кетиши ж.б. 
Илимий билимдерди интеграциялоонун алгачкы этабы тектеш 
предметтерди байланыштырып окутуу, анын ичинде тектеш предметтердин 
фундаменталдуу түшүнүктөрүн калыптандыруу болуп эсептелет. 
Эне тилин окутуу процессинде сабактардын интеграцияланышы 
кыргыз тили менен адабий окуу, мекен таануу, сүрөт, этика сабактарынын 
ортосунда болот. Окуучуларга текст менен иштөөнү, тексттин мазмунун 
талдап, изилдөөнү үйрөтүү адабий окуу сабагы менен, айлана- чөйрө, Мекен, 
баалуулуктарыбыз жөнүндө темаларды үйрөтүү мекен таануу сабагы менен, 
тексттин мазмунуна карата сүрөт тартуу сүрөт сабагы менен, турмуш жана 


116 
тарбия бөлүмүндөгү материалдарды өздөштүрүү этика сабактары менен 
тыгыз байланышта жүргүзүлөт. Бул предметтердин бири- бири менен тыгыз 
байланышта өздөштүрүлүшү предмет аралык байланышты, аларды 
интеграцияланышын камсыз кылат. 
Окуучулардын негизги компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун бир 
багыты- предметтерди байланыштырып окутуу болуп эсептелет. 
Мектеп окуучусу өздөштүрүлүүчү предметтер аркылуу өзүн жана 
дүйнөнү таанып- билет. 
Эне тилин текстке байланыштуу окутуу процессинде интерактивдүү 
ыкмаларды пайдалануу, интеграцияланган сабактарды өтүү, предмет аралык 
байланыштарды ишке ашыруу окуучулардын негизги жалпы жана 
предметтик компетенцияларын калыптандыруу иш- аракети менен карым- 
катышта жүргүзүлсө, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга, билим, 
билгичтик көндүмдөрүн турмушта пайдалана билүүсүнө өбөлгө түзөрү анык. 
Педагогикалык адабияттарда предметтер аралык байланышка көптөгөн 
аныктамалар берилген, анын педагогикалык баасы туураалуу ар кандай ой- 
пикирлер жана түрдүү классификациялар бар. Авторлордун көбү предметтер 
аралык байланышты дидактиканын шарты деп аныкташканы менен, бул 
шартты ар бир автор ар башкача түшүндүрүшөт. Мисалы; Ф.Соколова: 
“Предметтер аралык байланыш окуу процессинин эффективдүүлүгүн 
өнүктүрүүнүн дидактикалык шартынын ролун аткарат”. [Ф. Соколова 
“Межпредметные связи в обучении”.- М: Просвящение, 1983. ] Кээбир 
окумуштуулар “Предметтер аралык байланыштар бир курстун логикалык 
мазмунунан, 
түшүнүктөрүнөн, 
белгисинен 
туруп, 
башка 
курстун 
предметинде чагылдырылышы”, же: “Предметтер аралык байланышты 
окутуу дисциплиналарынын мазмунунда жаратылышта объективдүү иш- 
аракет жасаган жана учурдун илими менен таанылган диалкетикалык өз ара 
байланыштын чагылдырылышы”,- деп аныктама беришет. 
Башталгыч класстарда эне тилин окутууда мекен таануу, математика, 
музыка, адеп сабактары менен байлыныштырып окутуу талапка ылайыктуу. 


117 
Алсак, Мекен жөнүндө, анын жаратылышынын кооздугу жөнүндө, 
географиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө материалдар Мекен таануу сабагы 
менен, улууларды урматтоо, ызаттоо, адамгерчилик, адептүүлүк жөнүндөгү 
тексттердин мазмуну адеп сабагынын материалдары менен дал келет. 
Башталгыч мектепте эне тили боюнча уюштурулган ар бир сабакта 
окуучунун чыгармачылыгын арттыруу максатын көздөп ой жүгүртүп, сүрөт 
тартуу, дене кыймылдарын жасатуу жана музыканын коштоосунда ырдатуу 
аркылуу эс алуу мүнөттөрүн уюштуруу ыкмалары колдонулат.
2-3-4-класстарда эне тилин окутуу адабий окуу, музыка сабактары 
менен карым-катышта жүргүзүлөт. Адабий окуу китебинен тексттерди алып, 
андагы сөздөрдүн лексикалык жана грамматикалык маанисине талдоо 
жүргүзүп, алардын маанилерин түшүнөт. 
Мугалим предмет аралык байланышты ишке ашыруу үчүн 
интеграцияланган сабактарды уюштура алат. Мисалы, кыргыз тили менен 
адабий окуу сабагынын, кыргыз тили менен мекен таануу сабагынын 
материалдарын бириктирип окутууга болот. Сөз түркүмдөрүн окутуп- 
үйрөтүүдө адабий окуу китебиндеги текстти, же мекен таануу окуу 
китебиндеги текстти пайдаланып, ал тексттердин негизинде тема боюнча 
көнүгүүлөрдү иштетүү менен, предмет аралык байланыш ишке ашырылат. 
Окумуштуу Т.Федорец “Окуучулардын илимдүүлүгү, мобилдүүлүгү, 
дүйнө таануучулук потенциясы предмет аралык байланышты түзө 
билүүсүнөн көз каранды”,- деп белгилейт. Окуучулардын өз алдынчалуулугу 
предмет аралык байланыштарды аныктап, ишке ашырууда мугалимдин 
максатка 
багыттап 
иштөөсүнүн 
натыйжасында 
калыптанат 
жана 
төмөнкүлөрдү камсыз кылат: 
окуучулардын өтүлгөн теманын негизги жоболорун жана окуу 
предметинин негизги идеяларын аныктоо билгичтигин өнүктүрүүнү; 
предмет аралык синтездин окуу ишмердүүлүгүндө кандай болсо, 
келечек практикасында негизги өндүрүштүк, социалдык жана илимий 


118 
маселелерди ишке ашырууда дагы ошондой эле зарылдыгын жана 
маанилүүлүгүн окуучулардын аңдап билүүсүн; 
кеңири предмет аралык негизде теманын жана жалпы дисиплинанын 
түйүндүү жоболорунун окуу материалдарын үйрөтүүнү уюштуруу 
боюнча билгичтигин өнүктүрүүнү. Предметтерди байланыштырып 
окутуу проблемасына дүйнөлүк окумуштуу педагогдор көп 
токтолгон.Алсак, 
белгилүү 
педагог 
Ян 
Амос 
Коменский 
грамматиканыфилософия менен байланыштырып окутуу керек десе, 
Джон Локк тарыхменен географияны байланыштыруу керектигин 
айткан. 
Кыргыз тилин башка предметтер менен байланыштырып окутуу, 
жогоруда белгиленгендей, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатат жана 
бул предметтен алган билгичтигин экинчи предметти өздөштүрүүдө 
пайдалана билүүсүн өнүктүрүүгө, башкача айтканда, алардын негизги 
компетентүүлүгүн калыптандырууга өбөлгө түзөт. Мисалы, кыргыз тилинин 
материалдарын текстке байланыштуу үйрөтүүдө тексттин мазмунуна талдоо 
жүргүздүрүү, текст боюнча көнүгүү- машыгуу тапшырмаларын аткаруу иш- 
аракеттерин адабий окуу сабагы менен тыгыз байланышта алып барат. 
. Мисалы, 4- класста “Тил. Кеп. Текст”, “Кептин түрлөрү” аттуу 
темаларды өтүүдө “Ата-эне туурасында бир эки ооз сөз” тексти 
пайдаланылат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет