Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Ата эне туурасында бир эки ооз сөз



Pdf көрінісі
бет29/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Ата эне туурасында бир эки ооз сөз 
Бардыгынан сүйүктүү биздин ата- энебиз. Ата- энебиз бизди 
төрөлгөндөн баштап багып өстүргөн. Атабыз биз үчүн кышында суукка 
тоңуп, жазында ысыкка күйүп, мал бакты. Энебиз ак сүтүн эмизип, ысык- 
сууктан сактап, “кагылайын, каралдым” деп өстүрдү. Ата- энебиз биз 
чоңоюп, эс кире баштаган соң, балам үлгүлүү жана билимдүү болсун деп, 
билим берди. Алар ар убакта биздин билимдүү болушубузду чың көңүлү 
менен тиледи. Ар дайым бизге жакшы үмүт- тилек, насаат айтып, чыныгы 


119 
адам болууга багыттады. Ошондуктан аларга жакшы кызмат кылып
иренжитпей, баталарын алуубуз керек. 
(И.Арабаев). 
Сөздүк: 
каралдым- үмүтүм, таянычым (баланы эркелетүүдө айтылат) 
иренжитпей- көңүлүн чөктүрбөй, капа кылбай. 
1-көнүгүү. Тексттен ата-эне тууралуу сүйлөмдөрдү көчүрүп жазгыла. 
2-көнүгүү. Макалдын маанисин чечмелеп, жазуу кебин түзгүлө. 
«Ата – аскалуу тоо, 
Эне – боорундагы булак, 
Бала – ортосунда жанып турган шам чырак». 
3-көнүгүү. Накыл сөзгө оозеки кепти уюштургула. 
“Ата- энеңди сыйласаң, өз балаңдан сый көрөсүң”. 
4- көнүгүү. Макалдарды көчүрүп жазгыла. Маанисин чечмелегиле. 
1. Ата сыйлаган абийир табат,
эне сыйлаган элге жагат. 
2. Балдары жакшы болсо, ата- эненин кабагы жарык, 
Балдары жаман болсо, ата- эненин кабагы салык. 
5- көнүгүү. Суроолорго жооп бергиле: 
- Тексттин автору жөнүндө эмне билесиңер? 
- Ал ата- эне жөнүндө эмне дейт? 
- Ата- эненин ак эмгегин актоо үчүн эмне кылуу керек? 
6- көнүгүү. Өз ата- энеңер жөнүндө аңгеме жазгыла. 
Эне тилин окутууда окутуунун интерактивдүү ыкмаларын пайдалануу 
окуучулардын жалпы жана предметтик компетентүүлүгүн калыптандырууда 
зор мааниге ээ. 
2.4. Окутуунун мазмуну 
2.4.1. Грамматикалык материалдарды окутуу. 


120 
Мугалимдин сабакка кылдаттык менен ар тараптан даярдык көрүүсү 
окуучуларга сапаттуу, туруктуу билим берүүсүнүн башкы шарттарынын 
бири болуп саналат. Бул үчүн мугалим грамматикалык материалдарды так 
пландаштырып алуусу зарыл. Ар бир сабакты пландаштыруудан мурда 
куррикулум менен, анда эне тили сабагына коюлуучу негизги талаптар 
менен, силлабустагы темалардын көлөмү, мазмуну менен таанышып чыгат. 
Куррикулумга ылайык, “Кыргыз тили” предметин өздөштүрүүгө 2- 
класста-104 саат, 3- класста 103 саат, 4- класста- 104 саат убакыт каралган. 
Куррикулумдун 
талаптарынын 
негизинде 
окутулуучу 
материалдар 
төмөнкүдөй пландаштырылган. (1- тиркеме). 
Грамматикалык материалдардын пландаштырылышы окуучулардан 
белгилүү гана эрежелерди, аныктамаларды гана талап кылбастан, 
орфографиялык эрежелерди билүүнү да талап кылуу зарыл экендигин 
көрсөтүп турат. 
Орфографиялык сабаттуулук көнүгүү- машыгуу иштерин ырааттуу 
жүргүзүү менен ишке ашырылары белгилүү. Ошол себептен грамматикалык 
темаларды пландаштыруу учурунда жазуу эрежелерин үйрөтүүгө да 
жетиштүү убакыт бөлүнөт. Пландаштырууда жаңы теманы үйрөтүү 
мезгилинде окуучулардын өткөн сабактарда алган билимдерине таянуу 
керектигин эстен чыгарбоо керек. Окуучулардын мурда өздөштүргөн 
билимдери менен жаңы ала турган билимдеринин ажырагыс байланышта 
айкалыштырылышы грамматикалык материалдарды терең билүүгө өбөлгө 
түзөт. 
Мисалы, сөздөрдү ташымалдоону үйрөтүүдөн мурда сөздөрдү муунга 
ажыратуу боюнча билимдерге, сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүн туура 
ажыратуудан мурда, сүйлөмдүн ээ, баяндоочу жөнүндөгү алган билимдерине 
таянууга болот. 
Граммматикалык 
темалардын 
өзгөчөлүгүнө, 
мүнөзүнө, 
оор- 
жеңилдигине жараша жаңы билим берүүчү жана алган билимдерин 
бекемдөөчү сабактарды туура уюштуруп, алгылыктуу методдор жана 


121 
ыкмалар менен окутууга өзгөчө көңүл бурулат. Жаңы теманы түшүндүрүүдө 
мугалим бир нече тилдик фактыларды талдап, тиешелүү бир корутундуга 
келсе, дагы бир учурда грамматикалык материалдарды бири- бири менен 
салыштыруу 
аркылуу 
түшүндүрөт, 
эрежелерди, 
аныктамаларды 
өздөштүрүүгө багыт берет. 
Окуучулар 2- класстан баштап грамматикалык түшүнүктөр жана 
грамматикалык терминдер менен таанышышат. Жаңы терминдерди жана 
алардын эрежелерин өздөштүрүүнүн үстүндө көнүгүү иштери ырааттуу 
түрдө жүргүзүлүп отурат. 
Мисалы, 3-класста зат атооч темасын өтүүдө биринчи ирет 
грамматикалык термин менен кездешишет. Алар заттын атын билдирген 
сөздөр зат атооч деп аталарын үйрөнүшөт. 
Окуучуларга теманы түшүндүрүүдө аларга материалды жеткиликтүү 
берип, анын эрежесин курулай жаттатуудан качуу керек. Орустун улуу 
педагогу К.Д.Ушинский грамматикалык эрежелерди маанисине түшүнбөстөн 
курулай жаттап алууга каршы туруп, тилдик фактыларды аң- сезимдүү түрдө 
кабыл алуу менен эске тутуу керек экендигин белгилеген. Грамматикалык 
эрежелер канчалык аң-сезимдүү кабыл алынган болсо, ошончолук балдардын 
көңүлүндө бекем сакталат. 
«Эреже дегенибиз, - дейт профессор Е.Н.Петрова, - бул тилдик 
материалдарга жүргүзүлгөн байкоодон келип чыккан илимий корутунду: 
оозеки жана жазуу речинин практикасына түздөн түз максаттуу багытталган 
жыйынтык болуп эсептелет».
Белгилүү окумуштуу В.Мусаева: “Кыргыз тилин окутуу- жалаң эле 
эреже, аныктамалардын жыйындысын окутууну максат кылбастан, тилди, 
кепти окуучулардын социалдык-рухий, кептик-коммуникативдик, өз 
алдынчалуулук, өз ой-пикирлерин ар кыл чөйрөлөргө ылайык оозеки, жазуу 
жүзүндө 
жеткиликтүү, 
далилдүү 
баяндай 
алуу 
көндүмдөрүн 
калыптандыруучу сабакка айлануусу зарыл”,- деп белгилейт. 


122 
Окуучу грамматикалык эрежелерди жана аныктамаларды курулай 
жаттап албастан, сезимдүү түрдө түшүнүү аркылуу өздөштүрүүгө тийиш, 
тилдин фактыларын салыштыра билип, өзгөчөлүктөрүн, окшоштуктарын 
ажырата билүүгө, эң негизгилерин бөлө билүүгө, корутундулай алууга 
тийиш. 
Окумуштуу 
Ф.Н.Бунаков 
грамматиканы 
окутууда 
эрежелерди 
өздөштүрүүнүн тартибин сактоонун зарылчылыгын төмөндөгүчө белгилеген:
Грамматикалык эреже окуучулардын өздөрү тарабынан (мугалимдин 
жетекчилиги астында) мисалдарды талдап, түшүнүүдөн келип 
чыккандай болсун; 
өтүлүүчү грамматикалык эрежелер оозеки жана жазуу жүзүндө 
жүргүзүлгөн көнүгүүлөр менен бекемделгендей болсун; 
- окуучулар грамматикалык эрежелерди жана терминдерди жаттап алуу 
менен гана чектелбестен, өтүлгөндөрдү эске салып, аларды толуктоо 
аркылуу кабыл алгандай болсун. 33, 115-б.
Окуучулардын грамматикалык эрежелерди аң-сезимдүү кабыл алышына 
жетишүүүчүн мугалим тарабынан ар кыл методикалык ыкмалар 
пайдаланылат. 
Эрежелерди жана аныктамаларды жакшы өздөштүрүүүчүн, аны 
составдык элементтерге бөлүп түшүндүрүү жакшы натыйжа берет. Андыктан 
мугалим алдын-ала грамматикалык эрежелерди карап чыгып, балдарга татаал 
боло турган жерлерин белгилейт. Ал татаал түшүнүктөрдү жеңилдетип, 
эреженин маанисин окуучулардын бардыгы түшүнгөндөй абалга алып 
келүүгө тийиш. Мисалы, зат атоочко берилген эрежени өздөштүрүүдө 
төмөндөгүдөй бөлүктөргө бөлүп (индукция) жана аны кайра бүтүнгө 
айландыруу (дедукция) методу менен түшүндүрүү жакшы натыйжаны берет: 
- Бул сөз эмнени билдирет? 
- Заттын атын билдирет. 
- Кандай суроого жооп берди? 
- Ким? эмне? деген суроолорго жооп берди. 


123 
- Демек, кайсы сөз түркүмүнө кирет экен? 
- Зат атооч сөз түркүмүнө кирет, - деген суроо-жооптун жардамы менен эң 
мурда зат атооч сөздөрдүн башка сөз түркүмдөрүнөн айырмаланып туруучу 
жеке белгиси (заттын атын билдиргендиги) андан кийин жалпы белгиси 
(кайсы сөз түркүмүнө кирери) көрсөтүлөт. Бирок бул эки белги менен эле зат 
атоочтун эрежеси мүнөздөлүп калбайт. Андан ары зат атоочтун 
грамматикалык белгилери жана анын синтаксистик кызматы баяндалат. 
Ал эми 3-4- класстарда зат атоочтун энчилүү жана жалпы аты, 
гграмматикалык категориялары өтүлгөндүгүнө байланыштуу эрежелерди 
формулировкасын өздөштүрүү2- класска караганда бир аз кеңейтилет: 
Мисалы: Эне- Сай деген сөз энчилүү зат атооч, анткени ал жердин аты. Эне- 
Сай- кыргыздардын байыркы Мекени деген сүйлөмдө ээлик милдетти 
аткарды. Ушул сыяктуу талдоолорду үйрөнгөндөн кийин гана зат атоочтун 
эрежеси сезимдүү кабыл алынат. Грамматикалык эрежелерди аң-сезимдүү 
кабыл алуу үчүн, өздөштүрүүүчүн төмөндөгүдөй талаптар аткарылууга 
тийиш. 
эрежелердин мазмунун түшүндүрүү; 
грамматикалык эрежелерди оозеки жана жазуу түрүндө көнүгүүлөр 
менен бекемдөө. 
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда зат атооч темасына арналган 
түрдүү мазмундагы, түрдүү тапшырмалары бар оозеки жана жазуу түрүндөгү 
төмөндөгүдөй көнүгүүлөрдү тексттин негизинде иштетүү менен, мугалим 
бул теманы окуучулардын толук өздөштүрүүсүнө, алардын оозеки жана 
жазуу кебинөстүрүүгө, ошондой эле алардын ойлоосун өстүрүүгө жетише 
алат: 
Текст: “Сууну пайдалануу” 
Суу адамга ичиш жана тамак-аш даярдаш үчүн гана зарыл эмес. Суу 
үйлөрдү, коомдук имараттарды, көчөлөрдү тазалыкта тутуу үчүн да керек. 


124 
Суу жолдору аркылуу адам кайыктарда, теплоходдордо сүзүшөт, азык-
түлүктөрдү жана машиналарды ташышат, карагай агызышат. Эгин талаасы 
сугарылат. Суунун жардамы менен тегирмен иштетилет. 
Суу электр тогун иштеп чыгаруучу машиналарды кыймылга келтирет. 
Өнөр жайдын бир да тармагы суусуз иштей албайт. Фабрикалар менен 
заводдордо суу боѐкторду эритиш үчүн, кездемелер менен булгаарыларды 
боѐо үчүн колдонулат. 
1- көнүгүү. 
Тексттен 3 сүйлөмдү көчүрүп жазып, зат атоочтордун астын сызгыла.
2- көнүгүү. 
Тексттен зат атооч сөздөрдү таап, көчүргүлө. Аларга суроо бергиле. 
3- көнүгүү. Тексттин мазмунуна Инсерт стратегиясы боюнча талдоо 
жүргүзгүлө: Үлгү: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет