Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет49/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   45   46   47   48   49   50   51   52   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 4.2.1.- Сабактын жүрүшү 
Сабактын 
структурасы 
Мугалимдин жана окуучунун иш-аракети 
Сабактын темасын, максатын жана милдеттерин айтуу 
Окуучулардын 
таяныч 
билимдери 
менен 
Окуучулар тексттен этиштерди табышат жана 
этиштин касиеттерин санап беришет. 


210 
билгичтиктерин 
актуалдаштыруу 
Эрежени аныктоо 
Мугалим окуучуларды берилген сүйлөмдөр 
бири-биринен 
эмнеси 
менен 
айырмалана 
турганын айтып берүүсүн суранат: Эмилбек келе 
жатат. Эмилбек келди. Эмилбек эртең келет. 
Окуучулардын жоопторун угуп, андан кийин 
мугалим аларды толуктайт. 
Жаңыдан 
алынган 
билимдерди 
бышыктоо (Тексттин 
негизинде 
көнүгүүлөрдү 
аткаруу) 
Класс кичи топторго бөлүнөт (4-5 адамдан). 
Топторго тексттер таратылат. 
ЭМИЛБЕК 
Апасын “мама” деп, 
Атасын “папа” дейт. 
Өзү кыргыз болсо да, 
Кызык сүйлөйт Эмилбек. 
Чычкан көрсө “мышка” дейт, 
Мышык көрсө “кошка” дейт. 
Кыргызчасын табалбай, 
Чекит койсо “точка” дейт. 
Жай күндөрү айылга, 
Эс алганы барыптыр. 
Желедеги кулунду, 
Көзү чалып калыптыр. 
“Маленький лошадь” деп, 
Бир кыйкырып алыптыр, 
Жанындагы балдарга, 
Күлкү болуп калыптыр. 
Эне тилин үйрөнүп, 
Эне тилде сүйлөйлү. 
Эмилбектей биз дагы, 


211 
Уят болуп жүрбөйлү.
 
 
 
“Байчечекей” журналынан 
Мугалим бардык топторго бирдей тапшырма 
берет: 
1. Тексттеги этиштердин алдын сызып койгула. 
2. Этиштин чагын аныктагыла, жообуңарды 
түшүндүргүлө. 
3. Ырдын мазмунун өз сөзүңөр менен айтып 
бергиле. Эмилбек эне тилин жакшы билет 
бекен? Эне тилин жакшы билүү үчүн эмне 
кылуу керек? 
Иштин жыйынтыгын топтор презентациялашат, 
мугалим иш-аракеттин натыйжасын жалпылайт 
жана теманы бышыктоо үчүн дагы эмнелерге 
көңүл буруу керек экенин баса белгилейт. 
Калыптандыруучу 
баалоо 
Мугалим окуучулардан 3 мүнөттүк эссе 
жазуусун суранат. Бул тапшырманы аткаруу 
үчүн мугалим окуучуларга төмөнкү суроолорду 
берет: 
Этиштин чактары жөнүндө сен эмнелерди 
билдиң? 
Кайсы суроолор сен үчүн дагы эле 
түшүнүксүз бойдон калды? 
Мугалим окуучуларга эссе жазууга убакыт 
берет. 
(2-3 
мүнөт). 
Окуучулар 
тапшырманы бүтүрүшкөндөн кийин кээ 
бир 
окуучуларды 
эсселерин 
окуп 
берүүсүн өтүнөт. 
Иштин 
жыйынтыктарын 
Окуучулар пайда болгон суроолор боюнча 
түшүндүрмөлөрдү алышат. Мугалим эсселерди 


212 
талкуулоо 
жана 
теориялык 
жактан 
интерпретациялоо 
чогултуп алат жана сабактан кийин аларды 
талдап, кийинки сабакты пландаштырат. 
Кыргыз тили сабагында кайтарым байланыш мугалимге окуп-үйрөнүү 
процесси кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу түшүнүк берет, 
окуучулардын жетишкендиктери жана көйгөйлөрү жөнүндө маалымдайт. 
Кайтарым байланыштын эки түрү бар: оозеки кайтарым байланыш жана 
жазуу түрүндөгү кайтарым байланыш. 
Кайтарым байланыштын кайсы түрү колдонулбасын, мугалим 
төмөнкүлөргө басым жасашы керек: 
окуучулар ийгиликтүү аткарган нерселерди белгилеши керек; 
окуучулар өз ишин андан ары жакшыртууга түрткү бере турган так 
сунуштарды бериши керек. 
Кайтарым байланыш: 
окуучу үчүн- окуудагы өз жетишкендиктерин жана кемчиликтерин 
билүүгө жардам берүүчү маалыматты алуу жана андан ары алдыга 
жылуу үчүн конкреттүү сунуштар. 
мугалим үчүн- окутуудагы кемчиликтерди билүүгө жардам берүүчү 
маалыматты алуу жана өз ишмердигине өзгөртүүлөрдү киргизүү 
(жаңы методдорду, окутуу техникаларын тандоо, сабактын 
убактысын бөлүштүрүүгө өзгөртүүлөрдү киргизүү ж.б.) 
Мисалы, 4-класста кыргыз тили сабагында окуучулар мугалим берген 
көнүгүүнү аткарып жатышат. Берилген көнүгүү аткарылгандан кийин, 
мугалим эми схема боюнча сүйлөм түзгүлө деп сунуштайт. Классты 
аралап жүрүп, мугалим окуучулардын биринин тапшырманы туура эмес 
аткарып жатканын байкайт. Окуучунун көйгөйүн түшүнүп, мугалим 
окуучуну доскага чакырып, сүйлөмдү аны менен бирге түзөт.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   45   46   47   48   49   50   51   52   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет