Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


  4.2. Эне тилин окутууда окуучулардын окуу жетишкендиктерин жана



Pdf көрінісі
бет48/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   44   45   46   47   48   49   50   51   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

 


205 
4.2. Эне тилин окутууда окуучулардын окуу жетишкендиктерин жана 
жазуу иштерин баалоо. 
Азыркы заманбап коомдо окуучунун окуу жетишкендиктерин баалоо 
системасы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди өлчөөнүн гана эмес, 
ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун да натыйжалуу 
куралы экендиги маалым. Баалоо системасы билим берүү процессинин 
максаттарына жана милдеттерине дал келген учурда гана билим берүүнүн 
сапатын жогорулатуунун натыйжалуу механизмине айланат. Баалоо 
окуучунун жашоосунда жана өзүнүн максаттарын ишке ашырууда зарыл 
болгон компетентүүлүктөрдү аныктоого багытталышы керек, бул 
окуучулардын жеке жетишкендиктеринин деңгээлине байкоо жүргүзүүгө 
мүмкүнчүлүк берет да, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшөт.
Бул 
жөнүндө 
окумуштуулар 
Ш.Амонашвили, 
Ю.В.Романов, 
Р.Ганзалис, А.Буркитова, О.Дудкина, С.Калдыбаев, А.Зимняя, А.Хуторской, 
Е.Перовский, М.Пинская, И.Фишман ж.б. өз эмгектеринде изилдешкен. 
“Башталгыч мектепте жүргүзүлүүчү калыптандыруучу баалоо” аттуу 
эмгегинде А.Буркитова жана О.Дудкина мындай деп белгилешет: 
“Педагогикалык иш- аракеттердин негизги принциби- окуучулардын 
өнүгүүсүнө көмөктөшүү болуп саналат. Окутуу жана баланын өнүгүүсү 
дайыма өзгөрүү процессине дуушар болуп турат. Башталгыч мектептеги 
окуучунун окуудагы өз алдынчалуулукка, демилгелүүлүккө жана 
жоопкерчиликтүүлүккө жетүүсү үчүн баланын көзөмөл- баалоо боюнча өз 
алдынчалуулугу, башкача айтканда, өзүнүн жана классташтарынын 
ишмердигин өз алдынча көзөмөлдөө жана баалоо билгичтиги, окуу 
учурундагы пайда болуучу кыйынчылыктардын себептерин аныктап, аларды 
жоюусу өзгөчө мааниге ээ. Бул билгичтиктерди күнүмдүк практикада 
баалоону ырааттуу түрдө колдонуу аркылуу гана калыптандырууга болот”. 
[Буркитова А., Дудкина О. “Башталгыч класстарда калыптандыруучу баалоо” 
Б-2010, 7 б.] 


206 
Окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоо үчүн башталгыч класстын 
мугалими төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 
позитивдүү кайтарым байланышты түзүү (окуучунун аткарган ишине 
жазуу жүзүндө жана оозеки баяндама (комментарий) берүү), окуучуга 
анын мурдагы жана азыркы жыйынтыктарын салыштырууга жардам 
берет, 
окуучунун 
таанып- 
билүү 
процессинин 
өнүгүшүнө, 
умтулууларына, 
окутуунун 
жыйынтыктары 
катары 
анын 
компетентүүлүгүнө оозеки баа берет; 
окуучулардын жетишкендиктериндеги, инсан катары өнүгүшүндөгү 
прогресске байкоо жүргүзүлөт жана ар бир окуу жылдын аягында өз 
баасын берет; 
баалоонун түрдүү ыкмаларын жана формаларын, анын ичинде, өзүн- 
өзү баалоону, өз ара баалоону, сапаттык баалоо каражаттарын 
(окуучунун портфолиосу, өз байкоосу, өнүгүү картасын ж.б.) колдонот; 
маселени биргелешип чечүү үчүн окуучунун прогресси жана 
жетишпегендиктери тууралуу ата- энелерге маалымат берет
экинчи класстан баштап жыл сайын ар бир окуучуга баалары коюлган 
жетишкендиктердин табелин жана аны коштогон жазуу формасын 
даярдайт. 
Текстке байланыштуу окутууну баалоонун биринчи тепкичинде 
көбүрөөккөңүлдү баланын текстти түшүнүп окуп жаткандыгына бөлүү 
керек.Окуучу окуп жаткан текстти толугу менен, сөздөрдү жана сөз
айкаштарында түшүнүп окугандары жакшы. Бул бөлүмдө бала окуп гана 
тимболбостон, мугалимдин окулган текст боюнча: “Ким жөнүндө 
окудуң?”,“Тигил же бул каарман эмне кылды?” деген сыяктуу 
суроолоруна да жоопбере билүүсү керек. 2-класстын экинчи жарым 
жылдыгынан баштап,текстке ат кое баштаса, 3-класстын экинчи жарым 
жылдыгынан баштаптекстке план түзө башташы керек. Баланын жашына 
карата тапшырманыалмаштырып, баалап туруу керек. 
Текшерүү жумуштары үчүн текстти тандап алуу- бул мугалимдин эң 


207 
маанилүү жумушу. Бул жерде жаш балдарга арналган көрөм адабияттан 
үзүндүлөрдү алуу керек. Тандап алынган текст балдар үчүн түшүнүктүү 
жана кызык болушу керек. 
Текст тандалып алынгандан кийин, аларга тапшырмалар даярдалат. 
Башталгыч класстарда окуу үчүн эне тилин текстке байланыштуу 
окутуудаэки негизги тапшырма белгиленет: 
текстти түшүнүп окуу; 
тексттин негизинде грамматикалык материалдарды өздөштүрүү. 
Берилген тапшырмалар төмөнкүдөй окуу аспектилерин өз ичине 
камтыйт: 
1) Текстти жалпы түшүнүү; 
окуучу тексттин негизги окуясын түшүнөт; 
тексттеги керектүү маалыматты таба алат; 
тексттен кайсы маалыматты алса болорун, кайсы маалыматты алса 
болбосун жакшы түшүнөт. 
2) Текстти аныктоо; 
окуучу сүрөттөлгөн окуялардын себептерин аныктай алат; 
тексттеги каармандардын сөздөрүн жана иштеринин түшүндүрүп 
бере алат; 
башкы каармандардын негизги мүнөздөрүн аныктай алат; 
тексттеги маалыматтын негизинде жыйынтык чыгара алат; 
алган маалыматтарды тартипке сала алат; 
3) Текст менен өзүн байланыштыруу: 
окуучу текстке ат кое алат; 
текстти уланта алат; 
тексттен керектүү маалыматты алып чыга алат; 
текст боюнча өз оюн айта алат; 
өз дүйнө таануусу менен тексттин мазмунун байланыштыра алат. 
4) Тексттин формасын түшүнүү. 


208 
окуучу тексттин түрүн аныктай алат; 
тексттин жөнөкөй планын түзө алат; 
берилген маалыматтын белгилүү формасын аныктай алат. 
5) Текст боюнча лексико- грамматикалык тапшырмаларды аткаруу. 
тексттеги сүйлөмдөрдүн түрлөрүн аныктай алат. 
тексттен тиешелүү сөз түркүмдөрүн таба алат; 
тексттеги сүйлөмдөргө грамматикалык талдоолорду жүргүзө алат. 
текст боюнча баяндама жаза алат
текст боюнча грамматикалык көнүгүүлөрдү аткара алат. 
Билим берүүнүн өнүгүүсүнүн азыркы мезгилдеги негизги максаты- 
окуучуну жетилтүү. Андыктан баа берүү таасирдин, өзгөрүүнүн, окуп- 
үйрөнүүнүн жана өнүгүүнүн чен өлчөмү болуп саналат. Бардык 
мугалимдер баалоодо бирдиктүү критерийлерди колдонсо гана, жакшы 
натыйжаларга жетишүү мүмкүн. 
Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин натыйжалуу баалоо үчүн 
мугалим баалоонун ар кыл (диагноздоочу, калыптандыруучу жана 
жыйынтыктоочу) түрлөрүн айкалыштыра билиши керек. 
Кыргыз тили предметин өздөштүрүүгө карата баалоонун максаттары: 
-- кыргыз тили боюнча алдын ала пландаштырылган окутуунун 
натыйжасынын деңгээлин жана сапатын аныктоо үчүн; 
-- окуучулар кыргыз тили курсу боюнча өздөштүргөн билимин алдын ала 
билиш үчүн; 
-- окуучулардын кайтарым байланышын аныктоо үчүн; 
-- окутуу методикасынын жыйынтыгын, окутуунун натыйжалуулугун 
баалаш үчүн; 
-- чейректик, жылдык баа коюш үчүн; 
-- бааны окуучунун окууга карата болгон кызыгуусунун формасы катары 
пайдалануу. 


209 
Башталгыч класстарда кыргыз тилин 
текстке байланыштуу 
өздөштүрүүдө окуучу: 
- өз ой жүгүртүүсүн туура пландаштыруу менен өз алдынча текст түзө алууга; 
- тилдик көрүнүш, фактыларды оозеки, жазуу кебинде сабаттуу колдонууга; 
- текстти, андагы фактыларды өздөштүрүүгө; 
- текстти кайра айтып бере алууга; 
- тилдик фактыларды байкоо, салыштыруу, жалпылоо, окшоштуруу аркылуу 
жөнөкөй корутунду чыгара билүүгө; 
- ар кыл турмуштук кырдаалдарга, шарттарга ылайык сүйлөшүү, баарлашуу 
ыкмаларына ээ болууга; 
- кеп маданиятынын, ыкмаларын, методдорун турмушунда пайдаланууга, 
жетишүүгө тийиш. 
Башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда 
мугалим баалоонун натыйжалуулугун камсыздоо үчүн баалоонун максатын 
жана анын ар бир түрүнүн максаттарын, мазмуну менен жүргүзүү жол-
жобосун билиши зарыл.
Баалоонун төмөнкүдөй үч түрү бар: диагноздоочу, калыптандыруучу 
жана жыйынтыктоочу баалоо. 
Калыптандыруучу баалоонун максаты – окутуп- үйрөнүү процессинде 
мугалим менен окуучунун ишмердигин оңдөп түзөө. Оңдөп- түзөө мугалим 
өзү же окуучулар менен биргеликте окуп үйрөнүүнүн натыйжаларын 
жакшыртуу үчүн милдеттерди аныктоо менен байланышкан. 
Мисалы: 4-класс. Тема: Этиштин чактары. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   44   45   46   47   48   49   50   51   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет