Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет54/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   50   51   52   53   54   55   56   57   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

 
 


222 
Таблица 4.2.6.- Сөз айкашын түзө билүүсү. 
1-вариант 
2-вариант 
1.Берилген 
сөз 
айкаштарында 
багындыруучу жана багыныңкы 
сөздөрдү бөлүп көрсөткүлө. 
Кызыл алма, ачык күн, ак үй, 
кызыктуу китеп. 
2. Берилген сөздөрдү колдонуп сөз 
айкаштарын түзгүлө 
Шаар, тоолор, көчө, айыл, аба 
ырайы 
1. Берилген сөз айкаштарында 
багындыруучу жана багыныңкы 
сөздөрдү бөлүп көрсөткүлө. 
Ачык күн, таттуу алча, ак кеме, 
көп күттүргөн каникул. 
2. Берилген сөздөрдү колдонуп, 
сөз айкаштарын түзгүлө. 
Поезд, китеп, конок, талаа, асман 
Өз алдынча иш аякталган соң, мугалим мурда даярдалган жоопторду 
көрсөтөт (1-тапшырма боюнча багындыруучу сөз менен багыныңкы 
сөздөр бөлүнүп көрсөтүлгөн сөз айкаштары, жана 2-тапшырма боюнча 
түзүлгөн сөз айкаштарынын үлгүлөрү). Бул иш үчүн мугалим 
флипчартты, 
кодоскопту, экранды, интерактивдүү досканы ж.б. колдонсо болот. 
Окуучу 
баалоо критерийлерине таянып, өзүнүн ишин текшерет жана баалайт. 
2-мисал. 4-класс. Тема: Текст 
Өз алдынча иштөө 
Мугалим таблицада берилген критерийлерди окуучулар менен 
талкуулайт. 
Ал өз алдынча иш ушул критерийлердин негизинде баалана тургандыгын 
түшүндүрөт. Тапшырманы аткаруу үчүн убакыт белгиленет. 
Таблица 4.2.7.- Өз алдынча иштөөнүн критерийи. 
Критерийлер 
Окуучунун 
баасы 
Мугалимдин баасы 
(туура- 1 упай, туура эмес- 0 упай) 
1.Берилген сүйлөмдөрдөн текст


223 
түзүү 
2. Текстке ат коюу 
3. Тексттин планын түзүү 
Андан ары мугалим окуучуларга тапшырма берет (варианттар боюнча) 
Таблица 4.2.8.- Тапшырманын түрлөрү 
1-вариант 
2-вариант 
1. Берилген сүйлөмдөрдөн текст 
түзгүлө. 
Бизди жерге төшөлгөн 
саманга отургузуп, колубузга 
бирден дептер, бирден калем 
берди.Күздө биздин айылга 
шинель кийген чоочун жигит 
келди. Элдер ал жөнүндө 
мындай деп айтышты: “Бул 
Дүйшөн деген жигит, мектеп 
ачып, бала окутат экен”. Ар 
бирибизге атайлап жасалган 
кичинекей тактайды берип: 
“Муну тизеңерге коюп, кат 
жазасыңар”,- 
деди.Чын 
эле 
ушундан 
кийин 
Дүйшөн 
айылды үймө- үй кыдырып, 
балдарды 
окууга 
чогултуп 
жүрдү. 
Дүйшөн 
бизди 
окута 
баштады. Анын биз үчүн 
жумшаган 
эмгеги 
талаага 
кеткен 
жок. 
Ошондо 
тоо 
койнундагы кыргыз балдары 
үчүн укмуштай жаңы дүйнө 
ачылды. 
2. Текстке ат койгула. 
3. Тексттин планын түзгүлө 
1. Берилген сүйлөмдөрдөн текст 
түзгүлө. 
Булуттан суу, кар мөндүр болуп 
жерге түшөт Аккан суу булактан 
башталат. Суу агып баратса да, 
токтоп калса да, билинбей бууга 
айлана берет. Алар сууга, андан бууга 
айланып, кайта асманга көтөрүлөт. 
Буу асманда булут, тоодо туман 
болуп көрүнөт.Ушинтип суу айланып 
жүрө берет.Булактардан чыккан агын 
суулар бири- бирине кошулуп отуруп 
дарыяга айланат. Агын суулар көлгө, 
деңизге куят.
2. Текстке ат койгула. 
3. Тексттин планын түзгүлө. 
Бул тапшырманы аткарууга берилген убакыт өткөндөн кийин мугалим 
окуучуларга критерийлерге таянып, иштерди өз алдынча текшерүүнү 


224 
сунуштайт, окуучулар өз алдынча текшерип бүткөндөн кийин гана 
алардын иштерин текшерүү үчүн чогултуп алат. 
Өзүн-өзү баалоо- бул өзүнүн ишин баалоо гана эмес, ошондой эле 
көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун өз алдынча аныктоо. 
Төмөндө “Каталарды оңдоо боюнча менин иш-аракеттерим” деп аталган 
окуучулардын өз алдынча ишин баалоонун болжолдуу формасы 
берилген, анын жардамы менен окуучулар өздөштүрүп жаткан материал 
боюнча өз көйгөйлөрүн белгилеп, талдап жана аларды чечүүнүн 
жолдорун аныктай алышат. 
Каталарды оңдоо боюнча менин иш-аракеттерим 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   50   51   52   53   54   55   56   57   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет