213
Стандарттуу кырдаал
Калыптандыруучу
баалоо
сунуштаган жол
Тапшырма аткарылгандан кийин
мугалим окуучуга суроо берет:
-“Асан,
кайсы
жерде
ката
кетиргениңди эми түшүндүңбү?”
Окуучу:
-Ооба,-деп жооп берет да, ордуна
барып отурат.
Тапшырма аткарылгандан кийин
мугалим окуучуга суроо берет:
-“Сен тапшырманы аткарууда
кайсы жерде ката кетиптирсиң?”
Окуучу
туура эмес аткарылган
жерди көрсөтөт.
Мугалим:
-“Сен эмне үчүн бул жерди туура
эмес аткардың? Кел талдап
көрөлү”.
Окуучу
тапшырманы
мурда
кантип
аткарганын жана эми
туура жооп алыш үчүн кантип
аткарыш
керек
экендигин
түшүндүрөт.
Кайтарым байланыштын куралдарына төмөнкүлөр кирет:
Жазуу түрүндөгү комментарийлер
Байкоо жүргүзүүлөр
Суроолор
Кайтарым байланыш күндөлүктөрү
Өзүн-өзү көзөмөлдөө дептерлери жана башкалар
“Кайтарым байланыш күндөлүктөрүн”
колдонуу аркылуу кайтарым
байланыш жүргүзүү.
Сабактын аягында мугалим окуучуларга төмөнкү эки суроого жооп
жазууну сунуштайт:
Мен сабакта баарын жакшы түшүндүм жана аларды аткара алам.
Мен _________ түшүнгөн жокмун. Мен үчүн ________ болуп
жатат.
214
Окуучулар суроолорго жооп бергенден кийин, мугалим “кайтарым
байланыш күндөлүктөрүн” карап чыгуу үчүн чогултуп алат. Окуучулар
жазган жооптор менен мугалим сабактан кийин таанышып чыгат.
Алынганмаалыматты мугалим кийинки сабактарды пландаштырууда
колдонот.Окуучуларга тема боюнча көйгөйлөрүн жеңүүгө жардам
берүүгө көңүлбурат.Мугалим ар
бир сабактын максаттарын
окуучулардын айкын ишаракеттери аркылуу аныктаганда, ар бир
окуучуга өз билимдеринин жанабилгичтиктеринин калыптануу
деңгээлин баалай алат, жана өзүнүн өздөштүрүү процессине кандай
оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү зарылчылыгы тууралуу чечим кабыл алууга
мүмкүнчүлүк алат. Мындай ишмердик үчүн мугалим төмөндө
сунушталган “Өзүн-өзү көзөмөлдөө дептеринин”формасын колдонсо
болот. Эгерде окуучулар “Өзүн-өзү көзөмөлдөө дептерин” толтуруп
жүрүшсө, практика көрсөткөндөй мындай жагдай окуучулардын
окуудагы кыйынчылыктарынын себептерин аныктоого жана
алардын
билиминдеги кемчиликтерди толуктоого көмөктөшөт.
“Өзүн-өзү көзөмөлдөө дептеринин” формасы (болжолдуу)
Достарыңызбен бөлісу: