Таблица 2.3.5.- Инсерт стратегиясы менен текстти талдоо
Билчүмүн
Билдим
Билгим келет
Агын суулар көлгө,
деңизге куярын.
Суунун
бууга
айланарын,
булуттан
кар,
мөндүр
болуп
жерге түшөрүн.
Кыргызстандагы
ири
көлдөр,
дарыялар
жөнүндө.
Тексттин мазмуну боюнча пикир алышып, талкуулап ой бөлүшөт.
IV. Тексттен сүйлөмдөрдү көчүрүп жазып, көптүк сандагы зат
атоочтордун астын сызуу, анын кантип жасалгандыгына байкоо жүргүзүү
тапшырмасын окуучулар өз алдынча аткарышат.
V. Бул тапшырманы жупта аткарышат:
Тексттен алынган төмөнкү сөздөргө –лар мүчөсүн улап жазгыла.
Мүчөлөрдүн өзгөрүшүнө байкоо жүргүзгүлө:
Сүрөт 2.3.1.- Кластер түзүүнүн үлгүсү.
-лар
суу
булак
дарыя
көл
деңиз
булут
тоо
жер
чөл
83
VI. Үй тапшырмасы: Зат атоочтун жекелик жана көптүк түрүнө таблица
түзүп келүү.
Сабакта жаңы өздөштүрүлүүчү материал мугалим тарабынан даяр
түрүндө берилгенби? Жок, ал окуучулардын өздөрү аркылуу изилденип,
талданып, кабыл алынды. Мындай кырдаалда, психологдордун айтуусуна
караганда, окуучунун ой жүгүртүүсү активдүү аракетке келет да, алдына
коюлган суроолорду чечүүгө бардык күчүн жумшайт.
Мындай сабактын түрүндө окуучунун алдына окуу максаты коюуга
негизги көңүл бурулат. Окуучунун алдына окуу маселесин коюу – бул аны
ошол маселенин чечилишин талап кылуучу кырдаалга киргизүү болуп
саналат.
Окуучунун алдына окуу максатын коюу деген эмне? Аны коюп эле тим
болуу жетишсиз, мугалим тарабынан коюлган суроо окуучу тарабынан кабыл
алынышы, анын өздүк маселесине айланууга тийиш.
Окуу максатын коюунун 2 негизги талабы бар:
1) окуучулар коюлган маселеден жаңы белгисиз нерсени көрө билүүлөрү
керек;
2) алар бул маселени чечүүнү каалап, ага умтулуулары керек.
Окуу максатын алдыга коюунун принциптерине төмөнкүлөрдү
киргизүүгө болот:
1. Биринчи кезекте берилүүчү түшүнүк жалпы мүнөздө болуп, андан
кийинки темалар ошол биринчи теманы тактоо, конкреттештирүү иретинде
болуусу керек.
2. Жаңы түшүнүктү окуучуларга берүүдөн мурун анын пайда болуусунун
турмуштук зарылчылыгын түзүү;
3. Билимди даяр түрүндө бербөө керек: окуучуларды өз алдынча
изденүүгө, жыйынтыктарды, гипотезаларды чыгарууга багыттоо керек;
4. Өздөштүрүлүүчү материалдын эрежесин жаңы маалымат, мазмун
боюнча окуучулар өз алдынча изденип иштегенден кийин гана берүү керек.
84
Эрежени окуучулар өздөрү чыгарып, өз сөзү менен түзсө, жаттап алууга
караганда эсинде көбүрөөк сакталат.
5. Бир тапшырмадан экинчи тапшырмага өтүү окуучулар үчүн даана, так
коюлууга тийиш. Эгерде мугалим окуучулардын алдына окуу маселесин
туура койгон болсо, анда алар биринчи маселени чечүү аркылуу экинчисине
өз алдынча багыт ала алышат.
Окуу максатын коюу инсанга багытталган окутууда сабактын маңызы
болуп саналат. Мугалимдин жана окуучулардын бардык иш- аракеттери
ушул максатка жетүүгө багытталган. Окуу максаты сабак процессин,
усулдарды, окутуунун жана баалоонун каражаттарын аныктайт.
Окуу максаты- билимди өздөштүрүүнүн, өнүгүүнүн жана тарбия
берүүнүн натыйжаларын алдын- ала пландаштыруу, башкача айтканда,
ишмердүүлүктүн күтүлүүчү натыйжасы. Окуу максатын коюу, аны менен
тааныштыруу процесси интерактивдүү жол менен жүргүзүлүүсү шарт,
анткени ошондо гана окуп- үйрөнүү процессинин бардык катышуучуларына
бир багытта иш алып барууга мүмкүнчүлүк берет. Окуу максаты конкреттүү,
ишке ашкыдай, өлчөнүүчү жана окуучуга багытталган болууга тийиш. Окуу
максатын коюуда мугалим төмөнкү шарттардын аткарылышына жетишүүсү
керек:
1. Сабактын эң башында окуучуларга мугалим тарабынан билдирилиши
зарыл.
2. Окуучуларга жазуу түрүндө доскада, плакатта, же башкача жол менен
көрсөтүлүшү керек.
3. Окуучуларга түшүнүктүү болуп, алар тарабынан кабыл алынышы керек.
Суроолордун жардамы менен мугалим коюлган максаттарды окуучулар
канчалык деңгээлде түшүнгөндүгүн текшерет. Окуучулар сабактын
максаттарын өздөрүнүн жеке максаттары катары айтып берүүлөрү зарыл.
Мисалы:
Сабактын аягында мен сын атоочторду катыштырып сүйлөм түзө алам,
аларды өз кебимде пайдалана алам.
85
Окуу максаттарын окуучуларга төмөнкүдөй жол менен түшүндүрүүгө
болот:
Кыргыз тили. 4- класс.
Тема: Сырдык сөз.
Сабакта мугалимдин биринчи кадамы: Мугалим (саламдашуу жана
окуучулардын сабакка даярдыгын текшергенден кийин) доскага “Тууранды
сөз” жана “Сырдык сөз” деп жазат да, төмөнкү суроо менен кайрылат:
Булардын бири- бири менен окшоштугу эмнеде? Окуучулар жоопторду
сунушташат. Алардын ичинде экөө тең сөз түркүмү деген жооп болушу
мүмкүн. Мугалим бир нече жоопту уккандан кийин сабактын темасын
жазып, максаттарын түшүндүрөт:
Сабактын максаты:
Окуучулар сырдык сөз кандай сөз түркүмү экендигин түшүнүшөт.
Сүйлөмдөрдөн жана тексттен сырдык сөздөрдү таба алышат жана
аларды сүйлөм, текст түзүүдө колдоно алышат.
Сабактын максаттары аталгандан кийин мугалим балдарга төмөнкү
суроону берет:
Силер сабактын аягында эмнелерди аткара аласыңар? 2-3 окуучунун
жообун уккандан кийин, экинчи суроону берет:
Сырдык сөздөрдү сүйлөм же текст түзүүдө орду менен колдонуу үчүн
силер дагы эмнелерди билүүңөр керек?
Мугалим 2-4 окуучунун жообун угат. Окуучулар сабактын максатын
түшүнгөндүгүнө көзү жеткенден кийин сабактын кийинки баскычына өтөт.
Сабактын
максаттарын
коюуда
мугалим
көрсөткүчтөрдү
(индикаторлорду) да коюуга тийиш. Алардын жардамы менен ал
максаттардын аткарылуу деңгээлин жана сапатын текшере алат.
Индикатор- (лат. indicator)- процесстин жүрүшүнүн же байкоо
жүргүзүү объектисинин абалынын сапаттык же сандык мүнөздөмөсү. Ал эми
окутууда билим берүүчүлүк максаттарга жетүү деңгээлин аныктоонун
көрсөткүчү. (индикатору).
86
Окуучуларды көрсөткүчтөр менен сабактын башында тааныштыруунун
зарылчылыгы жок, анткени мугалим аларды максатка жетүү деңгээлин
текшерүү үчүн колдонот. Төмөндө сабактардын максаттарына жана
көрсөткүчтөрүнө карата мисалдар сунушталат.
3- класс. Тема: Энчилүү жана жалпы зат атоочтор.
Достарыңызбен бөлісу: |