155
4- көнүгүү.
Сөз жасоочу мүчөлөрдү пайдаланып эстүү бала, жалкоо бала жөнүндө
сүйлөмдөрдү түзгүлө.
5-көнүгүү. Ырды жаттагыла. Эстүү бала, жалкоо
бала темасына Венндин
диаграммасын түзгүлө.
Тексттерди сынчыл көз караш менен баалоо тексттерден
маалыматтарды табууга, башкалардын пикирлерин уга билүүгө
жана өз
пикирин калыптандырууга, түрдүү көз караштарды салыштырууга үйрөтөт,
сөздүк запасынын баюусуна жана кебин өстүрүүгө өбөлгө түзөт. Бай сөздүк
запаска ээ окуучу өз оюн эркин жана так билдирүүгө жөндөмдүү болуу менен
бирге ар түрдүү кырдаал жана карым-катыштын чөйрөсүндө өзүн
эркин
сезет.
Өз эне тилинде туура сүйлөөсү, өз оюн башкаларга ачык, так жеткире
билүүсү, оозеки кеп ишмердүүлүгү, диалог, монолог, маектешүү, жазуу
жүзүндө
баяндама, дилбаян, эссе, кеп ишмердүүлүгүнүн түрлөрү боюнча
практикалык иштерди аткара алуусу, кырдаал,
шартка ылайык мазмундуу
сүйлөй билүүсү, иш кагаздарынын үлгүлөрүн даярдай алуусу, тактап
айтканда, кыргыз
тили сабагынан алган билгичтик, көндүмдөрүн өзүнүн
турмушунда кенен пайдаланууга жетишүүсү эң маанилүү. Мына ушул
талаптарга ылайык кептик компетенттүлүктүн
негизинде кыргыз тилин
текстке байланыштуу окутуунун мазмуну сунушталат.
Достарыңызбен бөлісу: