2.4.2. Коммуникативдик компетенттүүлүктү калыптандыруу.
Билим берүү тармагынын эң маанилүү компетенти болуп окутуунун
мазмуну эсептелет. Буга чейин көбүнчө билимге басым жасалып келсе,
азыркы учурда окуучунун компетентүүлүгүн калыптандыруу маселесине көп
көңүл буруу зарыл. Анткени, билимдердин негизин жаттап алуу эмес, аны
түшүнүп кабыл алуу жана турмушта пайдаланууга үйрөтүү, окуучуларга
окуу материалын жеткиликтүү берүү менен, анын натыйжалуулугун
арттыруу максатында алардын турмуштук маанилүү көндүмдөрүн
калыптандыруу талап кылынат.
Кийинки учурда билим, билгичтик, көндүм терминдеринин ордуна
компетентүүлүк термини кеңири колдонулуп келүүдө. Компетенттүүлүк- бул
индивиддин өзүнүн барк- баасын аныктай билүүнүн негизинде активдүү,
жоопкерчиликтүү, турмуштук кадамдарды жасоого болгон жөндөмдүүлүгү,
анын дүйнө менен активдүү карым- катнаш түзүүгө болгон жөндөмдүүлүгү,
мындай карым- катнаштын жүрүшүндө өзүн жана дүйнөнү түшүнүп, өзгөртө
билүү.
Кыргыз тили предметинен коммуникативдик касиеттерге ээ кылуу- бул
кеп, тил, кеп ишмердүүлүгү аркылуу текстке, анын мазмунуна таянуу, аны
талдоо аркылуу лексикалык, грамматикалык материалдарды, адабий тилдин
нормасын өздөштүрүү менен так, туура, таза, орундуу, көркөм сүйлөшүүгө,
баарлашууга жетишүү. Тактап айтканда, кыргыз тилин окутууда окуучуга ар
кыл кырдаалдарга ылайыктуу түрдүү темаларда, кептин ар кыл түрлөрүн
катыштырып, адабий тилдин нормасында сабаттуу, ачык, так, түшүнүктүү
сүйлөшө билүү көндүмдөрүн калыптандырууну максат кылып коѐт.
“Кыргыз тилин окутууда коммуникативдүүлүк касиеттерге үйрөтүү
баланын ички ой-сезимдеринин, ой толгонууларынын ачылышына, өзүнүн
кайгы-кубанычын, ийгилик-кемчиликтерин бөлүшүүгө, эне тилин урматтап-
сүйүүгө жардам берет. Сүйлөшүү- бул баланын окуусу, мугалим, ата-эне,
туугандары, достору менен мамилеси, чөйрөсү, максаты, милдети, жашоосу
болуп калат, бул баланын инсан катары калыптануусунун, тарбиялануусунун
150
билим алуусунун, интеллектинин өнүгүүсү, алга жылуусу үчүн шарттарды
түзөт”- деп белгилейт белгилүү окумуштуу-методист В.Мусаева.
Коммуникативдик касиеттерге ээ болуу аркылуу кебин байытуу- бул
кыргыз тилин окутууга жаңыча мамилени- кырдаал, кеп, тил, кеп
ишмердүүлүгү,
тексттин
негизинде
туура,
сабаттуу,
көркөм
сүйлөөгөжетишүүнү
камсыз
кылат.
Кыргыз
тилин
лексикалык,
грамматикалык темалардын эрежелеринин топтому эмес, ал балада өз эне
тилинде бардык учурда оюн эркин, сабаттуу, орундуу, маданияттуу,
далилдүү сүйлөй алуу көндүмдөрүн, зарыл коммуникативдик ыкмаларын
калыптандыра турган предмет катары кароо зарыл.
Кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуу- жалаң эле эреже,
аныктамалардын жыйындысын окутууну максат кылбастан, тилди, кепти
окуучулардын
социалдык-рухий,
кептик-коммуникативдик,
өз
алдынчалуулук, өз ой-пикирлерин ар кыл чөйрөлөргө ылайык оозеки, жазуу
жүзүндө жеткиликтүү баяндай алуу көндүмдөрүн калыптандыруучу мүнөзгө
ээ.
Кептик коммуникативдик касиеттерге ээ кылуу аркылуу кептик
компетентүүлүгүн калыптандыруу- бул кыргыз тили сабагында лексикалык-
грамматикалык эреже, аныктамаларды жаттатуу эмес, тескерисинче, баланын
турмушунан алынган мисалдар, тексттер, көркөм чыгармалардын алдыңкы
үлгүлөрүн пайдалануу менен тилдин системалык курсун окутуунун
деңгээлин жогору көтөрүү болуп саналат.
Кыргыз
тили
сабагын
окутуудагы
негизги
максат-эреже,
аныктамаларды гана жатка билдирбестен, так, туура, орундуу, логикалуу,
оозеки, жазуу кебин калыптандыруу. Кыргыз тилинен алган теориялык
билимдерин жазуу жана сүйлөө ишмердүүлүгүндө, кептин баяндоо,
сүрөттөө, ой жүгүртүү типтерине, ар кыл стилдерге (оозеки-сүйлөшүү,
көркөм, окуу- илимий, публицистикалык, иш кагаздарынын стили) ылайык
текст түзүү менен иш кагаздарын даярдап, кеп адебине, сүйлөшүү
маданиятына (эне тилинде так, таза, туура сүйлөп, логикалуу жаза билүүдө,
151
кебинин бай, көркөм, орундуу) ээ болуусу, баяндама, дилбаянды сабаттуу
жаза билүүсү кирет.
Алкактык
улуттук
куррикулум
боюнча
компетенттүүлүктүн
коммуникация бөлүмүндө ар бир өздөштүрүлгөн билимдин реалдуу турмуш
менен болгон байланышы канчалык экендиги аныкталат, б.а. эне тилин окуп-
үйрөнүүдө окуучу аны өз турмушунда канчалык пайдалана ала тургандыгы
башкы орунга чыгат. Мында эне тилинин турмуш- тиричиликтеги негизги
орду ар бир адамдын ал тилде туура сүйлөөсү, өз оюн жеткире билүү
чеберчилиги, ар бир сөздүн кандай мааниде айтылып жаткандыгын аныктай
алуусу ошондой эле эне тилиндеги сабаттуу жаза билүүсү, андан соң ал
тилде жазылган китептерди окуп түшүнүүсү башкы орунда турат.
Улуттук куррикулумга ылайык окуучунун алган билиминин турмушта
канчалык орду бар экендигин аныктап көрсөтүү менен өзүнүн
компетенттүүлүгүн үч деңгээлде ишке ашырат.
Ал:
1) билимди кабыл алуу;
2) аны аныктап түшүнүү;
3) анын жыйынтыгын колдоно билүү.
Компетенттүүлүктүн коммуникация бөлүмүндө эне тилин турмушта
колдонуунун негизги принциптери аныкталат. Эне тили боюнча өтүлгөн
сабактардын ар бири окуучуга адамдар менен пикирлешүүдө маалыматка ээ
болуунун жана аны башкаларга жеткире билүүнүн жол-жоболорун
үйрөтүүнү шарттайт. Мисалы, сылык сүйлөө, так жана түшүнүктүү суроо
бере билүү, суроого жеткиликтүү жооп берүү, ар бир сөздү интонациясы
менен жеткиликтүү айтуу, сөздүн маанилерин ажырата билүү, ошондой эле
сөздүн маанисин үйрөнүүдө ар кандай ыкмаларды колдоно билүү, сөздүктөр
менен иштөө, тилдин теориясын пайдаланып, сөздүн же сүйлөмдүн курамын
өздөштүрүү сыяктуу маселелерди ичине камтыйт. Билимге ээ болуу, анын
теориялык жана практикалык маанилерин өздөштүрүү жана аны турмушта
колдоно билүү маселелери аныкталат.
152
Башка предметтерден айырмаланып эне тили кыргызэлинин маданий
мурастарын жеткиликтүү өздөштүрүүгө окуучуларгакеңири шарт түзөт. Эне
тилинин айырмачылыгы анда бир гана адабийбаалуулуктар эле эмес, тилди
окутуу аркылуу кыргыз элинин тарыхын,андагы баалуу мурастарды, кыргыз
жеринин түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн, кооздугун, курорттук баалуулуктарын,
тоо жериндеги кооздукту баалай билүүгө жетишүү максаты окуучунун
маданиятын, маданий билим деңгээлинин жетилишин шарттайт.
Мында окуучулар эстетикалык билимге ээ болушат да, анда адабий
түшүнүктөрдү, тилдин адабий чыгармалардагы ордун, сүйлөмдүн көркөм сөз
каражаты катары касиетин аныктай алат жана аны жазуу жана оозеки
кебинде колдоно алат.
Компетентүүлүктүн бул бөлүмүндө эне тили бардыкбилимдерди
алуунун булагы экендигин окуучуларга түшүндүрүүзарылдыгы турат.
Антпесе балдар кыргыз тилин эне тил катары турмуштаколдонуп
жаткандыгын, ал аркылуу бардык маалыматты алыпжаткандыгын анча
баамдай беришпейт. Бул бөлүмдүн негизги максатыадам жашап турган коом
бүтүн нерсе экендигин, андагы бардык нерсебири-бири менен тыгыз
байланышта, катышта тура тургандыгын алганбилимдерди интеграциялоо
аркылуу окуучуларга жеткирүү болуп саналат.Ошондой эле ар бир
окуучунунтилди жакшы билүү, анын турмуштукзарылчылыгын түшүнүү
менен күнүмдүк тиричиликте кеңири колдоноалуусуна жетишүү болуп
саналат.
Кептик коммуникативдүүлүккө ээ кылууда тилдин системалык
түзүлүшүн, т.а. фонетикадагы сөздүн тыбыштык түзүлүшүн, лексикадагы
сөздөрдүн ар кыл маанилерин, синтаксистеги жөнөкөй жана татаал
сүйлөмдөрдүн
курулушун,
морфологиядагы
сөз
түркүмдөрүн,
грамматикалык түзүлүштөрүн, орфографиялык жана пунктуациялык
эрежелерди тилдик категория катары окутпастан, баарлашууну, сүйлөшүүнү,
карым-катнашты ишке ашыруучу каражат катары пайдаланып окутуу зор
роль аткарат.
153
Тилдин бардык элементтерин бириктирүүчү мындай ыкмада окутуу
процессинде тилдин системасы жана мыйзамдары тексттин негизинде гана
окутулат. Тилдик бирдиктер текстте гана жаңы, атап айтканда, текст түзүүчү,
текст жаратуучу функцияларга ээ болот.
Бул жөнүндө көптөгөн окумуштуулар өз эмгектеринде белгилешкен.
Белгилүү окумуштуу Ж.Чыманов тилдин колдонулушу тууралуу
маалымат берүүнү тил жана кеп, кеп маданияты, стилистика, текст таануу
сыяктуу маселелердин эң соңку мезгилге чейин кыргыз тил илиминде
изилдебегендигин белгилөө менен, тил, кеп жана текстти бирдиктүү система
катары алып, кыргыз тилин окутуунун башкы принциби катары сунуштайт
[190, 142-144]
Окумуштуу Н.Бийгелдиева “тил” жана “кеп” терминдери бири-бири
менен тыгыз байланышта жана “кеп ишмердүүлүгү”, “текст”, “тексттин
мазмуну”, “тексттин мааниси” сыяктуу түшүнүктөр менен өз ара карым-
катышта экендигин, ошондуктан тил жана кепти бири-бири менен гана эмес,
кеп ишмердүүлүгү, текст жана тексттин мааниси менен да биргеликте кароо
керек”,- деп белгилейт. (21, 13)
Текст дидактикалык бирдик катары башталгыч класстарда кыргыз
тилин текстке байланыштуу үйрөтүүдө эки маанилүү багытты бириктирүүгө
мүмкүнчүлүк берет: 1) тилдин теориялык маселелерин үйрөтүү; 2)
коммуникативдик компетенцияларын калыптандыруу.
Текст аркылуу жана интерактивдүү методдордун жардамы менен
окуучулардын предметтик ( тилдик, кептик), түйүндүү (маалыматтык,
социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү)
компетенциялары калыптанат.
Окуучулар үчүн кызыктуу, турмуштук кырдаалдардан алынган,
көркөм, публицистикалык, иштиктүү стилдеги тексттерди окуу, угуу, сүйлөө,
жазуу жана талкуулоо, ага байланыштуу грамматикалык тапшырмаларды
аткаруу ой жүгүртө билүү жөндөмдүүлүктөрүн, кебин, сабаттуулугун
арттырат.
154
Мисалы, “Сөз жасоочу мүчөлөр” темасын О.Бөлөбалаевдин “Нускалуу
ырларынын” негизинде өтүүдө төмөнкүдөй тапшырмалар аткартылат.
Достарыңызбен бөлісу: |