115
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
ЖАРЛЫК
Жарлык мамлекет башчысы тарабынан чыгарылуучу ченемдик же
индивидуалдык акт болуп саналат. Жарлык менен мамлекеттик орден, медалдар,
ардак наамдар, дипломатиялык рангдар ыйгарылат,
өлкөгө өзгөчө кырдаалдар
киргизилет ж.б. Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Бул
иш кагаздары ар түрдүү министрликтер, ведомстволор жана башка мекеме, уюмдар
тарабынан жетекчиликке жана аткарууга алынат. Бул иш кагаздарында мамлекет
менен өкмөттүн маанилүү
маселелери, мисалы,
жогорку кызматтагыларды
кызматка дайындоо же кызматынан бошотуу чагылдырылат. Жарлыкта тиешелүү
маалым даректер көрсөтүлөт.
1. Жарлыктын текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары:
Жарлык, токтом кылам, Жарлыкка ылайык (келтирилсин, жүргүзүлсүн),
жөнүндө, боюнча, жүктөлсүн, өзгөртүлсүн, баяндалсын, деп окулсун,
жарыяланган күндөн тартып, күчүнө киргизилсин ж.б.
2. Берилген сөздөргө жогоруда берилген сөздөрдүн кайсыларын улап жазууга болот?
Кыргыз Республикасынын Президентинин ______________________________
Жарлык __________________________________________________________
КРнын Тышкы иштер министрлигине _________________________________
Бардык иш кагаздары Жарлыкка ______________________________________
Өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү ________________________________
Достарыңызбен бөлісу: