113
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
3. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарынын маанисин түшүндүрүңүз: зарп, элге чуу салуу, ый
салуу, а дүйнө.
3. Берилген бөлүкчөлөрдү катыштырып иш кагазынын стилинде сүйлөмдөрдү түзүңүз: гана,
дагы, турсун, эң, өтө.
Грамматика
Модаль сөздөр
Айтылуучу ойдун чындыкка карата болгон ар түрдүү мамилесин сүйлөөчүнүн
көз карашына ылайык билдирген сөздөр модаль сөздөр деп аталат.
Модаль сөздөр маанисине карай үч топко бөлүнөт:
1. Айтылуучу ойду
ырастоо, кубаттоо, бекемдөө маанисиндеги модаль сөздөр:
албетте, арийне, чындыгында, ырас, сөзсүз, шексиз, тийиш. Арийне, жолугушууга
барышыбыз керек.
2. Айтылуучу ой-пикирге
күнөм саноо, болжолдоо, ишене бербөө
маанисиндеги модаль сөздөр:
балким, болжолу, чамасы, сыягы, мүмкүн, ыктымал,
имиш, көрүнөт ж.б. Болжолу, быйыл анын мында иштегенине 20 жыл болот.
3. Тактагыч модаль сөздөр:
көрсө, тура, кыскасы, кана, акыры, мына, айтор
ж.б. Кана, жолго чыгалыбы жолдоштор.
Достарыңызбен бөлісу: