Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


-кѳнүгүү. Уккан тексттин маалым даректерин туура жайгаштырып жазыңыз



Pdf көрінісі
бет107/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   103   104   105   106   107   108   109   110   ...   183
2-кѳнүгүү. Уккан тексттин маалым даректерин туура жайгаштырып жазыңыз.
 Сүйлөшөлү
1. Республиканын финансы жана экономика тармагында иштей турган адистерди даярдоо 
боюнча жарлыктын тексти кандай мазмунда болушу мүмкүн?
Бир адис жарлыкка «Адистерди өнүккөн мамлекеттерден окутуп, даярдап 
алып келиш керек» деген өзүнчө пункт кошууну сунуштайт.


121
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Экинчи адис буга каршы чыгып, адистердин өз өлкөбүздө даярдалышын 
сунуштайт. Анткени бул жерде окуган студент жагдай, шарттарды жакшы 
билүүгө мүмкүнчүлүгү болот.
2. Ролдорду бөлүштүрүп алып, акыры кандай мазмундагы жарлык даярдоо керектигин анык-
таңыздар.
 Жазалы
1. Өз ишиңизге байланыштуу кандай мазмундагы Жарлыктын чыгышын каалайсыз, жазыңыз.
2. «Сөзгө баатыр, ишке бакыр» деген макалдын маанисин чечмелеп жазыңыз.


122
Калия Кулалиева
НУСКАМА
Ар кандай ишти уюштуруу, баштоо, натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу 
боюнча көрсөтмө берүү, иш тартибин аныктоо максатында жазылган укуктук акт 
нускама болот. Нускамадагы эрежелердин туура аткарылышы иштин жүрүшүнө 
оң таасирин тийгизет. Ал бийлик органдары тарабынан даярдалып, мыйзамдуу 
күчүнө киргенден кийин тиешелүү тармактарда, күндөлүк турмушта, иш жүзүн-
дө колдонууга жана аткарууга алынат. Бул документте аткарууга тийиш болгон 
бардык маселелер камтылуусу тийиш. Нускама адистер тарабынан түзүлөт жана 
Өкмөттүн, министрликтин, мекемелердин коллегиялуу чечимдеринин негизинде 
атайын токтом менен бекитилет.
Ар бир мекеме өзүнүн багытына ылайык зарыл нускамаларды иштеп чыгууга 
жана өзүнүн өндүрүштүк иш-аракетинде пайдаланууга укуктуу. Мындай нускама 
жетекчилик менен жамааттын биргелешкен жалпы чогулушунда талкууланып, бе-
китилет. Ошол күндөн тартып бул документ укуктук күчүнө кирип, коюлган талап-
тар, иштин жүрүш темпи, аларды аткаруудагы жалпы көрсөтмөлөрү ар бир кызмат-
чы тарабынан толук аткарууга милдеттүү катары эсептелет.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   103   104   105   106   107   108   109   110   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет