Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


 Нускамалардын болжолдуу маалым даректерине түшүндүрмө бериңиз



Pdf көрінісі
бет108/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   104   105   106   107   108   109   110   111   ...   183
1. Нускамалардын болжолдуу маалым даректерине түшүндүрмө бериңиз.
1. Нускаманы чыгарган орган, мекеме, уюмдун аталышы;
2. Бекитүү боюнча грифи (№, дата);
3. Нускаманын аталышы;
4. Кириш бөлүгү
5. Негизги текст, сунуштар;
6. Нускаманын түзүлгөн убагы, түзүүчүлөрдүн аты-жөнү, колу.
2. Нускаманын текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
тийиш, зарыл, мөөнөтүндө, мөөнөтүнөн кеч калса, алсын, уруксат берилсин, 
кабыл алынбайт, болбойт, тапшырылсын, милдеттүү, зарыл, эскертилет, 
чыгарылат, эске алынат ж.б.
3. Нускаманын текстине мүнөздүү сүйлөмдөрдөгү боштуктарды туура толуктаңыз.
Мекемебизге тиешелүү __________________ жабдыктарды туура 
жана эффективдүү пайдалануу ____________ нускаманын 3-бөлүмүндө 
белгиленгендей, ар бир кызматкер өзүнө бекитилген техникалык жабдык үчүн 
_____________ ____.
Сынак алуу ___________________ жалпы эрежелер, бардык сынак алуу-
чуларга ____________________ тиешелүү.
4.«Нускама» деген сөздүн уңгусун таап, маанисин түшүндүрүп бериңиз.


123
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Окуйлу
1. Нускаманын текстин окуп, жаңы сөз жана сөз айкаштарын бөлүп жазабыз.
Чүй областынын 
Автобазанын
Кара-Балта шаарынын 
2010-жылдын 3-мартында
жүргүнчүлөрдү ташуучу
өткөрүлгөн жалпы чогулушунда
№ 31 автобазасы 
№ 5 токтому менен
БЕКИТИЛДИ
№ 31 автобазанын 
автоунааларын пайдалануу жөнүндө
НУСКАМА
Автобазага тийиштүү автоунааларды үнөмдүү жана эффективдүү пайдалануу 
максатында төмөнкү иш-чаралар толук аткарылууга тийиш:
1. Автобазанын диспетчери жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын жолдомо-
сун иш күнү башталардан мурда ар бир машинага өзүнчө жазып, ар бир айдоо- 
чуга каттоо журналына кол койдуруп тапшырат.
2. Жолдомону бир адам башкага берип, ордуна жөнөтүүгө болбойт.
3. Майлоочу жана күйүүчү майлар автобазанын бухгалтери тарабынан норма 
боюнча бөлүнгөн лимитке ылайыктуу бөлүнөт.
4. Иш күнүнүн аягында жолдомо диспетчерге өткөрүлөт. Кайсы бир себептер-
ге байланыштуу сарпталбай калган күйүүчү май болсо, же тескерисинче, өз 
чөнтөгүнөн май куюуга туура келсе, жолдомого жазылышы керек.
5. Ар бир айдагы каттамдын саны эсептелинип, журналга жазылат жана ошого 
ылайык эмгек акы төлөнөт.
6. Айдоочулар ишкана мүчөлөрүнүн чарба жумуштарын аткарса, ал маалымат-
ты да журналга каттатуу керек.
7. Айдын акыркы күнү диспетчер жолдомолорду жана каттоо журналындагы 
маалыматтарды ишкананын бухгалтерине тапшырат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   104   105   106   107   108   109   110   111   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет