Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Жогоруда берилген көнүгүүнү 2-3-жакта жазып чыгыңыз



Pdf көрінісі
бет11/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   183
4. Жогоруда берилген көнүгүүнү 2-3-жакта жазып чыгыңыз.
Үлгү: орто мектепти…………………….. / орто мектепти бүтүрдүң
орто мектепти…………………….. / орто мектепти бүтүрдү
 Окуйлу
1. Энчилүү аттардын жазылышына көңүл буруңуз. Окуу жөндөмүңүздү текшериңиз.
Өмүр баян 
Мен, Акылбек кызы Жаңыл, 1973-жылы 2-январда Ысык-Көл облас- 
тынын Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында төрөлгөм. 
1980-жылы Саруу айылындагы С. Сыдыков атындагы орто мектептин 
1-классына кабыл алындым жана аны 1991-жылы аяктадым. 
1991-жылы КМУУнун экономика жана башкаруу факультетинин фи-
нансы жана кредит бөлүмүнө кабыл алынып, 1995-жылы университетти ар-
тыкчылык диплому менен бүтүрдүм. 
1990-1995-жылдары «Учкун» акционердик коммерциялык банкына адис 
катары кабыл алынып, 2005-жылы конкурстук негизде «АТФ-Банктын» кре-
диттик бөлүмүнө башкы адис катары кабыл алындым.
Учурда ушул банктын кредит жана аудит бөлүмүнүн башчысы болуп 
иштеп жатам. 
Үй-бүлөлүүмүн. Бир уул, бир кызым бар. Жолдошум Жумалиев Эрмек 
«Шоро» жабык типтеги АКында экономист болуп иштейт. 
Дарегим:
Бишкек шаары 
03.06.2010
Тунгуч кичи району 
20-үй, батир № 52.
Колу /..............................
Тел.: 44-83-61 
Уюл. тел.: 0552 550057
Акылбек кызы Жаңыл


15
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
2. Тексттеги сөз жана сөз айкаштарын эстеп калыңыз. 
төрөл- // туул-
конкурстук негиз
кабыл алын- // кир-
үй-бүлөлүү
аякта- // бүтүр-
......... районуна (областына) караштуу
3. Жогоруда берилген сөз жана сөз айкаштарын пайдаланып, оозеки түрдө чакан текст түзүңүз. 
 Жазуу эрежелери
Адам аттарынын жазылышы
1. Адамдын бир сөздөн турган ысымы, аты-жөнү, жашыруун аты баш тамга 
менен жазылат: Ажар, Улан, Кыял, Таалай, А. Токомбаев (Балка) ж. б.
2. Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары баш тамга менен башталып, 
айтылышы боюнча бирге жазылат: Турдумамбет, Эсенгелди, Асылгүл, 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет