Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет139/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   135   136   137   138   139   140   141   142   ...   183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Экономисттин, геологдун, архитектор, суу инженери жана сүрөтчүнүн 
отчётторунда кандай маалыматтар камтылышы мүмкүн. Ар бирине 
токтолуп, кыскача баяндаңыз.
 Окуйлу
1. Окуп, отчёттун кайсы түрү экендигин аныктаңыз.
2. Отчёттун кайсы түрүндө эмне жөнүндө сөз болот? Болжолдуу жоопторду издейбиз.
Бишкек шаардык № 3 
китепкананын балдар адабияты
бөлүмүнүн 2011-жылга 
пландаштырылган иштеринин
аткарылышы жөнүндө
О Т Ч Ё Т
Биздин фонддо 1000ге жакын автордун калемине таандык, 8 миңден ашык 
балдар үчүн жазылган ар түрдүү жанрдагы китептер бар. Фонд жаңы чыккан 
китептер менен толукталды. Анын ичинде балдар адабияты боюнча котормолор да 
бар. Жаңы алынган китептердин тизмеси тиркемеде берилди.
Жылдык планыбызда каралган иш-чаралар өз убагында өткөрүлдү. Балдар 
жазуучулары менен жолугушуулар уюштурулуп, белгиленген темада талкуулар 
болуп өттү. Бардык жолугушуулардын программасы отчётко тиркелди.
Бардыгы болуп жыл ичинде 5 миңге жакын окурманга сапаттуу кызмат көр-
сөтүлдү.
Китепканачыларыбыз пландаштырылган иш-чараларды ишке ашырууга жооп-
керчиликтүү мамиле кылышып, жогорку уюшкандыкты көрсөтүштү.
Кээ бир кызматкерлерибиздин жылдык жыйынтык чыгарууда моралдык жана 
материалдык сыйлыктарга көрсөтүлүшүн жетекчиликтен сураймын.
Тиркемелер:
1. Балдар адабияты бөлүмүнө жаңы алынган китептердин тизмеси;
2. Уюштурулган иш-чаралардын тизмеси жана программалары.
Бөлүмдүн башчысы
А. Жумалиева
25.12.2011


158
Калия Кулалиева
 Көнүгүүлөр
1. Мазмуну менен таанышып, отчёттун түрүн аныктаңыз.
2. Төмөнкү отчёттун түзүлүшү жогоруда келтирилген отчёттон кандай белгилери менен 
айырмаланарын аныктаңыз?


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   135   136   137   138   139   140   141   142   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет