Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет141/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   137   138   139   140   141   142   143   144   ...   183
 Пунктуация
Үтүр
1. Сүйлөмдөгү бир өңчөй мүчөлөрдүн араларына үтүр коюлат: Кубат, Айжан, 
Берметтер кечээ кетишти. Биз арыз, түшүнүк кат, маалым кат, келишим сыяктуу 
иш кагаздарын көп жазабыз. Аман, Жыпар, Асыл эже бир бөлүмдө иштешет.
2. Бир өңчөй мүчөлөр да, дагы, же, ары байламталары аркылуу байланышканда 
үтүрдүн коюлушу: Окутуучулар да, студенттер да, башка кызматкерлер да ал 
күнү жумушка келиши керек. Жумушка ары жоопкерчиликтүү, ары иш билген 
адамдарды алабыз. Биз же кире албай, же чыгып кете албай босогодо туруп 
калдык.
3. Үтүр баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдүн арасына коюлат: Кечээ ишим 
өтө көп болгондуктан, отчётту жазып бергенге үлгүргөн жокмун.
4. Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр байламталар аркылуу 
байланышат: Биз бул ишти 2 айлык мөөнөттө бүтүрө албайбыз, ошондуктан 
өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү туура баалап, мөөнөттү узарталы. Күн күркүрөп, 
жамгыр төктү. 
5. Сүйлөмдүн түшүндүрмө мүчөлөрү үтүр менен ажыратылат: Биз, төмөндө 
кол коюучулар, атайы түзүлгөн комиссиянын чечими менен макул эмеспиз. Алар, 
мектеп окуучулары, аз да болсо салымыбыз болсун деп, ырдап, бийлеп беришти.
6. Каратма сөздөр, киринди сөздөр жана сырдык сөздөр үтүр аркылуу ажыра-
тып жазылат: Темир, балким, Турат азыр келип калар. Бактыгүл, макулдук берүү 
катын жаздыңбы? Балким, жакшы болгончо ишке келбегениңиз дурус болор. Ох, 
чарчадык, бир аз эс алалы! Баракелде, Атай! Аттиң-ай, ошондо тим койсок болмок 
экен.


160
Калия Кулалиева
1. Зарылчылыгына карап, үтүр белгисин коюп чыгыңыз.
Бул келишим эки нускада түзүлүп биринчи нускасы администрацияда 
экинчиси кызматкерде сакталат.
Мен Артур Романов 1995-жылы 25-мартта Кызыл-Кыя шаарында туул-
ганмын.
Биринчиден сиз ал кишини тааныбайт экенсиз экинчиден мен сизди би-
ринчи ирет көрүп отурам.
Өздүк ишти пайдаланууда иш кагаздарындагы жазууларды оңдоого ко-
шумча маалымат киргизүүгө иш кагаздарды алып же кошууга тыюу салынат.
Айылдагылар дагы шаардагылар дагы чакырылды.
Жыйналышты эртеңкиге койсок кантет Канат Оморович?
Мен Темирбаева Жазгүл Чолпонбаев Таалайды 1986-жылдан бери биле-
мин.
Баары эле жүрөт бирок Памирбек жок.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   137   138   139   140   141   142   143   144   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет