Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет137/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   133   134   135   136   137   138   139   140   ...   183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Эскертүү!
Жалпы өткөн чакты да, атоочтукту да -ган мүчөсү уюштурат, бирок 
салыштырып, айырмалай билиңиз.
Ал жакшы иштеген кызматкер. (Атоочтук) Ал кандай кызматкер?
Ал кызматкер жакшы иштеген. (Жалпы өткөн чак) Ал эмне кылган?
4. Мисалдарды келтириңиз.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Ишеним каттын мазмунун айтып бериңиз. 
2-кѳнүгүү. Ишеним катты жазыңыз.
 Сүйлөшөлү
Сиз бир фирманын жетекчиси болуп иштейсиз. Чет өлкөгө 2 айлык иш сапарга кеткен жатасыз. 
Ордуңузга кимди, кандай кызматкерди дайындайсыз? Юрист консультант менен кеңешиңиз. 
Кандай мазмундагы ишеним кат жазылышы керек?
1-жак. Адамдар ишеним катты көбүнчө туугандарына жазып берип, анан анын 
азабын көп тартышат. Туугандар убактылуу берилген менчикти өздөрүнүкү 
кылып алгысы келет. Мен мүлккө карата ишеним катты иштин көзүн билген, 
ишеничтүү досторума же кесиптешиме жазып берер элем.
2-жак. Жок, мен андай кылбайм. Үй-бүлөлүк маселелерге башкалардын ара-
лашпаганы дурус. 
 Жазалы
1. Сиз Бишкекте жашайсыз.Туулган кичи мекениңизде сиздин 2 гектар айдоо жериңиз бар. 
Жериңизге байланыштуу жакын туугандарыңыздын бирине ишеним кат жазып бериңиз.
2. Ыр саптарынын маанисин чечмелеңиз:
Ырыс алды – ынтымак,
Өлмөйүнчө кол кармаш!
Билими бар азамат,
Бир-бириңе жардамдаш.
Билинбей жүрүп бир күнү
Мүдүрүлөт алтын баш...
Өнөрүң болсо, өргө чап,
Кор кылбай, асыл жанды бак.
Эрдин көркү – эл менен, 
Эмгегиң менен элге жак!
(Токтогул)


156
Калия Кулалиева
ОТЧЁТ
Пландаштырылган иштердин, берилген тапшырмалардын аткарылышы, 
кызматка жана илимий изилдөөгө байланыштуу иш сапарлардын жыйынтыгы 
тууралуу иш кагазы отчёт болот. 
Отчёт кызматкер же жооптуу комиссиянын төрагасы (мүчөлөрү) тара-
бынан жетекчинин наамына жазылат. Отчётто аткарылуучу иш, аны аткарууда 
эмнелерге көңүл бурулганы, эмнелер аткарылбай калганы, кандай кемчиликтерге 
жол берилгени, эгер иш аткарылбай калса, аткарылбай калышынын себептери, 
кемчиликтерди жоюунун жолдору сунушталат.
Мазмуну боюнча отчёт мезгилдүү иштер, иш сапары жана атайын тапшырма 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   133   134   135   136   137   138   139   140   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет