Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Грамматика Багыныңкы татаал сүйлөм



Pdf көрінісі
бет174/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   170   171   172   173   174   175   176   177   ...   183
 Грамматика
Багыныңкы татаал сүйлөм
Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири экинчиси менен синтаксистик 
түзүлүшү жана мааниси жагынан багыныңкы абалда байланышып турса, 
багыныңкы татаал сүйлөм деп аталат. 
Багыныңкы татаал сүйлөм баш сүйлөмдөн жана багыныңкы сүйлөмдөн түзүлөт. 
Негизги ойду билдирген сүйлөм – баш сүйлөм, негизги сүйлөмдөгү ойду түрдүү 
жагынан айкындап турган сүйлөм – багыныңкы сүйлөм деп аталат. 


195
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Багыныңкы сүйлөмдүн түрлөрү:
1. Мезгил багыныңкы сүйлөм: Иш сапардан келгиче, бул маселени карабай 
эле койгула.
2. Орун багыныңкы сүйлөм: Жетекчиси кайда болсо, ал да ошондо жүрөт.
3. Максат багыныңкы сүйлөм: Булгап албаш үчүн, илип коюш керек.
4. Себеп багыныңкы сүйлөм: Сынактан өтпөгөндүктөн, маанайы пас 
отурат.
5. Сыпат багыныңкы сүйлөм: Эми уккансып, жалдырап калды го.
6. Карама-каршы багыныңкы сүйлөм: Ал жерге барган менен, иш бүтпөйт.
7. Салыштырма багыныңкы сүйлөм: Тилди сен кандай билсең, ал да ошондой 
билет.
8. Шарттуу багыныңкы сүйлөм: Эгерде бул жумада бүтпөсөк, баарыбыз 
уят болуп калабыз.
9. Сан-өлчөм багыныңкы сүйлөм: Ал канчалык иштесе, ошончолук 
эмгекчилдиги артат.
Татаал сүйлөмдүн багынычсыз жана багыныңкы түрүнөн башка көп 
багыныңкылуу жана аралаш деген түрлөрү бар.
1. Багыныңкы татаал сүйлөмдүн түрүн аныктаңыз.
Олимпиадада коло медалына татыктуу болгон спортчунун кубанычы 
койнуна батпай, машыктыруучусуна ыраазычылыгын кайра-кайра билдирип 
жатты.
Жыйындын салтанаттуу бөлүмү аяктаганча, барып калышыбыз керек.
Бул мыйзам экинчи окуудан кийин кабыл алынса деп, баарыбыз күтүп 
жатабыз.
Шамал болбой, чөптүн башы кыймылдабайт.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   170   171   172   173   174   175   176   177   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет