Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет170/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   166   167   168   169   170   171   172   173   ...   183
Калия Кулалиева
3. Кашаа менен тырмакчаны туура коюңуздар.
Биринчи гезит качан пайда болгон?
Байыркы убакта ар түрдүү маалыматтар оозеки таратылып же аларды 
саякатчылар айтып келип турушкан. Кийинчерээк жаңылыктар, маалыматтар 
жазылып, атайын тактага илинип турчу. 
Алгачкы гезит 1300 жыл мурун Байыркы Кытайда пайда болгон. Кытай өкмөтү
Тчинь пао Борбор жаңылыктары аттуу гезит чыгарган. Байыркы Рим өкмөтү Акте 
Диурна Күндүн окуялары деген гезит чыгарып, аны акысыз тараткан. 
XVI кылымда гезит сатыкка чыгарыла баштаган. Венеция өкмөтү Нотициэ 
Скриттэ Жазылган жаңылыктар аттуу гезит чыгарып, анын бир даанасы бир гассетта 
болгон гассетта Венециядагы акча бирдиги. Эң төмөнкү акча бирдиги бир гассетта 
болгондуктан жана ага бир гезит келгендиктен гезитти гассетта деп атап алышкан. 
Ошондон бери гезиттин газета деген аты калган. XVII кылымда гезиттер туруктуу 
чыга баштап, маалыматты гана эмес комментарийлерди да жарыялап турган. 1663-
жылы мындай гезит Лондондо чыгарылып, ал Баяндамачы деп аталган. Көпчүлүк 
гезиттер жумасына бир жолу чыгарылган. 
Америкада чыккан биринчи гезит 1690-жылы Бостондо Коомдук окуялар деген 
ат менен жарык көргөн. 1729-1765-жылы Бенджамин Франклин Пенсильвания 
гезитинин чыгарылышын жетектеген. Лондондун Таймс газетасы 1785-жылдан 
бери ушу күнгө чейин үзгүлтүксүз чыгарылып келет. 
 Грамматика
Каалоо-тилек ыңгай
Кыймыл-аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон каалоону, тилекти 
билдирген этиш сөздөр каалоо-тилек ыңгай деп аталат. Төмөнкү мүчөлөр аркылуу 
уюшулат: -айын, -йын барайын, санайын
-алы(к), -йлы(к) 
баралы(к), санайлы(к)
-гы кел  -гы жок 
баргым келет  баргым жок
-гай эле, -са экен 
баргай эле, санаса экен
1. Каалоо-тилек ыңгайдын мүчөлөрүн улаңыз.
Ушул жыл тезирээк өт……. ……………………….. .
Баткенди көрүп кел………… дедим эле.
Биз жайлоого бар………………. .
Ала-Арчага барып эс ал…………. …………….. .
Жолугушууга жакшылап даярдан……… …………………. .
Мыйзамдын долбоору бир окуудан кийин кабыл алын…… …………. .


191


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   166   167   168   169   170   171   172   173   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет