Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет39/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Жазалы 
1. Кечээ эмне кылдыңыз же эмне кылган жоксуз? Жазыңыз.
2. Бирге иштеген кесиптешиңизге мүнөздөмө жазыңыз.
3. Эмгек жолуңуздагы маанилүү даталарды, окуяларды, иштеген жериңиздин атын жазып 
жаныңыздагы кесиптешиңизге (угуучуга) бериңиз. Ошол маалымат боюнча ал мүнөздөмөнүн 
текстин түзүшү керек. Сиз башка кесиптешиңиздин (угуучунун) жазган маалыматына таянып, 
мүнөздөмөнүн башка бир текстин түзүңүз.
 Грамматика
Ат атооч
Затты же алардын белгилерин атабай, аларды жалпылап көрсөтүүчү сөздөр ат 
атооч деп аталат. 
Ат атоочтор берген маанилерине карата алтыга бөлүнөт:
1. Жактама ат атооч: мен, сен (сиз), ал; биз, силер (сиздер), алар
2. Шилтеме ат атооч: бу(л), тиги(л), тетиги(л), тээтетиги(л), мына ушул ж.б.
3. Сурама ат атооч: ким? эмне? кайсы? качан? кайда? канча? кана? ж.б.
4. Тангыч ат атооч: эч ким, эч нерсе, эч бир, эч качан, эч кандай, эч убакта ж.б.
5. Аныктама ат атооч: бүткүл, бардык, баары, ар ким, ар бир, ар качан, ар 
кайсы, өз ж.б.
6. Белгисиз ат атооч: кимдир бирөө, алда кандай, алда эмне, алда ким, бир 
нерсе, кээ бир, кандайдыр бир ж.б.
1. Берилген ат атоочторду жөндөмө боюнча өзгөртүп жазыңыз.
Атооч: бул
канча
эч ким
ар нерсе 
бир канча
Илик:
Барыш:
Табыш:
Жатыш:
Чыгыш:
2. Боштуктарга ат атооч сөздөрдү туура келген формада толуктап жазыңыз.
1. Калия Дыйкановна, …………………. башчы чакырып жатат.
2. ……………. мүнөздөмөсү бар бекен?
3. Керектүү документтердин …………………. тиркелди.
4. Бул кабар иштегендердин ………………….. айтылды.
5. ……………… бар бир кыял, ал кыялды …………. тыяр. 
6. Китептин …………………. архивге алып кетишти.
7. Бул жердегилерден ………………….. тааныбайсыңбы?
8. ……………. эмне болгон?


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет