Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет41/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   ...   183
 Сүйлөшөлү
1-кырдаал. Айжан менен Бактыгүл сүйлөшөт. Алар мамлекеттик кызматта 
көптөн бери бирге иштешет. Жакында алар иштеген бөлүмгө жаңы башчы 
дайындалды. Жаңы жетекчи Айжанга аябай жакты, бирок Бактыгүлгө анча жаккан 
жок.
Кимиси өз пикирин кандайча далилдей турганына кулак төшөйбүз.
2-кырдаал. Айбек менен Жамийла сүйлөшөт. Аларга жетекчилик тарабынан 
«Нооруз» майрамын өткөрүү жоопкерчилиги жүктөлдү.
Майрамды кандайча өткөрүп, кайсы милдетти кимиси ала тургандыгы 
тууралуу маектерине күбө болобуз.


47
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
КЕЛИШИМ
Эки же андан көп тараптын тигил же бул маселе (экономикалык, укуктук 
ж.б) боюнча өз ара мамилелерин жөнгө салуучу укуктук документ. Келишим
жарандардын ортосунда, жаран менен уюмдардын ортосунда, мекеме, уюм менен 
башка мекеме, уюмдардын ортосунда түзүлүшү мүмкүн.
Келишим түзүүнүн жалпы жоболору КРнын Граждандык, Эмгек жана Админис- 
тративдик кодекстери, КРнын Өкмөтүнүн, министрликтердин, уюмдардын кели-
шимдер боюнча чыгарган жоболору аркылуу жөнгө салынат. 
Укуктук багыты боюнча келишим болжолдуу (предварительный) жана анык 
(окончательный) болуп бөлүнөт. 
Келишим түзгөн тараптардын укук жана милдеттеринин бөлүнүшүнө карай:
1. Бир тараптуу
2. Эки тараптуу
(Биринде укук гана болот. 
(Эки тараптын тең укук жана 
Экинчисинде милдет гана болот.) 
милдеттери болот.)
болуп бөлүнөт.
Эмгек кодексине ылайык эмгек келишим бир жолку аткарылуучу ишке, бир 
жылга, беш жылга түзүлүшү мүмкүн.
Иштин мүнөзүнө карай келишим ар түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы: ижара 
келишими, кызмат көрсөтүү келишими, жеткирип берүү келишими, эмгек келишими 
ж.б.
Ошондой эле мамлекеттер, дүйнөлүк уюмдар ортосундагы эл аралык келишим-
дер болот. Аларда расмийлүүлүктүн белгилери басымдуулук кылат жана ал канча 
тараптуу болсо, ошончо тилге которулуп, бардыгы бирдей күчкө ээ болот.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет