Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет58/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   54   55   56   57   58   59   60   61   ...   183
жазылат. Мисал келтириңиз.
2. Жашаган турак жайга байланыштуу кандай мазмундагы кулактандырууларды кезиктирүүгө 
болот.
3. Ыр саптарынын маанисин чечмелеп бериңиз:
Калкка беги калыс ченем түзбөсө,
Баш-көзү жок соргоктору жей берсе,
Калк өрттөнүп, анда эли бузулат,
Түбү бошоп, бектик сөзсүз жыгылат.
(Жусуп Баласагын)


65
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
БУЙРУК
Буйрук башкаруу практикасында көп пайдаланылган буйрукчул документ 
болуп саналат. Буйрук башкы маселелерге байланыштуу мисалы: мекеме, уюм, 
ишканалардын ички маселелери боюнча, мекеменин же анын ички түзүмдөрүн 
өзгөртүү, жоюу же кайра түзүү маселелери боюнча, нускама, жобо, эрежелерди ж.б. 
бекитүү маселелери боюнча, ошондой эле кадрлар маселеси (кабыл алуу, которуу, 
бошотуу ж.б.) боюнча чыгарылат. Буйрукта жогортон келген, жетекчилер тара-
бынан чыгарылган жана аткарууга милдеттүү болгон ар түрдүү көрсөтмөлөр, иш-
чаралар боюнча маалымат тийиштүү же жооптуу кызматкерлерге жеткирилет.
Буйруктарды үч топко бөлүштүрүп кароого болот:
1. Уюштуруу (административдик-чарбалык) маселелери боюнча буйрук 
мекеме, уюм, ишкананын түзүлүшү, жоюлушу, кайра түзүлүүсү, жамаат-
тык кеңеш, комитеттерди түзүүдө, башкаруу, уюштуруу түзүмдѳрүн бекит-
кенде ж.б. учурларда чыгарылат.
2. Негизги (өндүрүштүк) ишмердүүлүк боюнча буйрук уюмдун ишмерди-
гин каржылоо тартибин камсыздоо, эффективдүү иш үчүн материал
жабдык менен камсыздоо, илимий-техникалык саясатты жүргүзүүгө, 
сапаттуу продукция өндүрүүгө ж.б. багытталган маселелер боюнча чы-
гарылат.
3. Өздүк курам (кадр) боюнча буйрук кызматкерлердин иштен кетүүсү, ка-
был алынуусу, бир орундан экинчи орунга жылуусу, эмгек өргүүсүнө кетүү, 
келүү, сыйлаганда же кайсы бир орунсуз жоругуна баа берилгенде ж.б. жаг-
дайларга карата чыгарылат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   54   55   56   57   58   59   60   61   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет