Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет61/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   57   58   59   60   61   62   63   64   ...   183
Калия Кулалиева
 Грамматика
Этиштин ыңгайлары
Сүйлөөчү адамдын кыймыл-аракетке карата болгон мамилесин билдирген 
этиштин формасы ыңгай деп аталат.
Этиштин ыңгайлары бешке бөлүнөт:
1. Буйрук ыңгай
3. Каалоо-тилек ыңгай 
5. Баяндагыч ыңгай
2. Шарттуу ыңгай 
4. Максат-ниет ыңгай
Буйрук ыңгай
Сүйлөп жаткан адамдын кыймыл-аракетти аткаруу үчүн үч жактын бирине 
берген буйругун, сунушун, өтүнүчүн билдирген этиш сөздөр буйрук ыңгай деп 
аталат.
Буйрук ыңгайдын жасалыш жолдору:
1. Уңгу этиштер буйрук ыңгайды уюштурат: бар, сүйлө, айт, жаз ж.б.
2. Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалган этиштер 
буйрук ыңгайды уюштурат: ойно, жазыш, жардамдаш, сана, иште ж.б.
3. -сын, -гын, -гыла, -ыңыз, -ыңыздар, -алы, -алык сыяктуу мүчөлөрдүн жардамы 
менен да түзүлөт: баргын, иштегиле, бошотулсун, кетелик, жөнөйлү ж.б.
Булардын ичинен буйрукту жазууда буйрук ыңгайды уюштуруучу -сын мүчөсү 
көп пайдаланылат.
Мисалы буйруктун тексттеринен төмөнкүдөй этиштерди көп жолуктурабыз: 
дайындалсын, бошотулсун, которулсун, берилсин, жүктөлсүн, аткарылсын, 
көзөмөлгө алынсын, чакырылсын, жиберилсин, кат жазылсын, өткөрүлсүн, 
жарыялансын, илинсин, жайылтылсын ж.б.
1. Жогоруда келтирилген этиш сөздөрдү катыштырып 5 сүйлөм түзүңүз.
2. Сүйлөмдөрдөгү боштуктарга ылайык келген буйрук ыңгайдагы этиштерди жазыңыз.
1. Алтынбек, кечээ күнкү документтердин көчүрмөсүн .................................... .
2. Кесиптештер, муну кайрадан ............................................................................ .
3. Чет өлкөлүк кыргыздарга моралдык жана материалдык колдоо ................... .
4. Жаш манасчылардын кароо-сынагы ................................................................ .
5. Кана, балам, башынан ....................................................................................... .
6. Шектүү жардамдан ............................................................................................ .
7. Иш сапардан кайтканча бул иштер ................................................................... .
8. Көрсөтмөлөрдү өз убагында .............................................................................. .


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   57   58   59   60   61   62   63   64   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет